Кыргызстанга октябрь айында 419 миң вакцина келет

224
0

Кыргызстанга октябрь айында 419 миң вакцина келет

Кыргызстанга октябрь айында Pfizer (259 000 доза,) Sinopharm (110 000 доза) жана AstraZeneca (50 000 доза) вакциналары келери күтүлүп жатат. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова 4-октябрдагы брифингде билдирди.

Анын айтымында, 1-октябрда ЮНИСЕФтин колдоосу менен вакциналарды сактоого төрт атайын муздаткыч келди. 4-октябрга карата Кыргызстанда коронавируска каршы эмделген адамдардын жалпы саны 1 млн. 471 миң 696 адамды түздү. Анын ичинен 836 435 адам вакцинанын 1-дозасын, ал эми 629 миң 42 киши эки дозасын тең алды.

Буга чейин саламаттыкты сактоо министри Кыргызстанда коронавирус эпидемиясынын төртүнчү толкуну ноябрь-декабрь айларына туура келиши ыктымалдыгын билдирген. О.э. ал 4-октябрда коронавирустун нигериялык штаммынын коркунучу күчтүү болуп жатканын айтты. Ал эми президент Садыр Жапаров фейсбуктагы кайрылуусунда казынадан акча бөлүп, вакцина сатып алынганын, айрым өлкөлөрдө вакцинаны акчага эмдеп жатышканын билдирип, вакцина албагандарды кайдыгерликте айыптады.

Буга кошумча, Кытай Кыргызстанга өткөн аптада дагы 1 млн вакцина берүүнү убада кылды. Муну менен калкты массалык түрдө эмдөө жараяны күтүлүп жатат. А бирок, учурда дүйнө бойлоп жайылып жаткан вирус коронавирустун мутацияланган жаңы жугуштуу түрү экени анык. Демек, мутацияланган вирустар каршысында вакциналар таасирин жоготушу да толук мүмкүн. А түгүл, вакцинадан кийин каза болгон учурлар да катталууда.

Жыйынтыктап айтканда, капитализмдин табиятына ылайык, капиталисттер оорудан акча иштеп калуунун үстүндө баш катырууда. Алар коркууга түшүп калган калктарга вакцина жана башка дары дармектерди өткөрүү менен өздөрүнүн кирешелерин арттыруу үстүндө долбоорлорду иштеп жатат. Алардын пайдасынан жергиликтүү фарм компаниялар да үлүш алып калууга ашыгууда. Бийлик болсо пандемия коркунучун өз кызыкчылыктары жолунда пайдаланууда.

Демек, биз мусулмандар эл аралык уюмдардын, аларды колдонуп жаткан колонизатор капиталисттердин жана алардын кызыкчылыгы жолунда кызмат кылган бийликтин иш-аракеттерине сактык менен мамиле кылышыбыз шарт. Муну менен катар өз Исламыбызга жүздөнүп, анын өкүмдөрүн турмушка ашырууга шашылалы. Анткени, Исламдын Саламаттыкты сактоо тармагы пайданы эмес, ооруну дабалоону максат кылгандыктан, ар кандай пандемия же жугуштуу ооруларга каршы ийгиликтүү күрөшүп келген. Андыктан, биз үммөттү жана бүткүл адамзатты бүгүнкү күндүн балээлеринен Ислам мабдасын толугу менен жашоого алып келүү менен гана азат кыла алабыз!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here