Орус режими Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрүн камакка алууну улантууда

191
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Орус режими Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрүн камакка алууну улантууда

«RT» веб-сайты хижрий 1443-жылы 8-мухаррам, миладий 2021-жылы 16-август күнү жарыялаган кабарда мындай делет:

«Крымдагы адилет министрлигинин булактары баса белгилешинче, Түштүк аскерий округунун соту Крымда исламий Хизб-ут-Тахрирдин төрт мүчөсүн узак мөөнөткө эркинен ажыраткан.

Булак кошумчалашынча, сот айыпталуучу Линур Халилов менен Руслан Масъудовду 18 жылга, Элдар Кантемировду 12 жылга, Руслан Нагиевди 13 жылга күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү колониясына, биринчи эки жылын камерага өткөрүүгө өкүм кылган.

Өкүмдө айтылгандай: «Халилов менен Масъудовдор 2018-жылдын июнь айынан 2019-жылы июнуна чейин Крымдын Алушта шаарында Хизб-ут-Тахрир уюмуна жетекчилик кылышкан. Уюмдун мүчөлүгүндө Руслан Нагиев менен Элдар Кантемиров да болгон. Алар бул террористтик уюмга жаңы мүчөлөрдү тартышып, алардан 2019-жылы 10-июнга чейин финансылык төлөм алып турушкан».

 Роя гезити, №353, 2021-жыл, 25-август.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here