Исламий жашоону кайрадан баштоонун шаръий тарыйкаты (китебинен).

376
0

Исламий жашоону кайрадан баштоонун шаръий тарыйкаты (китебинен).

Исламий жашоону кайрадан баштоонун шаръий тарыйкаты

   Биз бүгүнкү күндө жашап жаткан өлкө – шариятыбыз баян кылгандай – дарул куфр болуп эсептелет. Биздин бүгүнкү жашообуз болсо, кайры исламий жашоо. Биздин бүгүнкү мамлекетибиз жана жашообуз – шарият көз карашынан алганда – Аллах Таала Расулун ошол вакиъни өзгөртүү үчүн коомуна жана бардык адамзатка пайгамбар кылып жиберген Меккедеги жашоого жана ошол өлкөгө окшойт.  Ушундай болгон соң, “Расулуллах с.а.в.дын доорундагы вакиъ бүгүнкү, 21-кылымдын башындагы мусулмандар жашап жаткан вакиъден башкача болгон, бүгүн миллиондогон мусулмандар бар, кээ бир Ислам өкүмдөрү аткарылууда, ошондуктан Расулуллах с.а.в.дын доору менен азыркы заманды салыштыруу туура эмес” деп айтууга таптакыр болбойт, андай деп айтууга эч кандай негиз жок. Себеби, өзгөртүү керек болгон, өзгөртүү талап кылынган орун адамдар же айрым өкүмдөр эмес, балким мамлекет, коом жана жашоо. Чындыгында, Меккедеги сахабалар муну жакшы түшүнүшкөн. Негизи, ал кезде Меккеде да мусулмандар бар эле.   Хаббаб ибн Араттан риваят кылынат;

شَكَوْنَا إِلَى رَسُولِ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ وَهُوَ متَوَسِّدٌ بُرْدَةً لَهُ في ظلِّ الْكَعْبَةِ، فَقُلْنَا: أَلَا تَسْتَنْصِرُ لَنَا أَلَا تَدْعُو لَنَا؟ فَقَالَ: «قَدْ كَانَ مَنْ قَبْلَكُمْ يُؤْخَذُ الرَّجُلُ فَيُحْفَرُ لَهُ فِي الْأَرْضِ، فَيُجْعَلُ فِيهَا، ثُمَّ يُؤْتَى بِالْمِنْشَارِ فَيُوضَعُ عَلَى رَأْسِهِ فَيُجْعَلُ نِصْفَينِ، وَيُمْشَطُ بِأَمْشَاطِ الْحَدِيدِ مَا دُونَ لَحْمِهِ وَعَظْمِهِ، مَا يَصُدُّهُ ذَلِكَ عَنْ دِينِهِ، وَاللهِ لَيُتِمَّنَّ اللهُ هَذَا الْأَمْرَ حَتَّى يَسِيرَ الرَّاكِبُ مِنْ صَنْعَاءَ إِلَى حَضْرَمَوْتَ لَا يَخَافُ إِلَّا اللهَ وَالذِّئْبَ عَلَى غَنَمِهِ، وَلَكِنَّكُمْ تَسْتَعْجِلُونَ»

   «Пайгамбар с.а.в. дын алдына арызданып бардык. Ал киши Каъбанын көлөкөсүндө чапанын жаздык кылып алган экен. «Биз үчүн нусрат сурабайсызбы, биздин акыбызга дуба кылбайсызбы?» – дедим. Буга жооп катары ал киши: «Силерден мурункуларда жер чуңкур казылып, ага бир адам башына чейин көмүлөр эле, кийин ара алып келинип, башынын ортосуна салынып, экиге бөлүп жиберилер эле. Ушул иш да аларды дининен кайтарбас эле. Темир тарактар менен эттен өтүп сөөк тарамыштарына чейин таралар эле. Бул да аларды дининен кайтара албас эле. Аллага касамки, албетте, бул иш толук-акырына жетет жана атчан Санъадан Хазрамавтка чейин жалгыз Алладан гана коркуп, же койлорун бөрү жеп кетишинен гана коркуп бара турган болот. Болгону, силер шашкалактык кылып жатасыңар», – дед. Бухарий, Абу Давуд жана Ахмад риваят кылган.

