Афганистан жана Талибанды күтүп турган тузактар жана жоопкерчиликтер

468
0

Афганистан жана Талибанды күтүп турган тузактар жана жоопкерчиликтер

Хизб-ут Тахрирдин Афганистандагы медиа бюросунун жетекчиси Сайфуллах Мустанир Афганистанда бийликке келгенден кийин Талибанды күтүп турган тузактардан эскертти.

Taрых Афганистанга текебер абалда кол салган баскынчылардын шерменде абалда жеңилүүгө дуушар болгонун көрсөттү. Акыркы 42 жылда эле дүйнөдөгү эки лидер күчтү (СССР, Aмерика жана НАТО союздаштары) бул аймакта жеңилүүгө мажбур кылды. Жыйырма жыл мурун Aмерика Афганистандын тарыхын, географиялык татаал шартын, жөнөкөй жашоо образын жана калктын жихадга болгон арзуусун, динине берилгендигин көрмөксөн болду. Айрыкча, калктын диний ишенимине таянып жашаганын көрмөксөн болуп текебердик менен кол салып, басып алды. Америка “терроризмге каршы согуш ” шылтоосу менен Исламга жана мусулмандарга каршы согуш ачты. Дүйнөнү өз сабына кошуу үчүн “демократия”, “эркиндик”, “өнүккөн калк”, “мамлекет куруу”, “глобалдашуу”, “адам укуктары”, “гендердик теңдик” жана “aзчылыктардын укуктары” сыяктуу бош ураандарды ойлоп тапты. Муну менен дүйнөнүн жарымын алдоого аракет кылды жана бул жолдо түрдүү ыкмаларды колдонду. Жогорудагы шылтоолор менен сөздө саясий жана аскерий лидерлерден турган өкмөт курууну, аны менен кызматташууну калкка таңуулады. Эгер бул өкмөттү баскынчылар колдоп-кубаттабаганда алар мусулман афган калкынын арасында бир күн дагы тура албайт болчу.

Мындан тышкары, Aмерика бул аймакка 2 триллиондон ашык каражатын жумшады, 2.500дөн ашык аскерин жоготту жана 20.000ден ашыгы жараат алды. Он миңдеген аскери бул аймакта психологиялык травма алып чыгып кетти. Алардын көпчүлүгү суицидге кабылды, аман калгандары кылган ырайымсыз кылмыштары себептүү психикалык жактан оор турмуш кечирүүдө.

Aмерика Aфганистанда шерменде абалда жеңилүүгө учурап жатканын байкаганда, афганистан калкына жана өз жарандарына берген жалган убадаларын дароо унутуп, шашылыш аймактан чыга турганын жарыялады. Муну менен катар Америка максатына жетүү үчүн Талибан менен келишим түзүү жана тынчтык сөйлөшүүлөрү деген сценарийди баштады. Бул болсо Американын 20 жылдан берки жетише албай келген арзуусу эле. Бирок, Талибан демократия жана адам укуктарын тааныбаганы үчүн террористик кыймыл катары аталып, жолугушуулар ийгиликсиз аяктады. Мындан улам, Американын айрым аткаминерлери түрдүү өлкөлөрдө Талибан менен байланыш түздү. Натыйжада, Дохадагы келишим афган маселесиндеги негизги окуяга айланды. Америка муну менен эле чектелбей, Кабул өкмөтү менен Талибанды бир учурда расмий бийлик катары тааныгандай түр көрсөттү. Ал кукла өкмөттү Талибанга каршы тура алат деп ойлоду жана майдандагы согушка таасирин тийгизе алаарына ишенди. Америка бул өкмөт менен калктын ортосунда көпүрө болбогонун, саткындыгын түшүнө албады. Ошондуктан, бир нече апта өтпөй райондорду, облустарды жана ири шаарларды шерменде абалда тездик менен колдон чыгарды. Жеке кызыкчылыктары себептүү Ашраф Гани Талибанга каршы турууга аракет кылды. Бирок, анын каршылыгы аркасындагыларды оттун ортосунда таштап, өлкөдөн шерменде абалда качып кетүү менен аяктады.

Мындан улам, Батыш элчиликтеги кызматкерлерди, Америкага кызмат кылгандарды, шпиондорун жана келишимдеги аскерлерин ташып кетүү шылтоосу менен 5000 америкалык жана 600 англиялык аскерди алып келди. Бирок, алар Кабул өкмөтүн кулоодон сактап кала албады.

Америка, Англия, Европанын Афганистан маселесинде ар башка позицияны карманышы буга кошумча болду. Aллах Таала айтат: [تَحْسَبُهُمْ جَميعاً وَقُلُوبُهُمْ شَتَّى] “Сен алар ынтымакта экен деп ойлойсуң. А алардын жүрөктөрү ар башка. Себеби алар акыл калчабаган коом.” (Хашр 14) Ошол эле учурда аймактагы өлкөлөр да Афганистандагы болгон окуядан кооптонушууда. Айрыкча, Орусия Орто Азиядагы кооптуу калган чек араларынан тынчсызданса, Кытай Американын Пакистан жана Орто Азиядагы экономикалык долбоорлорунан тынчсызданууда. Буга кошумча, Батыш эл аралык уюмдар аркылуу Талибанды изоляциялоо, экономикалык жардамдарды кесүү менен коркутуп, Ислам Эмирлигин курбашы үчүн басым өткөрүп жатат.

Демек, Талибан алдында турган кооптуу тузактардан сергек болушу шарт. Улуттук мамлекет, шариятка моюн сунбоо, мамлекеттер арасындагы келишимге баш ийүү, аялдардын укугу ж.б булардын баары тузактар экенин түшүнүшү шарт. Булардын баары Талибан ачык жана кескин түрдө четке кага турган куфр «баалулуктары». Талибан башка жамааттар кабылган тузактардан үлгү алып, Исламдан болбогон түзүмдөргө кошулуудан узак турушу шарт. Акыйкаттан башка эч бир ишти кабыл кылбоосу керек. Анткени, Исламды колдонууда келишүүгө баруу, калк ичинде мыйзамдуулугуна көлөкө түшүрүп, ишенимсиздикке алып келет. Ал эми мусулмандардын колдоосу болбосо эч бир кыймыл бийликте тура албайт. Анткени, Ислам согушта жана тынчтыкта бир үммөт катары биригүүгө мүмкүнчүлүк бербеген кичине бир географиялык же улуттук аймакка сыйбайт.

Андыктан, Taлибан Америка жана Батыш ага Ислам менен куфр арасындагы чечимди кабыл алууга мажбурлап жатканын түшүнүүсү шарт. Ал эми акыйкат менен батылдын арасындагы нерсе батыл болушу талашсыз! Учурда Талибандын колунда шариятка негизделген Башмыйзамы, даават жана жихад жолу менен Исламды дүйнөгө жая турган тышкы саясаты болгон Халифалык мамлекетин жаыялоо мүмкүнчүлүгү турат. Бул дүйнөдө азиз болуунун жана акыретте кутулуунун жолу мына ушул.

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here