(«Исламий жашоону кайрадан баштоонун шаръий тарыйкаты» китебинен).

179
0

(«Исламий жашоону кайрадан баштоонун шаръий тарыйкаты» китебинен).

Исламий жашоону кайрадан баштоонун шаръий тарыйкаты (уландысы. 3-бөлүк).

Биринчи баскыч: Тартиптүү сакафат берүү баскычы. Бул баскычтын башталышы жана бир нече кадамдары бар, аларды төмөндө баяндайбыз.

а) Нуктатул ибтида: (башталыш чекити): Башталыш чекити мабдаъны табанний кылган жана ушул мабдаъ негизинде вакиъни өзгөртүүгө даъват кылып жаткан адамды ал жердин айрым калкы ээрчиген жерде болот. Натыйжада, ал адам алардан “алгачкы халканы” пайда кылат. Ошол халканын үстүндө иштеп, аны өстүрөт.  Андан соң ал халка хизбий халкадан уюмга, андан соң, толук кандуу хизбге айланат.  Исламий даъваттын алгачкы ибтида чекити Меккеде – Аллах Таала өз хабиби Мухаммад с.а.в.ды элчи кылып жиберген жерде башталган. Негизи, Аллах Таала Расулуллах с.а.в.ды бүтүндөй адамзатка элчи кылып жиберген. Аллах Таала айтат;

وَمَا أَرْسَلْنَاكَ إِلَّا كَافَّةً لِّلنَّاسِ بَشِيرًا وَنَذِيرًا

Биз сени шек-күмөнсүз, бардык адамдарга: (муминдерге бейиш жөнүндө) кушкабар жеткирүүчү, (кафирлерди болсо тозок азабынан) эскертүүчү расул кылып жибердик”.[34:28].

Дагы айтат;

قُلْ يَا أَيُّهَا النَّاسُ إِنِّي رَسُولُ اللَّهِ إِلَيْكُمْ جَمِيعًا…

Айткын (эй Мухаммад): «Эй адамдар, албетте мен силердин баарыңарга Аллах (жиберген) элчимин”. [7:158]. Бирок, Аллах Таала Расулуллах с.а.в.дан ишти өз коомунан баштоону талап кылды. Аллах айтат;

وَأَنذِرْ عَشِيرَتَكَ الْأَقْرَبِينَ

Дагы жакын тууган-уруктарыңды (Аллахтын азабынан) коркутуп-эскерткин”.[26:214].

1924-жылы Халифалык мамлекетинин кулатылышы себептүү жоголгон исламий жашоону кайрадан тикелөөгө даъват кылуучу ар кандай жамаат үчүн нуктатул ибтида-башталыш чекити Халифалык мамлекетин тикелөө аркылуу Исламий жашоону кайрадан баштоо үчүн Расулуллах с.а.в.дын изи менен жүрө турган адам чыккан жерде болот.

Исламдагы даъваттын курамы – ушул даъват дүйнөгө келген кезде – фикрат, тарыйкат жана инсан.

Фикрат дегени – бул исламий акыйда жана ушул акыйдадан келип чыккан муалажалар. Исламий акыйда – бул аалам, адам жана тирүүлүк жөнүндөгү, бул дүйнөдөн мурунку жана кийинки нерсе жөнүндөгү о.э. бул жашоонун өзүнөн мурунку жана кийинки нерсеге болгон байланышы жөнүндөгү куллий пикир. Муалажа болсо, хизб үчүн даъватты жеткирүүдө зарыл болгон амалий, шаръий өкүмдөр. Ушул өкүмдөр хизб ишмердүүлүгүн алып барып жаткан коомдун алакаларында – амалда болбосо да, пикирде Исламды жүзөгө чыгаруу үчүн зарыл болот. Ал тургай хизб өкүм-башкарууга жеткенде, турмуштагы иштердин бардыгында  Ислам өкүмдөрүн толук колдонот.

