Исламий жашоону кайрадан баштоонун шаръий тарыйкаты (4-бөлүк)

227
0

(«Исламий жашоону кайрадан баштоонун шаръий тарыйкаты» китебинен).

Исламий жашоону кайрадан баштоонун шаръий тарыйкаты (4-бөлүк).

Муракказ сакафат адамдын Роббисине, өзүнө жана башка адамдарга болгон мамилесин тартиптештире турган пикирлерден туруп, Ислам акыйдасынан келип чыккандыгы же ушул акыйдага курулгандыгы үчүн ушул сакафат дарс жараянында исламий акыйдага жана исламий жашоого байлап берилиши керек. Ал үчүн “дарс берүүчү” мушриф даристин пикирине хытаб кылуу менен биргеликте анын туйгуларына да хытаб кылып, ушул пикирдин мусулмандын акыйдасына о.э. анын дүйнө жана акыреттеги жашоосуна болгон байланышын баяндайт. Мына ошондо даристе Ислам акыйдасы дайындап берген өзүнүн хос дүйнөкарашынан келип чыккан туура пикирлерди жакшы көрүү жана аларга умтулуу туйгулары жанданат. Натыйжада, ушул пикирлерди канааттануу жана шыктануу менен ишке ашырууга умтулат. О.э. анда өзүнүн жашоо жөнүндөгү дүйнөкарашына тескери болгон, чалгытуучу пикирлерге карата жаман көрүү, алардан жүз үйрүү туйгулары аракетке келет. Натыйжада, дарис мындай чалгытуучу-маглута пикирлерге каршы күрөшүүгө, аларды четке кагууга о.э. аларды өзгөртүүгө умтулат. Мына ошону менен дарис ушул пикирдин тууралыгына канааттанат жана бул пикир анын алдында өзүнүн сулукун-жашоо образын, гарыйза жана узвий муктаждыктарын кандыруу жолун тартипке сала турган мафхумга-түшүнүккө айланат.

Дүйнөкарашка тиешелүү пикирий текстти таалим берип үйрөтүүдөн максат тексттин лугавий маанисин гана билип коюу эмес, тескерисинче текстти түшүнүп, аны өзүнө тиешелүү болгон вакиъге түшүрүү. Себеби, таалим алуучу дарис вакиъден – амал кылуу же таштоо орду болобу, айырмасыз – шаръан өзүнөн талап кылынган мавкифти (позицияны) ала билсин. Анткени, пикирлердин бул түрү таалим алуучунун сулукун Ислам өкүмдөрү менен тартиптештирүү максатында үйрөнүлөт. Ошондуктан, муракказ сакафат пикирий күчтүүлүгүн көрсөтүү үчүн  үйрөнүлбөйт. Тескерисинче, ал аклиясы да, нафсиясы да исламий болгон шахсияны пайда кылуу үчүн үйрөнүлөт.  Мына ушул шахсия өзүнүн бардык  иш-аракет жана сөздөрүндө Аллахтын ыраазылыгына жетүү үчүн умтулат.

Пикирий кабыл алуу муракказ сакафатты үйрөнүүнүн эң туура тарыйкаты болгондой эле, татыктуу услуб жана васиталарды колдонуунун да ушул тарыйкатты ийгиликтүү ишке ашырууда маанилүү ролу бар.

Мындай услуб жана васиталар бир нече түрдүү болуп, алар шарттар, шахстар жана жайларга карай өзгөрүп турат. “Дарс берүүчү” мушриф маектешүү, талкуулашуу, баяндап берүү о.э. мисалдарды келтирүү сыяктуу кеңири масштабдуу услуб жана тактикаларга ээ болушу керек. Ошондо ал муракказ сакафаттан көздөлгөн максат, шахсиясы да, нафсиясы да исламий болгон шахсияны пайда кылуу үчүн ушул услубдардан темага жана дариске ылайыктуу болгон услубду тандап алат же дагы башка бир услубду ойлоп табат.

