بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Талибан кыймылы эки тандоо алдында!
Устаз Сайфуллах Мустанир
Хизб-ут-Тахрир–Афганистан вилаятынын
маалымат бөлүмүнүн төрагасы
Талибандын Кабулга өкүмдар болгонуна эки ай болду. Кудум, согуштук майданда бат жүрүп, ийгиликтерге жетишкен машина элдин проблемаларын чечиши керек болгон бийликке келгенде өтө жай жүрүп жаткан көрүнөт.
Өткөн айда Талибан кыймылы убактылуу бийлик түзүлгөнүн маалымдап, аны «исламий амирлик» деп тааныштырды. Бул регионалдык жана эл аралык декларация жана резолюцияларга тескери келет. Бирок, азыркы учурга чейин эч бир мамлекет амирликтин кайра тикеленгени туурасында катъий позицияны карманган жок.
Талибан режиминин иши кадыресе абалга кайтпады. Себеби, экономикалык проблема күндөн-күнгө оорлошуп барууда. Банктар алдында кезек күткөн адамдар аптасына болгону 200 доллардан алууга уруксат берилгени, алар бул акчаларды кыйынчылыктар, тыгындар жана ур-түрткүлөрдөн кийин араң алып жатышканы эч кимге сыр эмес… Бул жаман экономикалык абалдан кабар берүүдө. Проблемалардын бир бөлүгү мурунку администрация калтырып кеткен проблемалар болсо да, бирок, Талибан бул проблеманы чечүү үчүн бир да механизмди дагы эле таба элек.
Анын үстүнө, Афганистанда убактылуу юстиция министрлигинин кызматын аткарган адам Кытай элчиси менен өткөрүлгөн жолугушууда мындай билдирүү берди: «Өткөөл доордо Афганистан Ислам Амирлиги мурунку жетекчи Мухаммад Захиршахтын конституциясын колдонот, андагы исламий шариятка жана Исламий Амирликке тескери пункттар алынып салынат».
Бирок, бул билдирүүнүн артынан афган калкы тарабынан үмүтсүздүк толкуну көрүндү. Чынында, Талибанды Захиршахтын конституциясын негиз катары кабыл алууга мажбур кылган дүйнөлүк басымды четке кагып болбойт. Бул чечим Талибандын ичиндеги жана сыртындагы каршылаштарды козгоп жиберди.
Шек-күмөнсүз, негиз катары Захиршахтын конституциясын кабыл алуу – убактылуу болсо да – өтө кооптуу болуп, ишеничсиздикке себеп болот. Бул конституция «Лоя Жирга» аркылуу элдин добушу менен тастыкталган илманий мыйзамдан башка нерсе эмес. Түпкүлүгүндө, бул мыйзам мыйзамдуулукту исламий шарияттан алуунун ордуна, элдин добушунан алып, исламий акыйданын ордуна, илманий идеологияга, динди турмуштан бөлүүгө негизделген.
Ушундай таризде, Талибан дагы да ийкемдүү экенин бүткүл дүйнөгө көрсөтүүгө урунууда. Алар токсонунчу жылдарда болгондой саясий жана экономикалык жактан обочолонуп калууну каалабай жатат. Ошондуктан, дүйнө менен достук жана конструктивдүү мамилелерди орнотууга аракет кылууда. Кабулдагы чет элдик элчилер жана дипломаттар менен болгон жолугушуу учурунда Талибан премьер-министринин биринчи орун басары Абдулганий Барадар: «Исламий Амирлик дүйнөнүн башка мамлекеттерине зыян жеткирүү саясатын алып барбайт, баары менен жакшы мамилелерди орнотууну каалайт», – деди. Ал чет мамлекеттерди Кабулда өз элчиликтерин ачууга чакырды. Тышкы иштер министри кызматын аткарган Амирхан Муттакий: «Биз мамлекет ичиндеги туура башкаруунун о.э. регион жана дүйнө менен орнотулган мамилелердин жаңы саясий барагын ачабыз», – деди. О.э. Талибан элчилерди алардын жана Афганистандагы башка чет элдик жарандардын коопсуздугун камсыздоого ишендирди.
