Талибан менен Түркмөнстан ТАПИ долбоорун талкуулашты

625
0

Талибан менен Түркмөнстан ТАПИ долбоорун талкуулашты

Ооганстандын тоо-кен өнөр-жай министринин милдетин аткаруучу Мухаммад Иса Ахунд Кабулда Түркмөнстандан барган делегацияны кабыл алды. Бул тууралуу Талибандын Маалымат жана маданият министри Забиулла Муджахид билдирди.

Жолугушууда ТАПИ долбоорунун Ооганстандагы бөлүгүн ишке ашыруу маселеси талкууланды.

Түркмөнстандын газын Индияга жеткире турган бул долбоор Түркмөнстан-Ооганстан-Пакистан-Индия багыты аркылуу ишке ашырылмакчы. Газ куурдун узундугу 1814 чакырымга жетет. Долбоор 1990-жылы башталып, дүйнөдөгү экинчи ири запаска ээ Галкыныш газ кенинен Индиянын Фазилка шаарына жеткирүү максат кылынган. Аталган кенде газдын запасы 14 триллион м3га чейин жетет. Ал эми чалгындалган газ запасы боюнча Түркмөнстан дүйнөдө 4-орунда турат. Долбоор ишке ашса жылына 33 млрд м3 газ экспорттолмокчу. 2015-жылдын декабрь айында жанданган долбоор аяктоо алдында турат.

Буга чейин 1996-жылы да Талибан бийликте турган учурда долбоорду ишке ашыруу маселеси талкууланган. Бирок, кыймылдын бийликтен оодарылуусу натыйжасында сүйлөшүүлөр АКШ кол баласына айланган светтик өкмөт менен уланган. АКШ аталган долбоорду колдоо менен аймакты Орусия таасиринен тартып алууну да максат кылган. Анткени, Россия буга чейин Түркмөнстан газына алып-сатарлык кылчу. Эгер ТАПИ долбоору ишке ашса, Орусиянын алып-сатарлыгына муктаждык калбайт. О.э Түркмөнстандын газ тармагында АКШнын кызыкчылыгын камсыздаган компаниялар учурдагыдан да артыкчылыктарга ээ болушат. Мына ушундай байлыктар ач көз ири державалардын Орто Азияда таасир талашууларын арттырып баратат. Ооганстанда мындан ары туруктуулук ишке ашса жана Талибан АКШ баштаган эл аралык саясатка кошула турган болсо, Ооганстан Орто Азиядан келген мунай жана кен байлыктарга коридор болуп калмакчы. Башкача айтканда, Орто Азиянын миңдеген тонна алтын жана башка баалуу металдарын, чалкып жаткан газ жана мунай запастары Ооганстан аркылуу ташылмакчы. Буга кошумча Америка CASA-1000 долбоорун да ишке салууга аракет кылат. Долбоор ишке ашса Кыргызстан менен Тажикстандан экспорттолгон электр энергия Ооганстан жана Пакистандагы табигый байлыктарды казууга жана ташып кетүүгө колдонулат.

Жыйынтыктап айтканда Батыш колонизатор мамлекеттери Орто Азия мамлекеттеринин табигый байлыктарына таянуучу долбоорлорду иштеп чыгуу аркылуу алардан өнүмдүү пайдаланууда. Алар регионго карата кандай долбоор иштеп чыкпасын, баары бир булардын пайдасы Орто Азия калктарына да, Түштүк Азия калктарына да тийбеген жана тийбейт дагы. Орто Азия жана Түштүк Азия калктары болсо мурункудай, энергияга муктаж бойдон кала берет.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here