Мабдаъ фикратынын жынысынан болгон тарыйкат Ислам өкүмдөрүн аткаруу көрүнүшүн, фикратты мухафаза кылуу (сактоо) жана бул фикратты башкаларга жеткирүү көрүнүшүн баяндап берет. Демек, хизб ишмердүүлүк алып барып жаткан коомго мабдаъны фикрат жана тарыйкат катары жеткирет. Ошондуктан, ал өзү ишмердүүлүк алып барып жаткан коомдогу адамдарга Халифалыктын важибдиги жөнүндөгү өкүмдөрдү, жихад жана хаддар өкүмдөрүн жеткиргендей эле, ушул өкүмдөрдү кандай аткаруу көрүнүшүн баян кылуучу өкүмдөрдү да жеткирет. Анткени ушул аркылуу адамдар фикрат жана тарыйкат өздөрүнүн фикрат жана тарыйкаттарына айланып калышы үчүн, алар мына ушул фикрат жана тарыйкатка тиешелүү пикирлер, өкүмдөр жана раъйлардын тафсилатын идирек кыла алышсын.  Себеби, ушул фикрат жана тарыйкаттын өкүм жана пикирлерин жүзөгө чыгаруу о.э. аны жашоодо колдонуу жолунда мына ошол адамдар өздөрүн курмандыкка чалышат, аларды мухафаза кылышат, алар жашоодо үзгүлтүксүз болушу о.э. дүйнө жүзүнө алып чыгуу үчүн аларды коргошот.

Шаръий ижтихад кылуу жөндөмү болгон,  хис кылуу жөндөмү курч, аң-сезимдүү адам ушул мабдаъга о.э. Үммөттү ойгото алуу салахиятына ыйман келтирген абалда ушул мабдаънын жүгүн көтөрөт жана аны жеткирет.

б) Уюмду түзүү: Жогорудагы үч негиз – фикрат, тарыйкат о.э. аң-сезимдүү мусулман адамдан Халифалык мамлекетин тикелөө аркылуу Исламий жашоону кайрадан баштоо үчүн иш алып бара турган жамааттын биринчи клеткасы пайда болот. Исламдын мусулмандар анын негизинде ойгонуп, бутка тура турган мабдаъ экендигин түшүнүп жеткен киши Аллахтын төмөнкү аятына амал кылып, ушул важиб амалды аткаруу үчүн бир уюм түзүү тарыйкат экендигин да албетте түшүнүп жетет. Аллах Таала айтат;

وَلْتَكُن مِّنكُمْ أُمَّةٌ يَدْعُونَ إِلَى الْخَيْرِ وَيَأْمُرُونَ بِالْمَعْرُوفِ وَيَنْهَوْنَ عَنِ الْمُنكَرِ ۚ

Араңарда жакшылыкка даъват кылган, маъруфка буйруп, мункардан кайтарган бир жамаат болсун”.[3:104]. Натыйжада, ушул аң-сезимдүү киши, биринчи клетка катары аларга да фикрат жана тарыйкатты жеткирүү үчүн башка мусулмандар менен байланышат. Ушул алгачкы клетканын көбөйүшү менен уюмдун “адамдар, түшүнүктөр, өлчөөлөр жана белгилү бир канааттануулар” топтомунан түзүлгөн маънавий шахсияты пайда болот.

Ушул уюмдун мүчөсү тирүү вужуддан ажыралгыс бир жузъга (бөлүк) айланып калат. Ушул мүчөдө да ушул уюмдун каны жүрөт жана бул мүчө болгон адамды ушул уюмдун ирадасы башкарат. Анткени, хизб бардык мүчөлөрү бир мабдаъга ыйман келтирген уюм болуп, алар ушул мабдаъны коомдо вужудга келтирүүнү каалашат о.э. эң күчтүү далил негизинде бирдей пикир, өкүм жана райъларды табанний кылышат. Эгер мүчө табанний кылуу жолдорун жана далилдин  күчтүүсүн алсызынан ажырата билсе, уюмдун раъйы мүчөнүн раъйы болот. Тескерисинче, ал табанний кылуу жолдорун жана далилдин күчтүүсүн билбесе, анда уюмдун раъйы анын раъйы болот. Себеби, ал бир бүтүн дененин бир бөлүгү, куллдан жузъ болуп эсептелет. Ошондуктан, ал өзү да анын мүчөлөрүнүн бири болгон  ушул денеге бекем байланып, аны менен аралашып кетиши важиб. Ошондо ал ушул дене өзүнөн талап кыла турган тирүүлүк милдеттерин кемтиксиз жана толук аткара турган болот.