Ал эми бейиш, тозок жана башка ушул сыяктуу адам бул дүйнөдө беш хис кылуу (сезүү) органынын бири менен хис кылышы мүмкүн болбогон гоиб нерселер жөнүндө хиссияттар менен идирек кылуу жолу аркылуу пикир жүргүзүлбөйт. Алар жөнүндө Куръани Карим жана мутаватир Хадисте кандай  якийн-анык кабар берилген болсо, алар жөнүндө ушул тараптан гана пикир жүргүзүлөт.

Демек, ушул маанилүү бир милдетке киришкен даъват жеткирүүчүлөр исламий акыйда пикирлерин өткөн кылымдарда жахалат же чалгытуу себептүү жабышып калган ар түрдүү кеселдерден тазалашы о.э. ушул акыйда пикирлерин дилдеринде бекем орнотуп алышы керек. Себеби, акыйданы айкындаштырып, андан соң, далилден келип чыккан абалда аны катъий тастыктоо – ар бир исламий пикир ага курула турган бекем негиз курулушун камсыздоочу кепилдик болуп эсептелет. Эгер ушул негиз даъватчылардын өзүндө бекем жана тунук болсо, анын таасири күчтүү жана туруктуу болот. Натыйжада, ушул акыйда даъватчыларды төмөндүк караңгылыгынан улуулук чокуларына көтөрөт, алардын алдында дүйнө горизонтун кеңейтет. Натыйжада, алар бул дүйнөдөгү жашоого акыркы бекет эмес, тескерисинче, түбөлүк бейишке жана түбөлүк неъматтарга алып баруучу Аллахтын ыраазылыгына жетише турган акырет жашоосун көздөй бир көпүрө катары карашат. Ошондо алар Расулуллах с.а.в. жана сахабалары сыяктуу Исламды жашоодо пайда кылууга умтулушат. Алар бул жолдо чарчап-чаалыгышпайт. Аларды бул акыйдасы Халифалык мамлекетин тикелөө аркылуу Ислам үммөтүн өзүнө ылайыктуу ордуна кайтаруу үчүн олуттуу аракет кылууга о.э. бул жолдо жете турган кыйынчылыктарды жеңип өтүүгө үндөйт.

Хизбдин фикрат, тарыйкат о.э. адамдан турган үч курамдык бөлүгү “хизб АМИРи, ТАБАННИЙ кылуу жана ИТААТтан турган үч завабит-НЕГИЗге муктаж болот. Мына ушул акыркы үч негизсиз хизбдин – үммөттүн калганынан жана башка хизбдерден айырмалап туруучу – амалий вужуду болбойт, ушул үч негизсиз хизб жашоодо бар деп эсептелбейт.

Хизб амири Үммөттү өзү көтөрүп жүргөн мабдаъ негизинде ойготуудан турган өз гоясын ишке ашыруу үчүн зарыл болгон пикирлерди, өкүмдөрдү, райъларды о.э. услуб жана васиталарды табанний кылат. Натыйжада, хизб мүчөлөрү да ушул табаннийди бекем карманышып, Амир табанний кылган, хизб негизделген фикрат жана тарыйкатты да, хизбдин идарасы үчүн амир табанний кылган мыйзамдарды да табанний кылышат. О.э. мабдаъ амирге берген салахияттар алкагында амирге итаат кылышат. Себеби, аларды уюштуруп турган мабдаъ амирге мамлекетти тикелөө үчүн болгон даъват жолунда табанний кылуу салахиятын берет жана бул жаатта амирге алардын итаат кылышы укугун берет. Ошондо бардык мүчөлөр хизб амиринин жетекчилиги алдында, табанний кылынган пикирлер менен көздөлгөн гояны ишке ашыруу үчүн бир нече жузъдардан түзүлгөн бир отряд сыяктуу иш алып барышат.

