2021-2026–жылдарга болжолдонгон концепция кабыл алынды
Кабар: Президент Садыр Жапаров “2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы жөнүндөгү” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин сайтында кабарланды.
Кабарда келишинче, жарлык элдин биримдигин, маданияттар аралык жана диндердин ортосундагы ынтымакты камсыз кылуу, мамлекеттик-конфессиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү, мамлекеттин светтик негиздерин чыңдоо жана “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын ишке ашыруу максатында чыгарылган.
Расмий маалыматтарга таянсак, Кыргызстанда 3348 диний уюм каттоодон өткөн. Башкача айтканда, 2930 исламий, 404 христиандык, 12 бахаий, 1 яхудий жана 1 буддисттик уюм бар.
Комментарий: Үстүбүздөгү жылдын 9-мартында Бишкек шаарында Кыргызстандын дин тармагындагы мамлекеттик саясаты боюнча кезектеги концепциянын долбоору талкууланган. Анда атайын жумушчу топ 2021-2026-жылдарга болжолдонгон концепция долбоору жана аны ишке ашыруу боюнча аракеттер планын карап, Кыргызстанда жарандардын диний радикалдашуусу көйгөйлүү маселе бойдон калып жатканын о.э. Кыргызстанга радикалдык диний агымдардын өкүлдөрү кирип келиши мамлекет менен конфессиялар ортосундагы мамиле жана конституциялык түзүм үчүн чоң коркунуч бойдон калып жатканын билдирген эле…
Алгач, 2014-жылы Атамбаевдин демилгеси жана Коргоо кеңешинин токтому менен диний тармак боюнча мамлекеттик саясаттын 2020-жылга чейинки убакытка болжолдонгон жаңы концепциясын иштеп чыгуу аракети башталган. Натыйжада, дин иштери боюнча мамлекет комиссия, ИИМ жана УКМКнын атайын бөлүмдөрү диний тзүлүштөрдүн ишмердүүлүгүн анализдөө, мыйзамдык документтерге кошумча жана өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды иштеп чыгышкан.
Алар жүргүзгөн анализдерден кийин Кыргызстанда Таблиг жамаатына тыюу салуу маселеси көтөрүлдү. А бирок, Кыргызстан мусулмандары бул маселеге олуттуу каршылык көрсөтүшү себептүү өкмөт ал ишти токтотууга мажбур болду.
2016-жылдын жай мезгилинде ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев “Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндөгү” мыйзамга кол койгон. Натыйжада акыйкатсыздык менен камалган мусулмандарды башка туткундардан ажыратуу, мусулмандар үчүн жабык түрдөгү абак куруу аракети башталды. Ал тургай,өздөрү кабыл алган мыйзамга ылайык абактагы адамдын жаза түрүн өзгөртүү соттун өкүмү менен болушу керек болсо да, мусулмандарды мыйзамсыз түрдө жабык түрдөгү абактарга өткөрүү башталды жана ал күрөш бүгүнкү күнгө чейин ушундай көрүнүштө уланып келе жатат.
Мусулмандардын күн өткөн сайын өз динине көбүрөөк умтулушу, нукура Исламды түшүнүүгө болгон аракеттери жана коомчулуктун исламдашып бара жатышы өкмөттүн тынчын алды. Ошол себептен улам дагы кайрадан мусулмандардын “радикалдашуусу” маселеси көтөрүлө баштады. Алардын назарында расмий өкмөттүн талаптарына туура келбей турган, Исламды өкмөт каалагандай эмес, шарият талап кылгандай карманган ар кандай мусулман радикал болуп эсептелет.
Өкмөт Ислам жана мусулмандарга каршы күрөшүн күчөтүп жатканы менен, коомдо бузукулук жана башаламандык пайда кылууга салым кошуп жаткан теңирчилер менен батышчыл күчтөр күчөп бара жатышын көрмөксөн болуп келет. Көрмөксөн болуп эле калбастан, алардын күчөшүнө шарт түзүп берүүдө. Мисалы, гендердик тең укуктуулук шылтоосу менен экс-президент Роза Отунбаева башчылыгында Бишкектеги музейде жылаңач аялдар катышкан көргөзмө уюштурулду. Жыл сайын “8-март” шылтоосу менен лесбиянка жана кумсалардын акцияларын уюштуруу адаттагы көрүнүшкө айланып калды.
Негизи, көпчүлүк мусулмандардан турган коомдогу пикир жана туйгуларга каршы иш алып барып жаткандар чыныгы башаламандык пайда кылуучулар болуп эсептелишет. А бирок, өкмөт аларга көңүл бурбайт, алардан кооптонбойт. Себеби, бузук түзүмгө бузукулар коркунуч туудурбайт.
Абдурахман Адилов