в) Хизб болушу үчүн ушул уюмдун жисм-денесин тикелөө: Мындай иш, ушул уюмга кошулган кишилерди, мабдаънын – Исламий жашоону кайрадан баштоо үчүн зарыл болгон – пикирлери менен муракказ борборлошкон сакафаттоо аркылуу жүзөгө чыгат. Ушул пикирлер Ислам акыйдасын о.э. бул акыйдадан келип чыккан түзүмдөрдү камтыйт. Анткени, уюмга мүчө болгон кишилерди Үммөттүн жетекчисине жана коомчулук арасында аракеттенип жүрүүчү тирүү Исламга айландырат. Расулуллах с.а.в. Меккеде кудум ушул ишти кылган. Сахабаларына – качан алардан өздөрүндө мабдаъны калыптандырган темирден бекем бир уюмду түзгөнгө чейин – өзүнө түшүрүлүп жаткан вахий менен таалим жана сакафат берген. Мына ошол уюмдун мүчөлөрү пайгамбарлардан кийинки эң тандалма адамдар болушкан. Мамлекет тикеленгенге чейинки кыйынчылыктарды көтөрүүдө Расулуллах с.а.в. менен бирдей эле сабыр кылышкан. Андан соң Мединада мамлекет курууда да Расулуллах с.а.в. га шерик болушкан.  Расулуллах с.а.в. менен бирге о.э. ал заттан кийин да, дүйнө жүзүнүн ар тарабына Ислам динин жайылтышкан.

Албетте, муракказ сакафатты үйрөнүү жана үйрөтүүдөгү эң туура жол ПИКИРИЙ КАБЫЛ алуу жолу. Себеби, пикир же акыл таалим (билим алуу) жана таъаллумдагы (билим берүүдөгү) негиз болуп эсептелет. Акыл – бул Аллах Таала тарабынан адамга берилген бир улуу касиет. Аллах Таала ушул акыл неъматы менен адамды мукаррам кылды жана аны ушул акыл себептүү көптөгөн махлуктардан абзел кылды. Аллах Таала акылды таклиф манаты кылды т.а. акылсыз жанга шаръий өкүмдөрдү аткаруу таклифи жүктөлбөдү.

Акылдын төрт негизи бар, башкача айтканда, акыл төмөнкү төрт нерседен турат; соо мээ, хис, вакиъ о.э. мына ушул вакиъ жөнүндөгү собик маалымат. Акыл, пикир, идирек бир мааниде болуп, ал хис кылуу васиталары аркылуу хис кылынган вакиъни мээге көчүрүү жана ушул вакиъни тафсирлеп бере турган собик маалыматтын болушу жана ошондон кийин мына ошол вакиъге өкүм чыгаруу.

Ошондуктан, мушриф муракказ сакафат берүү жараянында даристерге куру маалыматтарды эмес, пикирлерди жеткирип бериши керек. Бул болсо, пикирлерди даристердин зээндеринде хис кылынган вакиъге же алар хис кыла турган нерсеге жакын болгон вакиъге байлап берүү менен ишке ашат. Ошондо алар куру маалымат эмес, вакиъси бар болгон пикирлерге ээ болушат. Ошондуктан, мушриф даристердин акылына пикирдин негиздерин т.а. анын төрт фактордон турушун эсепке алган абалда кайрылышы, пикирди жеткириши керек. Эгер ушул пикир даристердин алдында алар хис кылышкан же ага окшогонун, же болбосо ага жакын болгонун хис кылышкан собик вакиъге байланса, мына ошондо бул пикир аларга пикир катары жетип барат. Аларга бул пикир өздөрү жетишкен пикирдей т.а. өздөрүнүкүндөй болуп калат.  Эгер пикир алардын алдында хис кылынган же хис кылуу мүмкүн болгон вакиъге байлап берилбесе, мисалы, жумла-сүйлөмдөр шархталса да, бирок, алар лугавий маанилерин гана түшүнүшсө, жумлалар далалат кылган вакиъни хис кыла алышпаса, аларды элестете кыла алышпаса, албетте, аларга куру маалыматтар жеткирилген болот. Натыйжада, алар бул маалыматтар менен муфаккир боло алышпайт, бул аркылуу алар болгону таалим алуучу мутаъллим болушат. Ошондуктан, мушриф даристерге пикирлерди жеткирип жаткан кезде, өзүндөгү пикирлердин нускасын алардын аң-сезимине өткөрүп жаткан убакта, бул пикирлерден келип чыгып жаткан маанилердин вакиъсин дарис хис кыла турган деңгээлде жакындаштырып бериши керек. Эгер андай вакиъни хис кылдыруу үзүрлүү болсо, мушриф пикир берип жаткан кезде вакиъни даристин зээнине жакындаштырып тасвирлеп бериши керек. Себеби, берилген маалыматтар хис кылынган вакиъге же даристин зээнинде тасаввур кылынган вакиъге байланган учурда гана пикир пайда болот.

