Хизб-ут-Тахрир–Кения «Экономикалык кыйынчылыктар… чечим Исламда» деген кампания өткөрдү

201
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Хизб-ут-Тахрир–Кения «Экономикалык кыйынчылыктар… чечим Исламда» деген кампания өткөрдү

Алхамду лиллах, Хизб-ут-Тахрир–Кения 2021-жылы 11-июлда баштаган жана бир ай уланган экономикага тиешелүү кампанияны 2021-жылы 11-августта бүтүрдү.

Кампанияда бир катар иш-чаралар өткөрүлдү: мечиттерде жыйындар, көчөлөрдө демонстрациялар, интернет аркылуу дебаттар жана башка иш-чаралар уюштурулду. Зулхижжанын акыркы жума күнү борбор Найробиде, Момбаса, Килифи, Малинди, Квали сыяктуу жээк боюндагы шаарларда Хизб-ут-Тахрир–Кения жарыялаган «Дүйнөдөгү экономикалык кыйынчылыктардын түпкү себеби – бузгунчу капиталисттик экономика» деп аталган баракча таратылды.

Кампания учурунда Хизб-ут-Тахрир–Кения капитализмдеги бузгунчу жана туура эмес экономикалык түзүмдүн маңызын ачыктап берди, бул түзүм Уммат туш болгон экономикалык кыйынчылыктарга кантип себеп болгонун баян кылды. Өз кезегинде, Хизб адамдарга Халифалык мамлекетинде он үч кылым колдонулган Исламдагы экономика түзүмү жөнүндө пикирлерди берди. О.э. иш жүзүндө кандай чечимдер бергенин, эртең – инша Аллах – тикелене турган Халифалык мамлекетинде экономикалык проблемаларды чечүү үчүн ушул Исламдагы экономика түзүмү кантип колдонуларын ар тараптуу баян кылды.

Кампаниянын хэштегдери:

Англисче: #EconomicHardships_IslamIsTheSolution

Савахилий тилинде: #MsotowaKiuchumi_Uislamundio_Jibu

 Роя геизит, №352, 2021-жыл, 18-август.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here