Электр энергиясына чектөөлөр киргизилди
Кабар: 23-ноябрда өлкөнүн бардык аймактарында электр энергиясына чектөө киргизилди. Бул тууралуу “Улуттук энергохолдинг” ишканасы билдирди. Мекеме тараткан маалыматта Токтогул суу сактагычындагы суунун болжолдуу өлчөмү эсептелгенден кийин ушундай чечим кабыл алынган.
Кабарда: “Апрель-октябрь айларында электр энергиясынын керектөө чеги 530 млн. кВт саатка же 10,4%га ашып кеткен. Белгиленген ченемдерди сактабоо Токтогул суу сактагычын электр энергия иштеп чыгара албай турган абалга жана аймактарга электр энергиясынын керектелишин чектөөгө алып келет”, – деп жазылган.
Кыргызстан өкмөтү энергетикалык кризисти жөнгө салуу үчүн Казакстандан, Өзбекстандан алмашуу жолу менен электр энергиясын алат, Түркмөнстандан да импорттойт. О.э. министрлер кабинети Россиядан электр энергиясын алуу боюнча сүйлөшүүлөр болуп жатканын билдирген.
Комментарий: Садыр Жапаров президенттикке талапкер катары эл менен жолугушуп жүргөндө электр энергиясына бааны түшүрүү жана 2021-жылдын жаз мезгилине барып 700 кВт сааттык чектөөнү алып салуу жөнүндө убада берген эле. А бирок, убада кылынган жаз мезгилине жеткенде Жапаров кыргыз энергетикасынын карызы 129 миллиард сомго жеткенин билдирип, жаңы тариф кабыл алууну сунуштады. Жапаров жаңы тариф боюнча тоолуу жана алыскы аймактар үчүн электр энергиясынын баасын 1 сом 04 тыйын, “жашоо шарты кудайга шүгүр болгон” үй-бүлөлөр үчүн 1 сом 48 тыйын кылып белгилөө менен 1000 кВт сааттык чектөө киргизүүнү, ал эми 1000 кВт сааттан ашыгына 2 сом 29 тыйын кылууну сунуштады. Бул болсо, бааларды түшүрүү эмес, тескерисинче көтөрүү болчу. Бирок, бул сунуш ишке ашпады. Ошондой болсо да кыргыз бийлиги 15-октябрдан баштап электр энергиясы үчүн жаңы тарифтерди кабыл алды. Жаңы кабыл алынган тарифтер азырынча ишканаларга гана таасирин тийгизет.
Энергия жана өнөр жай министрлигинин маалыматына ылайык, калк үчүн тариф 1 кВт саат үчүн 77 тыйын болду. 700 кВт сааттан ашыгына электр энергиясынын баасы 2 сом 16 тыйын боюнча калды. Ошону менен бирге, тоолуу жана алыскы аймактарда жашаган калк үчүн чектөө бекер кылынды, алар үчүн тариф 1 кВт саат үчүн 77 тыйын болду.
Насос станциялары үчүн тариф 1 кВт саат үчүн 1,09 сомду түзөт (салыктарсыз); Турак жайга кирбеген керектөөчүлөр үчүн тариф 2,52 сом саатты түзөт (салыктарсыз); алтын казган өнөр жай ишканалары (алтынды кайра иштетүү фабрикалары), алкоголдук ичимдиктерди өндүргөн ишканалар 5,04 сом төлөшөт (салыктарсыз); темир ширетүүчү цехтер үчүн тариф 3,78 сом түзөт (салыктарсыз); Цемент продукцияларын өндүргөн өнөр жай ишканалары үчүн 3,28 сомду түзө турган болду.
Сууктун келиши өкмөттүн кышка даярдыгы жоктугун ачыктап койду. Өкмөт Токтогул суу сактагычында суунун аздыгын шылтоолоп, бир фазалуу керектөөчүлөр үчүн 5 кВт, үч фазалуу керектөөчүлөр үчүн 10 кВт чектөө киргизди. Өкмөт ушуну менен эле чектелип калбады. 19-ноябрда Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунда жылыткычтарга мөөр басылганы туурасында кабарлар тарады. Башка облустарда электросеть кызматкерлери үймө-үй кыдырып электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга, светтин ордуна көмүр жана газды пайдаланууга чакырып, эгер керектөө көбөйүп кетсе жогорку чыңалууну көтөргөн “автоматтар” аз чыңалууну көтөргөн «автоматтарга» алмаштырыларын жана мөөр басыларын эскертип чыгышууда. Белгилүү болгондой, 2014-жылы “Кыргызгаз” Россиянын “Газпром” компаниясына 1 долларга сатылып кеткен. Өкмөт газдын баасына аралаша албайт. “Газпром” болсо элге газдын миң кубометрин 220 доллардан сатат. Мындай баа карапайым тургундар үчүн өтө оор, ошондуктан үйүн газ менен жылытуу бардыгынын эле колунан келе бербейт. Электр энергиясынын таңкыстыгы, бул тармактагы кызматкерлердин эскертүүсү жана газдын кымбаттыгы себептүү көмүргө талап өсүп кетти. Натыйжада көмүрдүн баасы да көтөрүлүп, кээ бир аймактарда тоннасы 10 миң сомго жетип калды…
Жапаров бул проблеманы жөнгө салуу үчүн калкка арзан баада т.а. тоннасы үч миң сомдон көмүр жеткирилип жатканын маалымдады. А бирок, арзан көмүр үчүн кезек күткөн адамдардын саны арбын. Себеби, бир районго 50 же 100 тонна көмүр эч нерсе болбостугу анык. Өкмөт болсо ушундай жол менен адамдарды парламенттик шайлоо өткөнчө алдап турууну көздөгөндөй. Шайлоо тынч өтүп, өкмөт бийлигин бекемдеп алгандан кийин арзан көмүр да, арзан свет да болбой калышы мүмкүн. Жалпак тил менен айтканда, “өз арабаңды өзүң тарт…”
Абдурахман Адилов