Муракказ сакафат хизбден Ислам акыйдасынан келип чыга турган же Ислам акыйдасына курула турган белгилүү бир тафсилий өкүмдөрдү, пикирлерди жана райъларды табанний кылууну талап кылат.  Хизбдин бардык мүчөлөрү ушул райъ жана өкүмдөрдү бекем карманышат, башкаларды да ушул өкүм жана райъларга амал кылууга чакырышат. Хизб о.э. хизбий иштерди аткаруу үчүн зарыл болгон услуб жана васиталарга тиешелүү болгон идарий мыйзамдарды да табанний кылат. Хизб ушул табаннийсиз толук кандуу хизб болбойт. Себеби, хизб адамдарды, белгилүү бир, тилектеш пикирлер үстүндө жамдоочу фактор – бул  табанний. Табанний хизбди исламий жашоону кайрадан баштоо үчүн жамаий аракет кылууга жөндөмдүү кылат. Ошондуктан мабдаъий хизбдин ага мүчө болуудагы шарты, хизб табанний кылган нерсенин бардыгын кабыл алуу. Ошондо гана хизбдин бир бөлүгү боло алат. Эгер хизбий мындай кыла албаса, ал тургай хизбдикине каршы бир пикирди табанний кылса, ал хизбдин бир бөлүгү боло албайт т.а. ал хизбден тышкарыда калат.

Ошондуктан, мабдаъсы Ислам болгон ар кандай саясий хизбдин Халифалык мамлекетин тикелөө аркылуу Исламий жашоону кайрадан баштоонун алдында кылына турган даъватты жеткирүү үчүн керек боло турган пикирлерди, өкүмдөрдү жана райъларды табанний кылышы керек болот. Ушундан келип чыгып, ал хукм-башкарууну колго алуу тарыйкатында кандай табаннийлерди кылган болсо, кудум ошондой эле хукм, иктисад(экономика), ижтимаъ, тышкы саясат жана башка тармактарда да ушундай табанний кылат. Ошондо гана кимде-ким хизбдин хизбий сакафаты менен таанышып чыкса, анда хизбди хукмга жеткире турган амалдарды да, хизб Халифалык мамлекетин тикелөө аркылуу кайрадан баштоого даъват кылып жаткан исламий жашоону да тассавур кылуу (элестетүү) пайда болот.

Хизбдеги ар бир мүчө амалдарында, кеп-сөздөрүндө жана даъватты жеткирүүдө хизб табанний кылган нерсени табанний кылышы зарыл. Анын табаннийине хизб каршы чыккан болсо, ошону үчүн эле хизбден чыгып кетиши жаиз эмес. Мисалы, хизб зироат (айыл-чарба) жерин ижарага берүү арам экендигин табанний кылган. Хизб мүчөсү болсо, мунун мубахтыгын табанний кылган болсо, дал ушул ихтилаф үчүн хизбден чыгып кетиши жаиз эмес. Себеби, хизб мүчөсүнүн  хизб табанний кылган пикир, өкүм жана райъларды табанний кылышы шаръан важиб. Анткени, табанний амирге итаат кылуунун бир бөлүгү болуп эсептелет.

Табаннийдеги салахият ээси – хизб амири. Ага итаат кылуу – шаръий далилдерден истинбат кылынган амирлик өкүмдөрүнө ылайык, анын салахияттары алкагында – важиб.

“Шаръий насстарда келген амирлик өкүмдөрүнүн бардыгы умумий амирге т.а. халифага хос”, – деп айтууга болбойт. Мындай деп айтуу ката, себеби, амирлик лафзы далалаты жагынан халифалыктан умумийрээк. Амирлик дегени, бир жамаат – ар кандай жамаат – ортоктош иштеринде бир кишини өздөрүнө амир кылып шайлап алышын түшүндүрөт.  Ал эми, халифалык же имамдык сөздөрү бир мааниде болуп, ал арасында Ислам өкүмдөрүн колдонушу жана өздөрүнөн башкаларга да Ислам рисолатын жеткириши үчүн дүйнө жүзүндөгү мусулмандардын үстүнөн умумий башкарууну түшүндүрөт.   Ушуга ылайык, “амир” лафзы эгер хостоосуз келсе, бул лафз ъамм болуп, ал “сапар амири”, “армия амири” же “хизб амири” сыяктуу ар кандай амирди өз ичине алганы сыяктуу эле момундар амири – халифаны да өз ичине алат.

