Талибан мужахиддери кафир Батыштын жана анын шарттарынын тузагына түшүп калуудан этият болушсун

282
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Талибан мужахиддери кафир Батыштын жана анын шарттарынын тузагына түшүп калуудан этият болушсун

«Франс-Пресс» веб-сайтында хижрий 1443-жылы 11-мухаррам, миладий 2021-жылы 19-август күнү жарыяланган кабарда мындай делет:

«Шаршемиби күнү Франция тышкы иштер министри Жан-Ив Ле Дриан: «Афганистанды өз көзөмөлүнө алган Талибан кыймылы эл аралык коомчулук тарабынан моюнга алынышы үчүн алгачкы беш шартты аткарышы зарыл», – деди.

Ле Дриан: «Эгер талибдердин жаңы мууну эл аралык масштабда моюнга алынууну каалашса… алгач Афганистандан чыгууну каалап жаткан афгандардын өлкөдөн чыгууга уруксат бериши керек. О.э. Талибдер алардын өлкөсү терроризмдин очогуна айланышын алдын алышы керек. Алар муну далилдеши зарыл», – деди.

Ле Дриан бул шарттарды санап, Талибан «Афган жерине гуманитардык жардамдардын киришине уруксат бериши о.э. адам укуктарын, айрыкча, аялдардын укуктарын урматташы зарыл. Алар урматтап жатышканын айтышууда, бирок, муну иш жүзүндө далилдеши керек», деди. Ле Дриан шарттардын бешинчиси «өткөөл өкмөттү түзүү» экенин баса белгиледи».

Роя:

Колонизатор кафир Батыш Талибанды согуштук жол менен жеңе албашына жана Афганистанда өзүнүн кызыкчылыктарын коргоп, таасирин жаюуга жардам бере турган малай өкмөттү бекемдей албашына анык ишенди. Ошондуктан, бүгүн Талибан кыймылын колго үйрөтүүгө жана аны эл аралык коомчулук деген уюмдарга байлоого киришти. Катардын борбору Дохада сүйлөшүүлөр өткөрүлүп, колонизатор кафир Афганистандан чыгып кетти… Талибан Доха келишиминдеги адилетсиз пункттарды кабыл алганына карабастан, бул колонизатор кафир ага канааттанган жок. Ошондуктан, учурда колонизатор Франция аркылуу белгилүү бир шарттарды коюп жатат. Бул шарттардан Талибанды колго үйрөтүү көздөлгөн. Тарых дагы кайталанууда… Т.а. көптөгөн исламий жамааттар бар, баары бир тешиктен бир нече ирет чактырышкандыктан Исламдан бүтүндөй алысташкан, аты эле «исламий» болгон жамааттарга айланышкан.

Биз Аллах Субханаху ва Тааладан Талибан кыймылындагы боордошторубузду кафирлердин ыплас тузактарынан алыс кылышын о.э. сөз жана амалдагы тууралыкка жетиштиришин, бул жеңишти Батыштын жеңилип, исламий өлкөлөрдөгү таасири жана өкүмдарлыгы аякташынын башталышы кылышын сурайбыз. Аллах ар ишке кудуреттүү.

 

Роя гезити, №353, 2021-жыл, 25-август.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here