Махсус (хис кылынган) вакиъ – бул адам хис кылуучу беш мүчөсүнүн бири менен хис кылышы мүмкүн болгон вакиъ. Мисалы, даракты көзү менен көрөт, куштун сайрашын кулагы менен угат…. Ушул хис кылынган же хис кылынышы мүмкүн болгон вакиъ пикирлөө амалиятындагы негизги элемент,  пикирлөө   жараянындагы эң негизги фактор болуп эсептелет. Идирек мына ушул вакиъ менен гана хиссий идирек болот. Бирок, мусулмандардын абалын өзгөртүү о.э. аларды ойготуу үчүн зарыл болгон муракказ сакафат пикири маддий хис кылууга караганда көбүрөөк пикирий хис кылууга муктаж болот. Пикирий хис кылуу адам нерселер жана иш-аракеттерге тиешелүү болгон маънавий иштердин каршысында ээлеген позициясы натыйжасында сезе турган хис кылуу. Мисалы, мусулман арам болгону үчүн арак, зына жана кумарга окшогондордон жийиркенүүнү сезет. Адалдыгы себептү жүзүм, нике жана хадияга окшогон нерселерге карата майилдикти сезет.

Пикирий кабыл алуу жараянында мушриф тафкирдин төрт элементин ишке салышы керек. Ошондо ал дариске сүйлөп жаткан кезде, тафкир жараянында т.а. ага пикир берип жатканда, эгер ал мурда сезбеген болсо, ага вакиъни ушунчалык анык, ийне-жибине чейин сүрөттөп берүүгө, тасаввур кылдырууга умтулат дейсиң, ошондо ал вакиъни хис кылып жатканын сезет. Ал үчүн болсо, сүрөттөлүп жаткан вакиънин элесин даристин зээнине дагы да жакындаштыруу үчүн ушул вакиъ жөнүндөгү бардык маалыматтарды чогултуп алуу талап кылынат.

Пикирий кабыл алуунун негизги куралы – тил жана бул тил өз ичине алган сөздөр, сүйлөмдөр жана маанилер. Эгер мушриф да, дарис да пикирлерге далалат кылышы жагынан ушул сөз, сүйлөм жана маанилерди идирек кылышса, бул курал дарс жараянында активдүү болуп, жакшы пайда берет. Ошондуктан, “дарс берүүчү” мушриф даристеринин лугавий мүмкүнчүлүгүн, алардын тилге канчалык бай экендиктерин этибарга алышы керек. Ошондо, ал эки тарап ортосунда пикирий сухбат жеңил болушу үчүн алар түшүнө турган сөз жана сүйлөмдөрдү пайдаланат. Пикирий сухбат дегени – бул муракказ сакафаттагы тафкирдин төрт элементи негизинде эки тарап ортосундагы сухбат жана муназара дарс жараянында эки тарап тең түшүнө турган тилде болушу. Мына ушундай жол менен насстар, жазылган же сүйлөнгөн абалда болобу айырмасыз, дарс берүүчү мушриф сыяктуу эле даристин да мээсиндеги пикирлерге айланат. Дарис да бул пикирлерди чечмелөөгө, алар менен иштөөгө жана бу пикирлерди башкалар менен бөлүшүүгө, ал тургай башкаларга жеткирүүгө да кудуреттүү болот.(уландысы бар).

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here