Уяттуулук – ыймандан

483
0

Уяттуулук – ыймандан

Аллах Таала айтат: “Эй пайгамбар, жуптарыңа, кыздарыңа жана момундардын аялдарына айткын, үстүлөрүнө жамынчыларын жамынышсын! Мына ушул алардын (күң эмес, азат аялдар экендиктери) таанылып, азарланбоолору үчүн эң жакын (жол)”. (Ахзаб сүрөсү, 59-аят).

Башка бир аятта: “Момундарга айткын, көздөрүн (намахрам эркектерге кароодон) тосушсун жана авраттарын (арамдан) сакташсын, көрүнүп тургандан башка зыйнаттарын (намахрамдарга) көрсөтүшпөсүн жана көкүрөктөрүн жоолуктары менен тосушсун. (Нур сүрөсү, 31-аят).

 Жогорудагы аяттардан келип чыгып, балагат жашына жеткен ар бир кызга хижаб кийүү жана зыйнаттарын жашыруу фарз болду. Бул аяттар Куръанда кеңири баяндалган өкүмдөр болуп, Аллахка ыйман келтирген муслималардын бул өкүмгө амал кылышы важиб.

 Кечээ күнү социалдык тармактарда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы мектептердин биринде директор менен завуч мектепке жоолук оронуп келген бир муслима кызыбыздын жоолугун чечтирүүгө аракет кылып жатканы тартылган видео тарады. Видеодо алар “Кыргызстан светтик мамлекет, ошондуктан мектеп окуучулары мектептин уставына моюн сунушу керек” деген шылтоо менен кызыбыздан жоолукту чечүнү талап кылып, аларга жогору жактан ушундай көрсөтмө берилгенин айтышты. Башка бир видеодо болсо эки “эркек” жоолугун чечүүнү каалабай жаткан муслима кыздын жоолук оронушуна уруксат бере тургандар өздөрү экендигин айтып жатышты.

 Мына арадан бир топ күн өтсө да, адам укуктарын коргоочу уюмдар, муфтият жана бирер аалым бул окуя боюнча мамиле билдирип койбоду. Бир кезде Кыргызстандагы белгилүү аалым, мурдагы муфтий Чубак ажы – Аллах рахматына алып, бейиштен орун берсин – “Кайсы бир мектепте директор же мугалим хижабга каршы чыгып, окуучу кыздарды мектепке киргизбесе, имамдар ошол директор өлсө жаназа окубасын” деп, аалымдар бул маселеде кандай позицияда турушу керектигин көрсөткөн эле.

Шарият мыйзамдарын толук бойдон, же катъий далил менен далилденген муфассал мыйзамдарын четке кагуу куфр болуп эсептелет. Адам динден чыгып кафир болсо ага жаназа окулбайт жана мусулмандардын мазарына коюлбайт. Ошол себептен да, Чубак ажы жоолукка асылгандарга жаназа окубагыла деген фатва чыгарган эле. А бирок өкүнүчтүүсү, азырынча бир да аалым окуучу кыздардын жоолугун коргоп чыгууга батынбады. Жүрөгүндө диндин камы болгон кайраттуу мекендештерибиз гана видеокайрылуу менен чыгып бул маселеге позициясын билдирип жатышат.

 Мектеп окуучуларынын жоолук оронуу маселеси Кыргызстанда “өнөкөт ооруга” айланып, маал-маалы менен “козголуп” турат. Мисалы, Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева 2015-жылы өлкөнүн түштүгүндө хижаб кийген кыздар көбөйүп бара жатышынан тынчсызданып жатканын  билдирген.

 Ошондо Роза Отунбаева: “Биздин аймактагы кыздардын келечегинен тынчсызданып жатам. Мен жакында эле республиканын түштүк облустарына барып келдим жана мектептерде көптөгөн окуучу кыздар жоолук менен жүргөнүнө ызаландым. Бизде билим берүү министрлиги окуучу кыздарга жоолук салынуу укугун бериши керек деп бул маселени парламентте тынымсыз көтөргөн депутаттар бар. Бирок, биздин аялдар жана эркек депутаттар эч качан аларды сындап, аларга каршы бир ооз сөз айтканга да жарашпайт. Себеби, алар өздөрүнүн жасалма электораты (шайлоочулар добушу) үчүн күрөшөт. Мырзалар, биз кайсы жакты карай бара жатабыз?” – деген эле.

А бирок, ушул эле Отунбаева 2019-жылы “үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү” шылтоосу менен Бишкектеги музейде өткөрүлгөн жылаңач сүрөттөр жана жылаңач аялдар көргөзмөсүн колдоп чыкты.

Муслималардын жоолук оронушу, зыйнаттарын намахрамдардан жашырышы – бул исламий баалуулуктардан. Ислам дүйнөкарашы аялдарды урматтап, аларды “корголушу важиб болгон намыс”деп эсептейт. Кыздарыбыздын хижаб кийип жүрүшү коомдо исламий баалуулуктарды пайда кылуу аракеттерин бекемдейт. Ислам жашообузга кирип келишин тездетет. Ошол себептен, куфр дүйнөсү бул көрүнүшкө каршы, мыйзамсыз жолдор менен болсо да, олуттуу күрөшөт. Өз малайларынан жана алардын куйруктарынан да ушуну талап кылат. Ислам душмандары мусулмандарды адаштыруу жана чалгытуу максатында, “илманийлик” же “светтик билим”, “рухий тааалим” деген түшүнүксүз жана логикага жатпаган терминдерден пайдаланышат. Алар исламий өлкөлөрдө илманийликти өнүктүрүү программасы негизинде иш алып барышат. Коом исламдашып барышынын алдын алуу аракеттеринин бардыгы – бузукулукту жайылтуу иштери – илманий түзүмдү күчөтөт. Алар жоолук оронгон кыздардын акы-укуктары тебеленип жатканын көрүп туруп да көрмөксөн болушат. 

 Ушундай болгон соң, биз адам укугун коргоочу уюмдардан же дагы башка демократиялык институттардан үмүттөнбөстөн, муслима кыздарыбыздын намысын коргоо жолунда бир жакадан баш чыгарып аракет кылышыбыз, социалдык тармактар жана башка колубузда болгон каражаттардан пайддалануу менен нааразылык билдирип, намысы жоктор муслималардан колун тартышын талап кылышыбыз керек.   (Архивден)

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here