Яманда Хусийлердин бийликке келишинин артында Сауд Арабия турат

427
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Яманда Хусийлердин бийликке келишинин артында Сауд Арабия турат

Саудия тышкы иштер министри Файсал ибн Фархан мындай деди: «Хусийлер Яманда аскерий чечимди абзел көрүшүүдө… Алар өлкө келечегинин бир бөлүгүн түзмөкчү болушса, сүйлөшүүгө макул болушу керек».

Бул туурасында доктор Абдуллах Базиб мындай дейт: «Саудия акимдери ар дайым «Хусийлер Яманда тикелене турган бийликтин бир бөлүгү болууга макул болушу керек», «биз боордошторбуз жана кошуналарыбыз», «биз аларды жок кылмакчы эмеспиз», «өлкөдөгү саясий чечимге шерик болушат» деген сөздөрдү тынымсыз айтып келишти. Ошол эле учурда, алар шиа Хусийлеринен азат кылуу үчүн Яманга киришкенин айтып өлкөдөгү коомдук пикирди алдашты. Бул дажжалдыктын дал өзү. Себеби, Саудияны Исламды коргоо да, суннийлерди коргоо да кызыктырбайт. Тескерисинче, ал Американын региондогу кызыкчылыктарын коргоодон башка нерсени ойлобойт. Мындан Сауд Арабия Иранга караганда Америкага көбүрөөк берилгендигин түшүнүү мүмкүн. Ушул себептен улам, Саудия режими жети жылдан ишке ашырып келген аба соккуларынын бири да Хусийлерди бутага албады. Тескерисинче, бир катар кабарларга жана ямандык расмийлердин билдирүүлөрүнө ылайык, Яман армиясы Санаа тарапка кадам таштаган сайын Саудия коалициясынын «ката» соккуларынын курманы боло берди! Бүгүн саудиялык расмийдин бул билдирүүсү Хусийлерди келечекте Яман бийлигине шерик болууга үндөө алкагында айтылууда. Бул туурасында түздөн-түз сүйлөшүү да болушу мүмкүн. Учурда ирандык кожоюндары менен сүйлөшүп жаткандай көрүнөт.

Качанга чейин Яман калкы Саудиянын куткаруу үчүн келгенбиз деген жомогуна алданышат?! Акыйкатта болсо, бул мамлекет ортомчу болуп, англистердин Абдураббих Хадий өкмөтүн коргоп жаткан кызыкчылыктарына каршы АКШ кызыкчылыктарын коргойт жана АКШнын пландарын аткарат.

 

Роя гезити, №352, 2021-жыл, 18-август.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here