 Хадиси шарифтен белгилүү болгондой, сахабалар нусраттын келишине о.э. өздөрү жашап жаткан коркунучтуу жашоо өзгөрүшүнө шашып кетишкен. Негизи, алар мусулман эле. Түшүрүлүп жаткан вахийге катуу амал кылышат эле. Ошондой болсо да, Расулуллах с.а.в. аларга; “Аллахка касамки, албетте бул иш толук-акырына жетет”, – деп баса белгилеген. “Бул иш”, дегени – жашоодогу бардык иштерде Ислам жетекчилик кыла турган тынч-бейпил жашоо. О.э. бул тынч-бейпил жашоо – бул мусулман адам Аллахтан башка эч кимден коркпой турган о.э. малын бөрү жеп кетишинен башка эч нерседен коркпой турган тынчтык-кадыржамдык.

  Демек, айрым курайштыктар Исламга киргенден кийин Меккеде жүз берген вакиъ о.э. Мусъаб ибн Умайр р.а. хижраттан мурда Мадинага барып, ал жерде ансорлордун саны бир нече эсеге көбөйгөндөн кийинки Мадинадагы вакиъ – Ислам өлчөөсүндө, мамлекет жана жашоо жагынан бүгүнкү мусулмандар жашап жаткан вакиъге окшойт. Мусулмандардын саны жана айрым Ислам өкүмдөрү аткарылышы жөнүндөгү статистикалык маалыматтарда гана айырма болушу мүмкүн.

  Мекен, адам, пикирлер, туйгулар жана түзүмдөрдөн турган бүткүл курамдык бөлүгү менен ушул вакиъ толук идирек кылынгандан кийин о.э. ушул вакиъни Дарул Исламга, исламий жашоого жана исламий коомго айландыруу важиб экендигин түшүнүп жеткенден кийин, ушул өзгөртүү жолунда жүргөн кишилер Роббул ааламин сызып берген жана Расулуллах с.а.в. алгачкы Ислам мамлекетин тикелөө о.э. 13 кылымдан көбүрөөк убакытка уланган Исламий жашоону пайда кылуу үчүн карманган тарыйкатты таап, мына ошол тарыйкат негизинде жүрүшү үчүн ушул тагйир(өзгөртүү иши) үчүн зарыл болгон шаръий өкүмдөр жөнүндө изденүүсү важиб болот. Мындан көздөлгөн максат, бир нече убакыттан бери токтоп калган Исламий жашоону кайрадан баштоо.

   Бүгүнкү күндө Исламий жашоону кайрадан баштоого аракет кылып жаткандар жакшы билип коюшсун, адамдардан жашоодо тээ Кыямат күнгө чейин Исламды бекем кармоону талап кылган Аллах Таала Ислам мамлекетин тикелөө аркылуу дарул куфрду, Дарул исламга айландыруунун да шаръий тарыйкатын белгилеп берген. Себеби, бул тарыйкат Исламий жашоону кайрадан баштоо жолунда аракет кылып жаткандардын жашоосунда жолуга турган ар бир абалды муалажа кылат. Негизи, Ислам момундардын жашоосунда учурай турган ар бир проблемага чечим берген. Аллах Таала айтат;

وَنَزَّلْنَا عَلَيْكَ الْكِتَابَ تِبْيَانًا لِّكُلِّ شَيْءٍ وَهُدًى وَرَحْمَةً وَبُشْرَى لِلْمُسْلِمِينَ

Сага — бардык нерсени баян кылып берүүчү, хидаят, рахмат жана мусулмандар үчүн сүйүнчү болгон Китепти-Куръанды түшүрдүк”.[16:89].