Умумий амирлик т.а. халифалыктын умумий амирлик деп эсептелишинин себеби, бул амирлик бардык мусулмандарды өз ичине алат жана  алардын бардык иштерине тиешелүү болот. Себеби, мусулмандарга бирден ашык халифа бар болушу арам болот. Расулуллах с.а.в. айтат;

إذا بويع لخليفتين فاقتلوا الآخر منهما

“Эгер эки халифага байъат кылынса, алардын кийинкисин өлтүргүлө”. Муслим риваяты. Мусулмандардын кайры исламий иштерде халифага итаат кылышы да арам. Расулуллах с.а.в. айтат;

السمع والطاعة على المرء المسلم فيما أحب وكره، ما لم يؤمر بمعصية، فإذا أُمِر بمعصية فلا سمع ولا طاعة

“Мусулман киши ырасында, маъсиятка буюрулбаса, өзү жакшы көргөн нерседе да, жаман көргөн нерседе да (халифага) кулак салып, итаат кылышы важиб. Эгер, маъсиятка буюрулса, кулак да салбайт, итаат да кылбайт”. Бухарий жана Муслим… риваяты. Демек, Халифалык эки жактан умумий амирлик болуп эсептелет. Биричиси,  амир кылуучулар (бардык мусулмандар) жагы, экинчиси, алар халифаны амир кылган ушул ортоктош иш (жашоодогу бардык иштер) жагы.

Ал эми сапар амири, хизб амири, элчилик амири жана ушул сыяктуу хос амирликтер өздөрүнүн амирлик алкагынан тышкары чыга алышпайт, алар кайсы ишке амир кылып дайындалган болсо, ошол иштен башкасында амр кыла алышпайт.

“Халифалык”, “Амирлик”, “Халифа”, “Амир ал-муъминин”, “Имам”, деген лафздар – бул  халифалык деген белгилүү мансапка хос болгон лафздар. Ошол эле убакта, “Амирлик”, “Амир” деген лафздар ъамм болуп, бул лафздар амир ал-муъминин болобу, сапар амири болобу, хизб амири болобу же ар кандай: сапар, жихад же даъват сыяктуу ортоктош амалды аткаруу үчүн аракет кыла турган жамааттын амири болобу, эч айырмасыз, ар кандай амирликти жана ар кандай амирди өз ичине алат.

Амирлик жөнүндө келген шаръий далилдердин кээ бирлери ар кандай амирликти жана ар кандай амирди өз ичине ала турган ъамм болуп, эгер амирликти хостой турган далил келбеген болсо, ушул далилдер ъамм бойдон калат. Мисалы, Расулуллах с.а.в. дын төмөнкү сөздөрүндөгү амирлик лафзы ъамм;

ومن يطع الأمير فقد أطاعني

“Ким амирге итаат кылса, мага итаат кылганы”. Бухарий жана Муслим риваяты. Ошондуктан бул “амир” лафзи сапар амири, хизб амири же армия амирине далалат кылганы сыяктуу эле амир ал-муъмининге да далалат кылат. Расулуллах с.а.в.дын мына бул сөздөрүндөгү амирлик мааниси да кудум ушуга окшойт;

ما من أميرِ عشرةٍ ، إلَّا وهو يُؤْتَى بِهِ يومَ القيامَةِ مغْلُولًا ، حتى يَفُكَّهُ العدلُ ، أوْ يوبِقَهُ الجورُ

“Ар бир ашара-ондук амири Кыямат күнүндө колдору байланган абалда келтирилет. Анын кылган адилеттиги гана колдорун бошотот же анын жабыры, көрсөткөн зулуму аны кыйроого учуратат”.

Амирлик далилдеринин айрымдары умумий амир-мусулмандардын халифасына хос болуп, муну “Халифалык”, “Халифа” же “Имам” деген лафздар хостойт. Мисалы, Расулуллах с.а.в. айтат;

إذا بويع لخليفتين فاقتلوا الآخر منهما

“Эгер эки халифага байъат кылынса, алардын экинчисин өлтүргүлө”.  Муслим риваяты.

