Яман калкы БУУга таянбашы керек

230
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Яман калкы БУУга таянбашы керек

БУУнун Ямандагы төртүнчү атайын өкүлү болуп швед Ханс Грундберг дайындалды. Хизб-ут-Тахрир–Яман вилаятынын маалымат бөлүмү билдирүү таратып, ушуларды баса белгиледи: «БУУ өкүлдөрүнүн дайындалышынын артында белгилүү бир кызыкчылыктар жана максаттарды көздөгөн мамлекеттер турат. Бирок, бул максаттардын артында кан төгүүнү токтотуу деген нерсе жок. Себеби, эч бири Яман калкына жакшылык алып келбеди. Тескерисинче, жалаң гана аларды маскаралап күлдү».

Билдирүүдө Хусийлердин Грундбергдин дайындалышына каршы позициялары жөнүндө мындай делет: «Чамасы, Хусийлер АКШнын Ямандагы өкүлү Лендеркинге таянып жаткан көрүнөт. Ушул себептен улам, өз-өзүнөн суроо туулат: эмнеге Хусийлер БУУнун Ямандагы иш-аракеттерине кээде кол чаап макташса, кээде ага каршы позицияны карманышат?! Алар ушундай даражада ачык (реакциячыл) прагматикке айланышканбы?!… Түпкүлүгүндө, Яманда да, бүткүл ислам өлкөлөрүндө да эч качан БУУга таянып же аны алкыштап болбойт. Түндүк жана түштүктөгү бүткүл Яман калкы бир Исламга байланышы жана аны турмуштук иштерине өкүмдар кылуусу зарыл. Ал эми, Исламдын турмушта колдонулушунун бирден-бир кепили – Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалык мамлекети».

 

Роя гезити, №351, 2021-жыл, 11-август.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here