Электр жана жылуулук энергиясы үчүн тарифтер кымбаттады

204
0

Электр жана жылуулук энергиясы үчүн тарифтер кымбаттады

Кыргызстанда дээрлик бардык аткаминерлер оппозицияда жүргөн кезинде электр энергиясынын тарифин арзандатууну талап кылып, бул тармакты реформалоону ураан катары көтөрүп келишет. Бирок, бийликке келген соң, бирок бирөөсү  да электр энергиясынын өздүк наркын так айтпайт жана тарифтерди кымбаттатууга шашылат. Садыр Жапаров да президенттин жана премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп турган кезиндеги эл менен болгон жолугушууларда элдин негизги суранычы электр энергиясындагы чектөөлөрдү алып салуу жана бааларды түшүрүү болгон эле.

Бирок, мына эми энергетика жана өнөр-жай министрлиги Кыргызстанда 15-октябрдан тартып электр жана жылуулук энергиясы үчүн белгиленген тарифтер кымбаттаганын жарыялады.

Министрлер кабинети бекиткен тарифке ылайык, калк 700 кВт саатка чейинки электр жарыгы үчүн 77 тыйындан, андан ашса, 2 сом 16 тыйындан төлөйт. Бийик тоолуу жана шарты катаал аймактарда жашагандар керектөөнүн көлөмүнө карабай, 77 тыйындан төлөйт.

Ал эми, калкты таза суу менен жана айыл чарба жерлерин сугаруу үчүн суу менен камсыздоочу насостук станциялар жана скважиналар, ошондой эле канализациялык чарбалардын керектөөлөрү үчүн электр энергиясына тариф 1,09 сом/кВт. Электрдик транспорт, интернат тибиндеги балдар мекемелери, майыптар жана/же улгайган жарандар үчүн социалдык стационардык жана жарым стационардык мекемелер, ошондой эле диний уюмдар үчүн 1,68 сом/кВт. Калган бардык тиричиликтик эмес керектөөчүлөр (өнөр жай, айыл чарба, бюджеттик жана башка керектөөчүлөр) үчүн – 2,52 сом/кВт. Майнинг (криптовалюта) субъекттери, алтын кен өнөр жай ишканалары (алтын өндүрүүчү фабрикалар), алкоголдук продукцияларды өндүрүү боюнча ишканалар үчүн – 5,04 сом/кВт. Куючу, эритүүчү цехтер үчүн – 3,78 сом/кВт. Цемент заводдору үчүн – 3,28 сом/кВт (салыктарды эске албаганда).

Бүгүнкү күндө ГЭСтерден алынган электр энергиясынын өздүк баасы 16 тыйындан, ал эми ЖЭБдерде өндүрүлгөн энергиянын өздүк баасы болсо 3 сом 63 тыйындан эсептелет. Экөөнүн орточо баасы 70 тыйын деп белгиленген. Буга кошумча, техникалык жоготууларга 26 тыйын, кошумча нарк салыгы үчүн 11 тыйын кошушат. Ошентип, өкмөт электр энергиянын тарифин абадан алган цифралар менен эсептеп келет. Негизи, ГЭСтерде өндүрүлгөн электр энергиянын өздүк баасы 3 тыйындан 8 тыйынга чейин болушу мүмкүн. 2010-жылдары Алмазбек Атамбаев да электр энергиясынын өздүк баасы 8 тыйын экендигин айтып, 18 эсе кымбат сатылып жатканын билдирген эле.
Электрдин баасы көтөрүлүшүндө негизинен бөлүштүргүч компаниялардын салымы чоң. Ал эми бөлүштүргүч компаниялар электр энергиясын 35 тыйындан 42 тыйынга чейин сатып алат. Булардын ичинен мамлекеттик ишканалары “табийгый жоготуу” шылтоосу менен уруп калышат. Мындай жоготуу бир учурда 50%га чейин чыккан. Азыр болсо 22%дын айланасында экени айтылууда. Бул деле 3 миллиард кВт саат, тактап айтканда, бүтүндөй бир Күрпсай ГЭСинин иштеп чыккан энергиясы дайынсыз жоголот дегенди түшүндүрөт. Өлкөдө, бөлүштүрүүчү компаниялардан сырткары, аларга кардар болгон ортомчу компаниялар иш алып барат. Бул ортомчу жеке ишканалар деле элдин эсебинен марыган ишканалар болуп саналат. Алардын көпчүлүгү учурунда трансформаторлорду, ток өткөргүч линияларды текейден арзан менчиктеп алышкан. Алардын ар бири мурунку же кийинки энерго-чиновниктердин бирине караштуу.

Мындан тышкары, расмий өкмөт эл аралык каржы уюмдарынан карыз жана гранттарды алуу үчүн да электр энергиясынын баасын көтөрүп келет. Себеби, ал сүткор банктар өздөрү жаткырган каражат бир нече эсеге өсүп кайтышын кепилдөө үчүн карыз алуучу мамлекетке ар түрдүү – салыктарды көтөрүү, мамлекеттик чыгымдарды кыскартуу же электр энергияга болгон бааны көтөрүү сыяктуу – шарттарды коёт. Маселен, ушул жылдын башында тарифтердин кымбатташын колдогон Дүйнөлүк банк өлкөгө 20 миллион доллар бере турган болгон.

1992-жылдан ушул кезге чейин энерго-тармакка чет элдик кредиттер, ссудалар, гранттар жана жергиликтүү бюджеттен 2 млрд долларга жакын каражат жумшалган. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин тармак электр энергия дефицитинен чыга элек.

Мына ушундай чырмалган коррупциялык схемаларды жоюунун ордуна ар келген бийлик тарифти көтөрүү менен элдин жонунан кайыш тилүүнү эп көрүп келет. Натыйжада карапайым калк ичкеридеги жергиликтүү капиталисттер менен бирге капиталисттик уюмдардын зулумдугун чегип келет. Анткени, Кыргызстан сыяктуу жакыр өлкөлөр ички саясатта монополист, капиталист үй бүлөлөрдүн таасиринде болсо, тышкы саясатта капиталисттик системанын капкандары болгон эл аралык уюмдардын басымы астында күн кечирет.

Түпкүлүгүндө электр энергиясы жалпы элдик мүлк болуп, Исламда анын пайдасына мамлекет же жеке компаниялар ээ болуусу мүмкүн эмес. Анын өзүнүн пайдасы же андан түшкөн киреше ар бир жарандын өзүнө келип түшүүгө тийиш. Исламда электр энергиясы өздүк наркы менен гана элге жеткирилет. Ал эми чет өлкөлөргө сатылган энергиядан түшкөн пайда болсо элге бөлүштүрүп берилет. Мына ушул система гана калкка өз акысын берип, бакубат жашоосун камсыздай алат. Демек, калк капитализмден баш тартып, Исламды тикелөөгө аракет кылган жетекчилерди карай умтулууга мезгил келди.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here