إنما الإمام جنة. يقاتل من ورائه. ويتقى به

“Албетте, Имам – калкан, анын артында туруп жана аны менен коргонулат”. Бухарий жана Муслим риваяты. Же далилдин мусулмандар амири-халифага хос экендигин карыйналардын бири хостойт. Мисалы, Расулуллах с.а.в.айтат;

من مات وليس في عنقه بيعة مات ميتة جاهلية

“Ким өлсө жана анын мойнунда байъат кылуу жоопкерчилиги болбосо, ал жахилдерче өлгөн болот”. Муслим риваяты. Бул жердеги карыйна мойнунда байъат болбосо”, деген сөз. Себеби, байъат шаръий мааниде халифага гана берилет. Демек, байъат халифалык акды үчүн Шореъ белгилеп берген шаръий тарыйкат болуп эсептелет. Ал эми халифадан башка амирлерди шайлоо шаръий байъат менен болбойт. Мисалы, хизб амири, сапар амири сыяктуулар байъат менен эмес,  амир кылып дайындоо менен болот. Расулуллах с.а.в. айтат;

إذا كانَ ثلاثةٌ في سفَرٍ فليؤمِّروا أحدَهُم

“Эгер үч киши бирге сапарга чыкса, өздөрүнөн бирөөнү амир кылып алышсын”. Нафеъ айтат; ушул сөздү угуп биз Абу Саламага; “Сен биздин амирибизсин”, – дедик”.  Абу Давуд риваяты.

Кээде хос амирге итаат кылуу же ага каршы чыгуу умумий амирге итаат кылуу же ага каршы чыгуу менен барабар болот. Себеби, амирлик далилдеринин көпчүлүгү ъамм болуп келген. Сахаба  Абу Бакрадан риваят кылынат, ал айтат;

“Мага “Жамал күндөрү” Расулуллах с.а.в.дан уккан бир сөздүн аябай пайдасы тийди. Болбосо, мен да жамал асхабдарына кошулуп, алар менен согушарыма аз калган эле. Расулуллах с.а.в. перстер өздөрүнө Кисронун кызын падыша кылып алгандыгын укканда;

«لَنْ يُفْلِحَ قَوْمٌ وَلَّوْا أَمْرَهُمْ امْرَأَةً»

“Иштерин аял кишиге тапшырып койгон коом эч качан нажат таппайт”, – деген эле. Бухарий жана Термизий риваяты.

(“Жамал күндөрү” – бул  момундардын дилин кайгыга батыруучу кайгылуу бир окуя. Ал хижрий 36-жылы, азыркы Ирактын Басра шаарында Али ибн Абу Талиб менен Талха ибн Убайдуллах жана Зубайр ибн Аввам күчтөрү ортосунда болуп өткөн согуш. Негизи, улуу сахабалар бири-бири менен согушуу ниетинде болушкан эмес. Ал жерде иш мындай болгон, Усман ибн Аффан р.а. өлтүрүлгөндөн кийин белгилүү сахабалар жана мусулмандар Али ибн Абу Талибге байъат кылышат. Белгилүү бир себептерден улам, байъаттан төрт ай өтсө да Али р.а. Усман ибн Аффанды өлтүргөндөрдөн касас алууга шашылбайт. Бул иш Талха жана Зубайр сыяктуу сахабаларга жакпайт. Айша энебиз Меккеге ажылык зыяраты үчүн келгенде Талха жана Зубайрлар энебиз менен сүйлөшүп, пикирлери бир жерден чыгат. Усман ибн Аффанды өлтүргөндөрдү табуу жана алардан касас алуу үчүн Басрага жол тартышат. Талаш-тартыштан башталган иш акыры согушка айланат.

Ошол согушка Аиша энебиз да Талха ибн Убайдуллахтын аскерлери менен биргеликте төө үстүндө келет. Мына ошондуктан ал согуш “жамал күндөрү” – төө согушу деп аталып калган. Алгачкы фитна согушу болгон төө согушунда сабында Аммар ибн Ясир, Абдуллах ибн Аббас сыяктуу улуу сахабалар болгон Али ибн Абу Талибдин күчтөрү жеңет. Талха ибн Убайдуллах жана ашаратул мубашшаро – жаннатий, деп башарат берилген он сахабанын бири Зубайр ибн Аввам өлтүрүлөт. Аиша энебиз болсо, Мединага кайтып кетет. Чындыгында, жогорудагы сахаба Аиша энебиздин “Жамал асхабдары” үчүн болгон хос амирлигин перстер өздөрүнө падыша кылып алган Кисро кызынын умумий амирлигине теңештирген)

(уландысы бар).

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here