Одилжон Жалиловдун депортация кылынышы анын өмүрүнө реалдуу коркунуч туудурат

269
0

 Басма сөз баянаты

Одилжон Жалиловдун депортация кылынышы анын өмүрүнө реалдуу коркунуч туудурат

2021-жылы 29-октябрь күнү кечинде Хизб-ут-Тахрирдин Швециядагы мүчөсү Одилжон Жалилов швед полициясы тарабынан камакка алынды. Учурда Одилжонду Өзбекстанга депортация кылуу үчүн даярдык көрүлүүдө.

Өзбекстан өз тарыхында саясий каршылаштарга, айрыкча, Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрүнөн болгон мусулман оппозицияга каршы репрессиячыл саясат жүргүзүп келгендиги менен белгилүү. Анткени, Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрү Өзбекстанда ондогон жылдар камак, репрессия жана кыйноолорду башынан өткөрүп келишти. Алардын айрымдары кыйноолордун натыйжасында ал тургай шейит болушту. Одилжондун үй-бүлөсүндөгүлөр баса белгилешинче, Өзбекстан милициясы анын үй-бүлөсү менен байланышып, Одилжон Жалилов тез арада Өзбекстанга кайтат деп айткан.

Боордошубуз Одилжон Жалиловдун депортация кылынып, залим өзбек режимине тапшырылышы анын өмүрүнө реалдуу коркунуч туудурат жана бул нерсеге Швеция өкмөтү жооптуу болот.

Хизб-ут-Тахрирдин Швециядагы маалымат бөлүмү

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here