بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Колонизатор Батыш Фалестин администрациясынын сакталып калышы Батыш жана яхудий вужуду үчүн стратегиялык кызыкчылык деп кароодо
Британия разведкасынын (МИ-6) төрагасы Ричард шейшемби күнү бир нече британиялык дипломаттардан турган делегацияны жетектеп, Рамаллахка сапар тартты. Сапары учурунда Фалестин президенти Махмуд Аббас жана бир катар коопсуздук кызматкерлери менен жолугушту.
Эртеси күнү АКШ разведка кызматынын директору Уильям Бёрнс да – (израилдик) расмийлер менен жолугушкандан кийин – Рамаллахка барды. Кудс арабий гезити фалестиндик булакка таянып кабарлашынча, Фалестин администрациясы жакында АКШ администрациясына түздөн-түз кайрылып, Фалестин администрациясы кулатылышынан мурда бул ишке аралашууну баса белгилеген. О.э. Америкадан бул ишке аралашууну жана фалестиндиктердин экономикалык өнүгүүсүнө салым кошкон долбоорлорду иштеп чыгууга уруксат берүүнү о.э. яхудийлердин Фалестин режимине салып жаткан салыктарды кыскартууну талап кылды.
Өз кезегинде, саясий муфаккир устаз Ахмад Хутваний Хизб-ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмүнүн радиосу үчүн даярдаган түшүндүрмөсүндө мындай деди: «Рамаллахка америкалык жана британиялык расмийлердин бир убакта келиши ушуларга далалат кылууда: демек, Фалестин режими саясий, коопсуздук жана экономикалык баткакка батып калган. Бул режим кулоодон мурда Америка жана Британияны жардамга чакырып жаткандай. Газа согушу болуп өттү… Фалестин администрациясынын активисттердин бири Низар Баннаттын өлтүрүлүшү сыяктуу фалестиндиктерге каршы кылмыштары ачылып калды… Турак-жай куруп жаткан яхудийлер фалестиндиктерге каршы иш-чараларды күчөткөндөн кийин Фалестиндеги коомдук пикир алдында режимдин дагы да шермендеси чыкты… Мына ушулардан кийин режим Американы жана Британияны жардамга чакырууда. Бул жана башка себептерге ылайык, Америка менен Британия Фалестин администрациясынын проблемасын чечүү үчүн тезинен өздөрүнүн разведка жетекчилерин жиберишти. Бул колонизатор мамлекеттер режимдин проблемасы ага коркунуч салган проблема катары карап жатышкандай көрүнөт».
Түшүндүрмөнүн акырында устаз мындай деди: «АКШ жана Британия сыяктуу бүткүл Батыш мамлекеттери Батыштын жана яхудийлердин стратегиялык кызыкчылыктары кепилдениши үчүн Фалестин режими шексиз сакталып турушу керек деп билишүүдө. Бирок, Батыштын колунда мыйзамдуулугу жок режим үчүн ыкчам саясий чечим жок. Жоктугу үчүн да эки мамлекеттин разведка жетекчилери режимге акыркы демин тартышынан мурда убактылуу жандантып туруучу дары алып келишти.
Роя гезити, №352, 2021-жыл, 18-август.