Путин визасыз афган качкындарын Борбор Азия өлкөлөрүнө жайгаштырууга каршы чыкты

272
0

Путин визасыз афган качкындарын Борбор Азия өлкөлөрүнө жайгаштырууга каршы чыкты

РФ президенти Владимир Путин Батыштын афган качкындарын виза алганга чейин Борбор Азия мамлекеттерине жайгаштыруу сунушун сындады.

Россиянын президенти АКШ өзүнө визасыз мигранттарды кабыл албай жатканын эсепке алганда, бул нерсе адилетсиздик экендигин баса белгиледи.

Путин “Единая Россия” партиясынын өкүлдөрү менен жолугушууда:“Бул мамлекеттерге визасыз жөнөтүү мүмкүн да, өздөрүнө визасыз кабыл алуу мүмкүн эмеспи? Бул нерсе маселени чечүүдөгү кемсинтүү болуп эсептелет”, – деди.

Путин Афганистандагы кырдаалдын Россия коопсуздугуна түздөн-түз тиешеси бар экендигин кошумчалады. О.э. качкындар маселеси ЖККУ саммитинде жана башка иш-чараларда талкууланышын билдирди.

Мындан тышкары, Батыш Борбор Азия мамлекеттерин качкындар АКШ жана Европага виза алганга чейин “транзиттик пункт” катары пайдаланмакчы болуп жаткандыгын айтты  .

  Комментарий: Эгемендүү экендигин жар салып келген Борбор Азиядагы мамлекеттердин башчылары ички саясатта да, тышкы саясатта да өз алдынча саясат жүргүзө алышпайт. Алар дүйнөдөгү жетекчи мамлекеттер менен саясий же аскерий жактан мамиле кылмакчы болушса, (Россия экономикалык мамилелерге көз жумуп келет, себеби анын өзү экономикалык жактан начар абалда) биринчи кезекте Россиянын “каш-кабагына” карап турушат. Эгер Россия тараптан андай мамилелерге карата бирер олуттуу билдирүү болбосо мамилени улантышат. АКШ Афганистанда шерменде болуп жеңилип, мамлекеттен чыгып кетерин жарыялагандан кийин дүйнөлүк маалымат каражаттарында АКШ Афганистандан чыгарып жаткан аскерлерин кайда жайгаштырышы жөнүндөгү кабар жана талкуулар күчөп кетти. Батыштын көптөгөн басылмалары АКШ региондогу үч мамлекет – Өзбекстан, Кыргызстан жана Тажикстан менен бул жаатта сйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы жөнүндө жазып чыгышты. А бирок, аталган мамлекеттердин расмий адамдары бул жаатта бирер билдирүү таратышпады. Себеби, алардын ордуна Путин АКШга так кесе жооп берип койгон эле.

Wall Street Journal” АКШ жана Россия өкмөттөрүндөгү расмийлерге таянып кабарлагандай, 2021-жыл, 16-июнда Женевада өткөрүлгөн алгачкы саммитте АКШ президенти Жо Байден Владимир Путин менен Афганистандан Америка аскерлери чыккандан кийин пайда боло турган террордук коркунуч жөнүндө сүйлөшкөн.

Байден ал коркунучка каршы туруу максатында АКШнын Афганистанга кошуна мамлекеттерге т.а. Өзбекстан¸ Тажикстан жана Кыргызстанга дрондор менен антитеррордук күчтөрдү жайгаштыруу планы бар экендигин билдирген.

“АКШ жана Россия президенттери ортосунда буга чейин жарыяланбаган бул темадагы сүйлөшүү Байден админстрациясынын үмүтүн дээрлик жокко чыгарды”¸ – деп жазган WSJ.

Женевадагы сүйлөшүүдө Путин АКШнын Борбор Азиядагы ар кандай ролуна расмий Москва каршы экенин ачык айтып, Кытайдын позициясы да ушундай экендигин билдирген.

 Июль айынын аягында РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров да региондогу мамлекет башчылардын ордуна жооп берип,“Борбор Азияда эч ким АКШнын аскерий базаларын жайгаштырууну пландаштырбай жатканын” билдирген.

 Туура, исламий өлкөлөрдө колонизатор мамлекеттердин аскерий базалары болушу арам. Эч кандай абалда алардын аскерий базалары же саясий таасирлери болушуна жол берилбеши керек. А бирок, Борбор Азиядагы мамлекет башчылардын АКШга аскерий база үчүн жер берүүгө ыраазы болбой жатышы – өз калкынын кызыкчылыгы же келечеги үчүн эмес, Россиянын каарына дуушар болуп калуудан корккону себептүү болуп жаткан иш. Эгер Россия бул жаатта бекем позицияда турбаганда, алар АКШ убада кылган акчаны алуу үчүн эч бир экиленбестен аскерий базага жер берип, ал тургай бул жаатта ким арзаныраак бериши боюнча атаандашып кетишмек. Мына ушул абал да бул мамлекеттер канчалык “эгемендүү” экендигин көрсөтүп турат.

Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here