Еврокомиссия ЖМКларды колдоого чакырды
Кабар: Еврокомиссия журналисттердин жана жалпыга маалымдоо каражаттарындагы (ЖМК) кызматкерлердин коопсуздугун сактоо, аларды колдоо жана эркиндигин камсыздоого каратылган бир катар сунуштарды көтөрүп чыкты. Бул сунуштар журналисттер кызматын аткарып жаткан учурда дуушар боло турган кооп-коркунучтарга байланыштуу. Комиссиянын билдиришинче, бул сунуштар, айрыкча, көзкарандысыз журналисттерге жна ЖМКнын аял кызматкерлерине тиешелүү.
О.э. журналисттердин арыздарын кабыл алуу, аларга психологиялык жактан жана иш жүзүндө жардам берүү, ошону менен бир катарда өлүм коркунучу болгондо аларды коопсуз жерлерге жайгаштыруу менен алектене турган улуттук деңгээлдеги көзкарандысыз бөлүмдөрдү түзүүнү сунуштады.
Комментарий: Жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) коомдо маанилүү орун ээлеши менен бир катарда, коркунучу да ошончолук чоң. Себеби, ЖМК адамдардын пикир, түшүнүк, туйгуларын калыптандыруу жана өзгөртүүдө маанилүү рол ойнойт. Ал тургай ЖМКнын таасири дүйнөдөгү ар кандай аскерий куралдан күчтүүрөөк деп айтсак аша чапкан болбойбуз. Аскерий операция убактылуу таасир өткөрүшү мүмкүн, а бирок ал аякташы менен иштер кайрадан тез эле өз нугуна түшөт. ЖМКнын таасири болсо адамдардын жашоо таризине анык таасир өткөрүп, аны бир багытка багыттайт. Ошондуктан, аскерий чабуулдар токтогон күндө да маалыматтык чабуул улана берет.
Бүгүнкү күндө дүйнөлүк ЖМКлар Батыштын колунда болгондуктан, анын бардык багыттары Батыш тарабынан белгиленүүдө. Кабарларды көңүл коюп күзөткөн адамга ЖМКнын негизги стратегиясы адамдардын этибарын маанилүү проблемалардан чалгытып, арзыбаган темалар менен убара кылуу, олуттуу проблемаларды болсо арзыбас кылып көрсөтүү, мусулмандар арасында мекенчилдик жана улутчулдук үрөндөрүн себүү, Исламий өлкөлөр ортосундагы жасалма чек араларды ыйыкташтыруу, көп аялдуулук сыяктуу исламий түшүнүктөрдү бузуп көрсөтүп, бузукулукка негизделген батыштыктар маданиятын жакшы көрсөтүү экендиги сыр болбой калды.
Батыш кандай пикирди өзгөртүүнү кааласа, маалымат каражаттары жардамында өзгөртүшү, каалаган пикирди жайышы же өзүнө коркунуч деп эсептеген пикирди бузуп көрсөтүшү мүмкүн. Бул болсо ЖМК толугу менен Исламга каршы чабуул позициясыда иш алып барып жаткандыгын түшүндүрөт. Мисалы, Афганистанда Халифалык кайрадан тикеленишин өзү үчүн коркунуч деп билген Батыш дароо маалыматтык чабуулун күчөттү. ЖМКлар Афганистандагы абалды, тим эле ушул кезге чейин тынчтык болуп келгендей, анан Талибан Шарият менен башкарарын жарыя кылары менен эле башаламандыктар башталып кеткендей сүрөттөп жатышат. Талибан бийликке келери менен ЖМКлар “Үмүтсүздүк, афган жаштары Талибан менен келечекти куруу мүмкүн экендигине ишенбей жатышат”, “Бардыгы Афганистандан кетүү аракетинде”, “Афганистандагы Исламий мамлекет кандай гана коркунучтуу?” “Афганистандык аялдар Талибандын убадаларына ишенбей жатышат”, “Ачарчылык жана үмүтсүздүк агымындагы Афганистан”, “Буркадагы афган аялдары”, “Талибанча Шариат кандай болот” деген ж.б.у.с… кабарларды тарата башташты. Жыйырма жылдык кыргындар дароо унутулду. Мындан көздөлгөн максат, Исламий башкаруу формасын жаман жана жараксыз кылып көрсөтүү экендиги даана көрүнүп турат.
Еврокомиссиянын ЖМК жана журналисттер үчүн кайгырып жатышы бекеринен эмес. Жогоруда айтып өткөнүбүздөй, алар Исламга каршы күрөштө негизги ролду аткарышууда. Ислам Үммөтүнүн келечектен үмүтүн үзүү, кафирлер каршысында мусулмандар аң-сезиминде алсыздык сезимин ойготуу, Ислам Үммөтү ортосунда биригүү мүмкүн эмес деген пикирди пайда кылуу, эгер Исламий башкаруу орносо, башкарууга жараксыздыгы себептүү ар тарапты башаламан кылышы жөнүндөгү түшүнүктү сиңирүү, бүгүнкү күндөгү Мусулмандардын вакиъси кутулгус абал экендигин уктуруу сыяктуу иштер ЖМКлардын негизги милдетине айланган.
Булар, бүгүнкү күндө маалымат каражаттары дээрлик күн сайын таратып жаткан кабарлардан айрым мисалдар гана. Демек ушундай болгон соң, Мусулманлар үчүн Үммөттүн бардык маселелерин чындап ачыктай турган, Куръан жана Сүннөттө келген услубдардан четке чыкпай турган, Үммөттүн өзүнө таандык ЖМК керек. Андай ЖМК болсо Үммөттүн өзүнөн болгон бир саясий вужуд т.а. Халифалык мамлекет болсо гана пайда болот. Халифалык мамлекети гана маалымат саясатын Куръани Карим жана Сүннөт негизинде тартиптүү жолго салат. Мына ошондо гана ЖМКлар Мусулмандардын өнүгүшүнө чындап салым кошушу мүмкүн.
Киямуддин Шариф