Түркмөнстанда Орто Азия лидерлери жолугушат

197
0

Түркмөнстанда Орто Азия лидерлери жолугушат

Президент Садыр Жапаров 5-6-августта Түркмөнстанда Орто Азия мамлекеттеринин башчыларынын жыйынына катышат. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.

2018-жылы Борбор Азия лидерлери Астанада жолугушуп, Өзбекстан президенти Мирзиёев демилгеси менен аймактагы өлкөлөр арасында Кеңеш түзүлгөн. 2019-жылы жазында Ташкент Борбор Азия мамлекеттеринин жетекчилеринин экинчи кеңешүү жолугушуусун өткөргөн. Жолугушуудан кийин АКШ мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия маселелери боюнча жардамчысы Элис Уэллс Ташкентте болуп өткөн Борбор Азия өлкө башчыларынын консультативдик жолугушуусун алкыштаган. Ал эми, АКШнын Өзбекстандагы ошол кездеги элчиси Дэниел Розенблюм “С5+1 жакшы. Бирок, С5 ар кандай кошумчасыз андан да жакшы! Өзбекстандын аймактык кызматташтык жолундагы жетекчилиги мактоого арзыйт”, – деп билдирген.

Белгилүү болгондой, Борбор Азия өлкөлөрүнүн интеграциялык аракеттери АКШ кызыкчылыгына дал келет. Эгерде АКШ Талибан менен келишим түзүп, Афганистанда тынчтык орнотууга жетишсе, өзү көздөгөн максаттарынын бирине жетет. Ал “С5+1” форматы аркылуу Орто Азия өлкөлөрүн Афганистан аркылуу дүйнөлүк базарга алып чыгуу жана ушул аркылуу бул аймактагы саясий-экономикалык кызыкчылыктарга ээ болуу. Ушул максатта 15-16-июлда Ташкентте конференция өтүп, аймактардын байланышын бекемдей турган «Термез – Мазари-Шариф – Кабул – Пешавар» темир жолун курууга чакырыктар жасалды.  Бул кызыкчылыктарга ээ болуу менен катар АКШ региондо Кытайга каршы маанайды күчөтүп, Россиянын таасирин чектөөгө да олуттуу аракет кылууда.

Мунун каршысында Орусия таасирин сактап калуу максатында өзү лидерлик кылган КМШ, ЖККУ, ШКУ, ЕАЭБ уюмдарынан пайдаланып келүүдө. Бирок, саясий жана экономикалык алсыздыгы себептүү, аймакка АКШ жана Кытайдын кирип келишине катуу тоскоолдук кыла албай жатат.

Ал эми Кытай аймакта илгертен калыптанып калган жылма саясатын жүргүзүп келүүдө. Ушул максатта, аймактагы өлкөлөрдү карыздары менен тушап алууда. Акыркы учурда ШКУ уюмунда таасирин күчөтүп, Борбор Азияда экономикалык эле эмес, коопсуздук тармагындагы кызыкчылыктарын да ишке ашыра баштады.

Жыйынтыктап айтканда, Түркмөнстанда өтө турган Кеңеш аймактагы өлкөлөргө экономикалык жактан пайдалуу болушу мүмкүн. Бирок, бул кызыкчылыктар оболу дүйнөлүк лидер, колонизатор жана эл аралык таасирге ээ мамлекеттердин кызычылыгына туура келиши керек. Антпесе, убадаланган келишимдер кагаз бетинде калып кете берет! Ошондуктан, аймакты бириктирүү үчүн алгач үстүбүздө куфр эл аралык системасына каршы тура ала турган идеологияга ээ болушубуз шарт жана аны коомго жеткирүү талап кылынат. Мындай кубатка ээ идеология бир гана Исламда бар. Демек, Ислам саясында биригүүдөн башка ураандар саясий малайлыктан башка нерсе эмес!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here