Аллах Таала дагы башка аятта айтат;

 وَمَا آتَاكُمُ الرَّسُولُ فَخُذُوهُ وَمَا نَهَاكُمْ عَنْهُ فَانتَهُوا

Расулуллах силерге тартуу кылган нерсени алгыла, ал зат силерди кайтарган нерседен кайткыла жана Аллахтан корккула, албетте Аллахтын жазасы катуу”.[59:7].

Аяттагы ما(эмне) лафзи умумдукту ифадалай турган лафздардан болуп, Расулуллах с.а.в. вахий аркылуу алып келген бардык нерсени, анын ичинде фикрат жана тарыйкатты да өз ичине алат. Аллах Таала айтат;

لَّقَدْ كَانَ لَكُمْ فِي رَسُولِ اللَّهِ أُسْوَةٌ حَسَنَةٌ لِّمَن كَانَ يَرْجُو اللَّهَ وَالْيَوْمَ الْآخِرَ

(Эй момундар), силер үчүн — Аллах жана Акырет күнүнөн үмүткөр болгон о.э. Аллахты көп жат алган кишилер үчүн Аллахтын Пайгамбарында чырайлуу үлгү бар ”.[33:21]. Аллах Таала расулуна кайрылып айтат;

قُلْ هَٰذِهِ سَبِيلِي أَدْعُو إِلَى اللَّهِ ۚ عَلَىٰ بَصِيرَةٍ أَنَا وَمَنِ اتَّبَعَنِي

  “Айткын эй хабибим! Аллахка аң-сезимдүү түрдө, билип туруп менин жана мени ээрчиген кишилер даъват кылышындагы жолум ушул”. Т.а. бул Исламга даъват кылуудагы менин жолум жана Кыяматка чейин мени ээрчигендердин, менин хидаятым менен туура жол кармана тургандардын жолу. Дагы да түшүнүктүүрөөк болушу үчүн:

خطَّ رسولُ اللهِ صلَّى اللهُ عليهِ وسلَّمَ خطًّا بيدِه ثم قال : هذا سبيلُ اللهِ مستقيمًا، وخطَّ خطوطًا عن يمينِه وشمالِه، ثم قال : هذه السبلُ ليس منها سبيلٌ إلا عليه شيطانٌ يدعو إليه، ثم قرأ : وَأَنَّ هَٰذَا صِرَاطِي مُسْتَقِيمًا فَاتَّبِعُوهُ ۖ وَلَا تَتَّبِعُوا السُّبُلَ فَتَفَرَّقَ بِكُمْ عَن سَبِيلِهِ ۚ ذَٰلِكُمْ وَصَّاكُم بِهِ لَعَلَّكُمْ تَتَّقُونَ

 “Расулуллох с.а.в. мубарак колу менен бир сызык сызып:

   “Бул Аллахтын туура жолу ”, – деди. Андан соң оң жана сол жагына сызыктарды сызды да:  “Бул жолдордун кайсы бирине карасаңар анын үстүндө бир шайтан отуруп алган болот о.э. ал шайтан ушул жолго даъват кылып жаткан болот”, – деди. Андан кийин мына ушул аятты кыраат кылды; “Албетте мына ушул Менин Туура Жолум. Демек, ушул жолго ээрчигиле, (башка) жолдорго ээрчибегиле, (эгер башка жолдорго ээрчисеңер) алар силерди Анын жолунан үзүп коёт, балким таква кылаарсыңар, деп силерди мына ушул нерселерге буюрду”.[6:153]. Ахмад, Дарумий жана ибн Мажжа риваяты. Аллах Таала өз Расулун мындай деп шайтандын жолдорунан эскертти;

  وَاحْذَرْهُمْ أَن يَفْتِنُوكَ عَن بَعْضِ مَا أَنزَلَ اللَّهُ إِلَيْكَ

  “ жана Аллах сага түшүргөн өкүмдөрдүн айрымдарынан сени (буруп) фитнага салып коюуларынан этият болгун”.[5:49]. О.э. Аллах Таала мусулмандарды да Аллах жана Расулунун буйругуна тескери иш кылуудан эскертти;