Мындай ийкемдүү позиция – дагы эле эч бир мамлекет тааныбаган Талибан эл аралык таанууга жетишүү үчүн болгон күчүн жумшап жатканын жана музду жарып өтүүгө урунуп жатканын көрсөтүүдө. Түпкүлүгүндө, дүйнө Талибан менен эки тараптуу стандарттар оюнун баштаган. Т.а. алар Талибанды тааныбай жатат, бирок аны менен мамилелерди да бүтүндөй үзүшкөн жок, анын мыйзамдуулугун «де-факто» таанышууда. Учурда Афганистанда 12 мамлекеттин элчилери жана өкүлдөрү бар. Мындан тышкары, INSO уюму гуманитардык жардамдарды жеткирүүнү шылтоолоп бир нече аптада эле иш-аракетин кайра баштады. Айрым кошуна мамлекеттер экономикалык жана саясий кызыкчылыктардан улам, Талибан бийлигин таанышы ыктымалдан алыс эмес. Бирок, Европа мамлекеттери жана АКШ бул жаатта шашылбай жатат, жакын арада Талибанды таанышпайт. Бирок, алардын Кабул жана Дохадагы дипломатиялык өкүлдүктөрү Талибан менен өтө жакын кызматташууда.
Батыш мамлекеттери менен Афганистандын кошуна мамлекеттери Талибан бийлигин таануу шарты катары, аялдардын укугун, адам укуктарын жана инклюзивдик өкмөт түзүүнү талап кылып жатышат. Бирок, бул сахна оюнунун сырткы көрүнүшү. Түпкүлүгүндө, алар Талибандын саясий жана аскерий жеңишин улуттук чегаралар аркылуу чектөөгө урунуп жатышат. Муну менен Талибдерди Афганистандын сыртында ишке ашырыла турган аскерий аракеттерге кириштирбөөнү көздөшүүдө. Себеби, Талибандын көптөгөн аскерий жетекчилери буга даяр. Батышты тынчсызданткан дагы бир маселе – Афганистанда чет элдик согушкерлердин турганы. Алар регион мамлекеттерине жана Батышка коркунуч туудурушу мүмкүн. Талибан кыймылы мындай кабатырлануулар чындыкка дал келбешин кайра-кайра баса белгилеген болсо да, Батыш күмөн менен карап жатат. Бул болсо, келерки жылдарда Афганистанга Ал-Каида жана башка уюмдардын кайтышы мүмкүн экендиги туурасындагы ыктымалды күчөтүүдө.
Маанилүүсү, Талибан исламий кыймылы ушуну жакшылап билип алышы керек – дүйнө региондорунда ондогон исламий жамааттар аскерий күрөштө жеңиш менен чыгышкан. Бирок, саясат, башкаруу жана Исламды колдонуу маселесинде ийгиликке жете алышкан жок. Түзүмдү туура өзгөртүү үчүн ушул нерселер табылышы шарт:
- Түзүмдүн негиз жана иътикады Исламга курулат.
- Жетекчи бийликке адамдардан байъат жана ыраазылык алуу аркылуу келет.
- Жетекчи ички жана тышкы саясатта Исламды колдонот.
Эгер, ушул үч шарттын бири да жок болсо, исламий деп аталган ар кандай түзүм олуттуу суроолорду жаратары анык. Бул шарттар Батыштын талаптарына бүтүндөй тескери. Ушул себептен улам, алар мамлекеттердин таанусуна тоскоолдук болот.
Талибан коомдо исламий өзгөрүүнү баскычма-баскыч менен ишке ашырмакчы. Бирок, исламий шарият өкүмдөрүн баскычма-баскыч колдонуу Исламда жаиз эмес эсептелет. Мындан тышкары, Талибан Исламдын баскычма-баскыч колдонулушун кармануунун ордуна, Исламды сот иштеринде, экономикалык жана саясий маселелерде о.э. тышкы иштерде колдоно турган мүмкүнчүлүккө ээ.
Учурда, Талибан алдында эки тагдырий тандоонун бирин тандоо турат:
- Аллах Субханаху ва Тааланын ыраазылыгына жетүү үчүн Исламды колдонуу жана Исламды башка адамдарга жеткирүү аркылуу Ислам түзүмүн тикелөө.
- Адамдардын ыраазылыгын көздөп, мамлекеттердин моюн алуусуна жетүү үчүн күрөшүү аркылуу өзүн улуттук алкак менен чектөө.
Эгер, Талибан экинчи тандоону тандаса, бул нерсе аны аста-секин кыйроого алып барат. Расулуллах ﷺ айтат:
«مَنِ الْتَمَسَ رِضَاءَ اللَّهِ بِسَخَطِ النَّاسِ كَفَاهُ اللَّهُ مُؤْنَةَ النَّاسِ، وَمَنِ الْتَمَسَ رِضَاءَ النَّاسِ بِسَخَطِ اللَّهِ وَكَلَهُ اللَّهُ إِلَى النَّاسِ»
Кимде-ким адамдарды нааразы кылып, Аллахтын ыраазылыгын издесе, Аллах аны адамдардын жамандыгынан сактайт. Кимде-ким Аллахты нааразы кылып, адамдардын ыраазылыгын издесе, Аллах аны ушул адамдарга таштап коёт».
Роя гезити, №360, 2021-жыл, 13-октябрь.