Суданда аскердик төңкөрүш жүз берди

357
0

Суданда аскердик төңкөрүш жүз берди

Суданда аскердик төңкөрүш ишке ашты. Бул тууралуу бир катар эл аралык маалымат каражаттары жазып чыкты. Маалыматка ылайык, башкаруудагы көз каранды эмес кеңеш жана убактылуу өкмөт таркатылды.

Маалымат министрлиги куралдуу күчтөр убактылуу бийликтин аскердик эмес мүчөлөрүн кармашканын “Фейсбуктагы” баракчасынан билдирген. Оппозициялык кыймыл калкты “аскердик төңкөрүшкө” каршы чыгууга үндөп жатат. “Ал-Арабия” телеканалынын маалыматына караганда, Хартумдун аэропорту жабылып, эл аралык каттамдар токтоду.

Буга чейинки төңкөрүш Суданда 2019-жылдын апрелинде болгон. Ошондо өлкөнү 30 жыл башкарган Омар Бешир кызматынан кетип, аскерлер бийлик аларга өткөнүн жарыялашкан. Андан кийин армия жана жарандык лидерлер бийликти бөлүштүрүү тууралуу макулдашышкан.

Белгилүү болгондой, Судандын Эгемен кеңешинин төрагасы, генерал Абдель Фаттах аль-Бурхан жакында башкаруучу кеңештеги бийликти аскердик эмес өкүлгө өткөрүп бермек.

Тилекке каршы мусулман жерлери колонизатор каапырлар өз кубаттарын сынай турган, кызыкчылыктар күрөшүн жүргүзө турган майданга айланып калды. Америкага таянган аскердик күчтөр бийликти Европага, айрыкча Англияга таянган күчтөрдөн тартып алууга аракет кылууда. 2019-жылы кабыл алынган конституциялык документке ылайык, бийлик ар кандай ыйгарым укуктарга ээ болгон жана карама-каршы турган эки командадан түзүлгөн. Алар өзүнө тиешелүү болгон багытка кызмат кылуу менен алек болушмак. Бирок, эки тарап тең сырткы күчтөр АКШ менен Британияга таянгандыктан, бири экинчисинин кадамын токтотуу үчүн аракет кылып келишкен.

Албетте, мындай кылмыштар үммөт үстүндөгү саткын акимдердин колу менен жасалууда! Залалаттан кутулуунун жолу болсо каапыр колонизаторлор менен бирге дал ушул саткын акимдерди кубалап чыгуу жана үммөттү бир калкан астында бириктирген Рошид Халифалыкты жарыялоо!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here