﴿فَلْيَحْذَرِ الَّذِينَ يُخَالِفُونَ عَنْ أَمْرِهِ أَنْ تُصِيبَهُمْ فِتْنَةٌ أَوْ يُصِيبَهُمْ عَذَابٌ أَلِيمٌ﴾

«Анын (Расулуллахтын) буйругуна тескери иш кылган кимселер өздөрүнө бирер фитна жетип калышынан же катуу азап жетип калышынан этият болушсун!»[24:63]

  Ушул жана мындан башка насстар о.э. сахих сийрати набавийя – бизге Исламий жашоону кайрадан баштоо үчүн шаръий тарыйкат менен чектелишибизди важиб кылуучу далилдер болуп эсептелет. Биз бул тарыйкаттан кылча да четтей албайбыз. Шарттардын ар түрдүүлүгүн, зулумга дуушар болуп калууну шылтоолой албайбыз. Жалпы элдин кызыкчылыгы же заманга ылайык жүрүү керектигин шылтоолоп, ушул шаръий тарыйкаттан кылдай да четтей албайбыз. Себеби, ушул тарыйкатты бардык нерсени билүүчү, бүгүнкү жана бардык кылымдардагы шарттарды билүүчү Аллах Таала фарз кылган.

  Исламий жашоо – бул ар кандай абалда Ислам өкүмдөрүнө моюн суна турган инсаний жашоо дегени. Ислам акыйдасына ыйман келтирген, нерселер жана иш аракеттер жөнүндө исламий пикирлей турган, алдынан чыккан абалдарга исламий туйгулары аракеттендире турган, жашоонун бардык тармактарында Исламды колдоно турган адамдардан түзүлгөн коом гана исламий жашоодо өмүр сүрө турган исламий коом болуп эсептелет. Мына ушундай коомду, мына ушундай жашоо таризин турмушка алып келүү мусулмандарга важиб. Буга шаръий далилдер далалат кылат. Аллах Таала айтат;

فَلَا وَرَبِّكَ لَا يُؤْمِنُونَ حَتَّىٰ يُحَكِّمُوكَ فِيمَا شَجَرَ بَيْنَهُمْ

  “Жок, Роббиңе ант, тээ алар өз ортолорунда чыккан келишпестиктерде сени өкүм чыгаруучу кылышмайынча жана сен чыгарган өкүмдөн дилдеринде эч кандай мүчүлүштүк таппай, толук моюн сунушмайынча эч качан момун боло алышпайт ”.[4:65]. Аллах Таала дагы айтат;

فَإِنْ تَنَازَعْتُمْ فِي شَيْءٍ فَرُدُّوهُ إِلَى اللَّهِ وَالرَّسُولِ

  “ Эгер кандайдыр бир нерсе жөнүндө талашып калсаңар — эгер чынында эле Аллахка жана акырет күнүнө ишенсеңер — ал нерсени Аллахка жана пайгамбарына кайтаргыла”.[4:59]. Дагы ушул сыяктуу бир нече аяттар бар. Сүннөттөгү далилдерге келсек, Расулуллах с.а.в. айтат;

 من أحدث في أمرنا هذا ما ليس منه فهو رد

  “Кимде-ким биздин бул ишибизден-динибизден болбогон нерсени жаңылык кылып киргизсе, ал мардуд-четке кагылган”. Бухарий жана Муслим риваяты.

 Расулуллох саллоллоху алайхи васаллам дагы айтат;

 من مات وليس في عنقه بيعة مات ميتة جاهلية

“Кимде-ким мойнунда байъаты жок абалда өлсө, ал жахилият өлүмү менен өлүптүр”. Муслим риваяты.

  Ошондуктан, мусулмандардын түзүмдөрү, пикирлери жана туйгулары исламий болушу важиб. (уландысы бар).

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here