Афганистан жана Талибан Алдоо жана жоопкерчилик

248
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Афганистан жана Талибан

Алдоо жана жоопкерчилик

 

Устаз Сайфуллах Мустанир

Хизб-ут-Тахрирдин Афганистандагы

маалымат бөлүмүнүн төрагасы

Бардык текебер баскынчылар Афганистанда шерменде жеңилүүгө учураганын тарых далилдеген. Акыркы 42 жылда дүйнөнүн эң чоң кубаты саналгандар (Советтер Союзу, АКШ жана анын НАТОдогу союздаштары) ушул жерде жеңилүү ызаасын тартууга мажбур болду.

Мисалы, мындан жыйырма жыл мурда Америка Афганистандын чындыгына көз жумуп, анын тарыхын, тоолуу жерлерин, уруучулук жөнөкөй жашоо таризин о.э. афган калкынын жихадын жана курмандыктарын назарга албады. Эң маанилүүсү, бул жердин калкы өз ишеними менен сыймыктанарын көңүл тышында калтырды. Ал булардын баарын билсе да, текебердик менен Афганистанга чабуул кылып, басып алды!

Америка  түпкүлүгүндө Ислам жана мусулмандарга каршы согуш саналган «терроризмге каршы күрөш» деген жалганды айтып дүйнөнү алдоо үчүн бардык ыкмаларды ишке салды. Демократия, эркиндиктер, өнүккөн улут, мамлекет куруу, айлананы жакшыртуу, адам укуктары, аялдардын укугу, этникалык азчылыктардын укугу сыяктуу жалган ураандар менен бүткүл дүйнөнү сапарбар кылды. Ушуга окшогон шылтоолор менен Афганистан калкы үчүн жат режимди орнотуп, анын башына саясий жана аскерий жетекчиликтен турган малай азчылыкты зордоп отургузуп койду. Эгер баскынчы күчтөрдүн колдоп-кубаттоосу болбогондо бул режим афган мусулмандарынын арасында бир күн да турмак эмес.

Америка бул жер үчүн 2 триллион доллардан ашык каражат сарптады, 2500гө жакын аскерин жоготту жана аскерлеринин 20 миңден ашыгы жарадар болду. Алардын он миңдегени бул жерден курч психологиялык травма менен чыгып кетишти. Калган аскерлери болсо катардагы куралсыз калкка каршы жасаган кылмыштары, ырайымсыздыктары жана террорлору себептүү өздөрүн айыптуу сезип, рухий травма менен жашашууда.

Америка Афганистандагы шерменде аскерий жеңилүүсүн түшүнүп жеткен соң, америкалык салык төлөөчүлөргө, афган калкына жана өзүнүн малайларына мамлекеттен сөзсүз чыгуу туурасындагы жалган убадаларын бат эле унутту.

Мындан тышкары, Америка өз максатына жетүү үчүн тынчтык сүйлөшүүлөрү жана Талибан менен келишим түзүү аркылуу оюнду ушул багытта алып барды. Ал муну жыйырма жылдык согушунда ишке ашыра албаган эле. Бирок, Американын алдоосу бул ирет да оңунан чыккан жок. Себеби, демократиялык жана инсаний баалуулуктарга ылайык келбегени үчүн Америка тарабынан «террорчу уюм» деп аталган Талибанга эл аралык мыйзамдуулук берилди. Талибандын кээ бир жетекчилери түрдүү мамлекеттерге сапар кылып, алар менен мамиле орнотушту о.э. мамлекет ичинде өз таасирин жана көзөмөлүн орнотуп, Афганистан маселесинин негизги тараптарынын бири катары майданга чыгышты… Ошентип, Америка өзүнүн абройун сактап калуу үчүн Доха келишимине кол койду.

