Тажик өкмөтү намазкөйлөр көбөйүп жатканынан тынчсызданууда
Кабар: 13-декабрь күнү Тажикстандын борбору Душанбе шаарында жергиликтүү бийликтин жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана борбордогу мечиттердин имам-хатибдери катышуусунда жыйын болуп өттү.
Кабарда келишинче, ал жыйында жума намаз эле эмес, беш маал намазга да мечиттерге келип жаткан элдин саны көбөйүп бара жатышы талкууланып, бул көрүнүш расмий өкмөттү тынчсыздандырып жатканы айтылды. Жыйында имам-хатибдер бул жаатта кабыл алынган токтомдор менен тааныштырылды.
Токтомдо келишинче, мындан кийин бир да мечитте, ал тургай жараксыз абалга келип калган күндө да, оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү мүмкүн эмес. Шаардагы 140 мечиттин бир бөлүгү ишмердүүлүктүн эрежесин бузуу шылтоосу менен жабылышы мүмкүн. Мындан кийин мечитке сумка, пакет же ушул сыяктуу нерселер менен кирүүгө тыюу салынат. О.э. жыйында мечитке келгендердин үстүнөн көзөмөлдү, айрыкча, видеокамералар аркылуу күчөтүү жөнүндө токтом кабыл алынды. Мындан тышкары, бийлик өкүлдөрү бул жаатта режим тарабынан аткарылып жаткан бардык иш-чараларга карабастан, мечитке барууга умтулуп жаткан жаштар көбөйүп жатышына өзгөчө тынчсыздануу билдиришти.
Комментарий: Кудайсыз коммунисттердин тарбиясын алган Эмомали Рахмон башында турган тажик режими көптөгөн жылдардан бери Ислам жана мусулмандарга, исламий көрүнүш жана баалуулуктарга каршы колунан келген бардык ыкма жана каражаттарды ишке салуу менен күрөшүп келет.
Тажикстан президенти Эмомали Рахмон 2010-жылы Тажик улуттук универститетинин студенттери менен жолугушуу учурунда баш калаанын көчөлөрүндө хижаб кийген аялдар жана кыздарды көрүп жатканын о.э. буга жол берилбеши керектигин айткан болсо, 2015-жылы күз мезгилинде Куляб шаарынын кыздарын хижаб кийгендиги үчүн сындаган эле. Ошондон кийин мамлекетте хижаб кийген жана жоолук оронгон аялдарды атайын тизмеге алуу иштери башталган. Согди облусуна караштуу Хужанд шаарынын өзүндө эле жоолук оронгон 643 кыз-келин каттоого алынып, коомдук жайларда муслима аялдардын хижабда жүрүшүнө, эркектердин сакал коюшуна о.э. жаңы төрөлгөн балдарга исламий ат коюуга тыюу салынган.
Эмомали Рахмон 2017-жылдын 11-июлунда телеканалда сүйлөгөн сөзүндө хижаб жана кара түстөгү кийимдер улуттук каада-салттарга туура келбестигин, узун сакалдын динчилдик менен көп деле байланышы жоктугун дагы бир жолу баса белгилеген болчу. Тажикстандыктарды “Аллахты жүрөк менен сүйүүгө” чакырган Рахмон мусулмандарды такыбалыкты тышкы көрүнүш менен көрсөтүүнү токтотууга чакырган эле.
Рахмондун ошол сөзүнөн кийин Тажикстандын Хужанд шаарында хижабга каршы атайын топ түзүлдү. Үй-бүлө жана кыз-келиндер комитетинин алдында түзүлгөн ал топтун милдети кыз-келиндердин “чоочун сакафатка” ыктап кетишин алдын алуу экендиги белгиленди.
2018-жылы Тажикстан күч түзүмдөрүнүн демилгеси менен хижабдуу аялдардын министрликтер менен мекеме-ишканаларга киришине тыюу салынды о.э. тажик өкмөтү аялдардын кандай кийиниши жөнүндө “Тавсиялар” аттуу китепти чыгарды. Тажикстан маданият министрлиги тарабынан чыгарылган ал китепте 7 жаштан 70 жашка чейинки тажик аялдарына туура келе турган кийимдер сунушталды. Китепте “тажик аялдары эмнелерди кийбеши керек” деген бөлүмгө кеңири орун берилип, анда исламий кийимдер, кара түстөгү кийимдер, муслималардын хижабдары менен жоолуктары сунушталбай турган кийимдер катары көрсөтүлгөн.
Расмий өкмөт “чет мамлекеттерде мыйзамсыз диний билим алып жатышат” деген шылтоо менен 1500дөй студентти мамлекетке кайтарды. 2018-жылы өкмөттүн талаптарына “туура келбей турган” 22 имам хатиб “Ихванул Муслимин”,“Салафий” жана “Ислам мамлекети” уюмуна мүчө болгондукта айыпталып камакка алынышты…
Тажик өкмөтүнүн Ислам динине жана анын баалуулуктарына каршы күрөшүнө жана бул күрөштүн алкагында колдонуп жаткан жийиркеничтүү ыкмаларына карабастан, тажик коомунун, айрыкча жаштардын Ислам динине умтулуусу күчөп барууда. Жаштардын жума намазы менен эле чектелип калбай, беш маал намазды да жамаат менен окууга умтулушу диктатор режимди мындан да катуураак чараларды колдонууга мажбур кылууда. А бирок, Эмомали Рахмон жана анын жугундукорлорунун бул иштери да дүйнө жана акыретте өздөрүнүн гана зыянына болот, инша Аллах.
Аллах Таала айтат:
“Аллах Өз ишинде үстөмдүк кылуучу бирок, адамдардын көпчүлүгү (муну) билишпейт” [12:21].
Абдурахман Адилов