Америка яхудий вужуду менен стратегиялык мамилелерди бекемдөө жана анын коопсуздугун коргоо жоопкерчилигин алган

167
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Америка яхудий вужуду менен стратегиялык мамилелерди бекемдөө жана анын коопсуздугун коргоо жоопкерчилигин алган

«I24NEWS» веб-сайты хижрий 1443-жылы 17-мухаррам, миладий 2021-жылы 25-август күнү жарыялаган кабарда мындай делет: «АКШнын коргоо министри Ллойд Остин мындай деди: «Америка (израиль) менен стратегиялык мамилелерди бекемдөө жана анын коопсуздугун коргоо жоопкерчилигин алган. Бул нерсе коопсуздук маселесинде жардам берүүдө көрүнөт. Америка администрациясы (израиль) жарандарын коргоо үчүн «Темир чатыр» (ракеталарга каршы коргонуу системасы) иш-аракетин камсыздоонун о.э. (израилдин) Ирандан жана ага жардам берип жаткандардан коргонуу жөндөмүн сактап калуунун аракетинде».

Роя:

Чындыгында, Америка яхудий вужудуна өткөн жылы 3.8 миллиард доллар жардам берди. Бул 2016-жылдан бери мурунку президент Барак Обама доорунда башталган яхудийлерге он жыл ичинде болжол менен 38 миллиард доллар берүү боюнча АКШ милдеттенмелеринин бир бөлүгү катары ишке ашырылды. Бул жардамдардын баары аскерий максаттарга багытталган, мындан мубарек Фалестин жеринде яхудий вужудун бекемдөө о.э. Фалестин элинин жерлерин дагы да көбүрөөк басып алып, фалестиндиктерди көчүрүп жиберишин, Газа секторуна чабуул кылышын камсыздоо о.э. регионду Американын таасирине каршы козголуудан жана Фалестинди азат кылууга аракет кылуудан коркутуу көздөлгөн.

Бирок, Америка Афганистан согушуна триллион доллар сарптап, өз өкүлү катары афган кошуунун түздү, бирок, бул кошуун жыйырма жылдан кийин ойрон болду. АКШ – союздаштарын кошкондо – 150 миңден ашуун кошуундары Афганистандан жеңилүү менен чыгып кетти. Фалестиндеги абал да андан айырмаланбайт. Себеби, Аллахтын уруксаты менен, жакында мусулмандар Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекети көлөкөсүндө Ислам байрагы астында АКШга каршы о.э. ал колдоп-кубаттап жаткан, аны менен тил бириктирип жаткан яхудий вужудуна каршы согуш башташат. Мына ошондо алардын баары артын карабай качышат.

 

Роя гезити, №354, 2021-жыл, 1-сентябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here