Америка муну менен чектелбеди, алдоо оюнун улантып, ошол эле учурда, Талибан кыймылын да, Кабул өкмөтүн да моюнга алды. Америка анын куурчак афган өкмөтү Талибанга каршы күрөшө алат о.э. согуш майданында согуштун багытын өзгөртө алат деп ойлогон. Бирок, анын божомолу туура эмес болуп чыкты. Америка ага көз каранды саткын жана коррупциячыл режим Афганистандагы мусулман калктын арасында биринчи күндөн баштап эч кандай тамырга ээ болбогонун түшүнүп жетпеди. Ушул себептен улам, өкмөт бир нече аптадан ашык тура албады, кыска убакыт ичинде бардык вилаяттарды шерменде болуп колдон чыгарды. Ал тургай, Ашраф Гани өзүнүн жана саналуу кишилердин кызыкчылыгынан келип чыгып Талибанга каршы турууга урунган болсо да, бирок, өз тарапкерлерин отто калтырып, Афганистандан шерменде болуп качып чыгып кеткенден кийин анын карышлык кыймылы алсырап кетти. Кийин Батыш Кабулдун кулашын алдын алуу үчүн өз элчиликтеринин кызматкерлерин, малайларын, тыңчыларын жана жалданма аскерлерин коопсуз эвакуациялоону шылтоолоп 5000 америкалык аскер жана кошумча 600 англис аскерин жиберди. Бирок, алар бул нерсени жүзөгө чыгара алышкан жок.

Учурда Батыш Афганистанга карата ар түрдүү, башаламан позицияны карманып жатат. АКШ, Британия жана Европа Афганистан туурасында үч түрдүү көз карашка ээ. Бул туурасында алар өз ара келише албай жатышат.

﴿تَحْسَبُهُمْ جَميعًا وَقُلُوبُهُمْ شَتَّى﴾

«Аларды биримдиктүү деп эсептейсиң, (бирок) жүрөктөрү ар түрдүү»                [59:14]

Региондогу мамлекеттер да Афганистандагы абалдан кабатырланып жатышат. Алар тараптардын кимиси мамлекеттин тизгинин колго аларын күтүп турушат, айрыкча, орустар Орто Азиядагы таасиринин коопсуздугуна зыян жетишинен тынчсызданууда. Кытай болсо Пакистан жана Орто Азиядагы экономикалык долбоорлорунан тынчсызданууда.

Мындан тышкары, АКШ, Батыш мамлекеттери жана БУУ, эгер Талибан башкарууну күч менен орнотууга урунса, экономикалык жардамдарды токтотуп, изоляция кылуу менен коркутуп жатышат. Ушул аркылуу мамлекетте «Исламий амирликтин» кайра тикелешине жол бербөө үчүн Талибанга басым өткөрүшүүдө. Бирок, Талибан анын алдына мындан кийин кооптуу тузактар коюларын түшүнүп жетүүсү керек. Улуттук мамлекет, шарият эрежелерине баш ийбөө, эл аралык келишимдерди моюнга алуу, аялдардын укугу сыяктуу баалуулуктар тузак болуп, аларды катъий жана ачык четке кагуу зарыл. Талибан башка исламий кыймылдардын тажрыйбасынан сабак алып, инсан ойлоп тапкан кайрыисламий түзүмдөрдөн тыйылышы, акыйкаттан башка эч нерсени кабыл албашы кажет. Себеби, Талибан Исламды колдонууда (демократия менен) мунасага барса, өзүнүн шаръийлигин жана адамдар арасында ишенимин жоготот. Мындан кийин мусулмандар колдоп-кубаттабай турган болсо, бир да исламий кыймыл майданда кала албайт. Исламды чакан географиялык чөлкөмгө жана бир элге чектеп болбойт. Андай кылышса, мусулмандарды согуш жана тынчтыгы бир жалгыз Уммат катары бириктире алышпайт.

Талибан ушуну түшүнүп жетүүсү зарыл: Америка, Батыш жана БУУнун максаты – Талибанды Ислам менен куфр ортосундагы убактылуу чечимди кабыл алууга мажбурлоо. Бирок, акыйкат менен батылдын ортосундагы нерсе де батыл. Ушуга ылайык, Талибан дүйнөдөгү бардык мусулмандар үчүн Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетинин көлөкөсүндө Ислам түзүмүн орнотушу жана шариятка негизделген дастурду колдонушу важиб. О.э. тышкы саясаты да Исламды даъват жана жихад аркылуу бүткүл дүйнөгө жаюуга негизделиши зарыл. Бул дүйнөнүн азиздигине жана Ахырет ийгилигине татыктуу болуунун жолу ушул.

 

Роя гезити, №353, 2021-жыл, 25-август.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here