Афганистанга байланыштуу Орто Азия өлкөлөрүндө өнүккөн айрым окуялардын далалаттары

314
0

Афганистанга байланыштуу Орто Азия өлкөлөрүндө өнүккөн айрым окуялардын далалаттары

Айрым учурларда Орто Азия (Средняя Азия) жана Борбор Азия (Центральная Азия) синонимдер катары иштетилип, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстан өлкөлөрү жайгашкан аймакка карата айтылат. Бирок, негизи, географиялык терминдерде Борбордук Азия кеңири аймакты камтыйт. Анын аймагына Орто Азиядан сырткары Афганистан, Пакистандын түндүгү, Индиянын түндүк-батышы о.э. Монголия, Россия жана Кытайдын Монголия тараптары кирет. Ал эми, азыркы эл аралык саясат жагынан алганда, Борбор Азияга каратылган саясат делгенде негизинен Афганистанга каратылган саясат түшүнүлөт.

АКШ жана НАТО Афганистандан аскерий контингентин алып кетүү тууралуу жарыялагандан тартып, буга байланыштуу Орто Азия өлкөлөрүндө да бир топ окуялар тизмеги орун алды. Бул темабызда ошол окуялардын далалаттарына көңүл бурмакчыбыз.

Албетте, ар бир саясий талкууда эң алгач эл аралык саясатка көңүл буруу зарыл. Азыр Борбор Азия жаатындагы эл аралык саясатка кайрылсак, анда үч ири оюнчу активдүү ойноп жатат. Алар: АКШ, Россия, Кытай. Булардан сырткары, кандайдыр бир деңгээлде Британия да бар.

АКШ. Ал Афганистанга кирип келгенден бери өзү каалагандай мамлекет куруп алууга жетише албады. Буга Талибандын катуу каршылыгы себеп болду. Ушундан улам, эми чыгып кетерин жарыялады. Бирок чынында, ал Афганистанды чыгып кетүү үчүн басып алган эмес. Болгону, ал баскынчылыктагы бир ыкмасын гана өзгөртүп жатат. Ал азыр Талибан өкүлдөрү өкмөткө киргизилген, айрым мыйзамдары шариятка дал келген, балким исламий аталыштагы жаңы бир светтик мамлекет курмакчы (азыркы светтик Афганистан республикасынын аталышына деле ислам сөзү кошуп коюлган). Жана ал мамлекет бийлиги Америка кызыкчылыгындагы келишимдерди аткара турган өкмөт болмокчу. Мындан максад, АКШнын учурдагы башкы стратегиясына ылайык, Кытайдын кеңейүүсүнүн алдын тосуу. Б.а. Кытайды кеңейүүдөн тосуп, курчап турган Америкага караштуу мамлекеттер сабына Афганистанды да кошуу. Ал эми, Афганистанда туруктуулук орношунда жана андан аркы турмушунда Орто Азия өлкөлөрүнүн орду чоң. АКШнын Орто Азия менен Афганистандын интеграцияланышы жаатында үлкөн долбоору бар. Ал долбоор “Чоң Борбор Азия” (Большая Центральная Азия) деп аталат. Бул үчүн алгач “С5+1” (Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Түркмөнстан, Тажикстан + Америка) долбоору аркылуу Орто Азия өлкөлөрү өз ара интеграцияланышы керек. Андан соң, алар Афганистан менен интеграцияланып, андан ары Пакистан, Индияга, андан соң дагы ары түштүк-чыгыш Азияга уланып кетиши керек. “С5+1” долбоору Орто Азия өлкөлөрүн Россия чеңгелинен чыгарып алууга жана Кытайдын бул аймакка кирип келүүсүнүн алдын алууга каратылган болсо да, ал азыр “Чоң Борбор Азия” долбоору алкагында Ооганстанда туруктуулук орнотууга ишке салынып жатат.

– Апрелде АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Казакстандын жана Өзбекстандын тышкы иштер министрлери менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү

– Этибарлуу америкалык маалымат каражаттарынын АКШ Ооганстандагы күчтөрүнүн бир бөлүгүн Орто Азияга жайгаштырышы мүмкүндүгүн жазып чыгышы

– АКШ мамкатчысынын 1-июнда Тажикстан ТИМи менен телефон аркылуу байланышы

– Тажикстан президентинин 2-июнда Пакистанга барышы жана андагы Америкага малай бийлик менен Ооганстан маселеси талкууланышы

– Май айында АКШнын Ооганстан боюнча чабарманы Залмай Халилзаддын Тажикстанга келип, президент Эмомали Рахмон менен жолугуп кеткени

–  О.э. Халилзаддын Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолукканы

– Америкага малайлык кылуучу Түркия бийлигинин коргоо министри Хулуси Акардын 28 июнда Кыргызстанга, Тажикстанга келип, аскердик кызматташууну талкуулашы

– АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен 1-июлда Өзбекстан жана Тажикстандын тышкы иштер министрлери менен жолукканы

– Өзбекстанда 15-июлда “С5 +1” форматындагы жолугушууда Ооганстандагы соңку кырдаалдын талкууланышы

– 16-июлда Ташкентте “Борбордук жана Түштүк Азия: регионалдык өз ара байланыш” деп аталган эл аралык конференция өтүшү

– Ушул конференцияда Өзбекстан, АКШ, Афганистан жана Пакистан Ооганстанда тынчтык орнотуу процессин колдоо үчүн жаңы консультациялык майдан түзүүгө келишишкени

Булардын баары АКШнын “Чоң Борбор Азия” долбоору аракетте экенине далалат кылат.

Россия. Ал АКШнын азыркы иши Кытайга каратылганын билип турат. Бирок, ал үчүн маанилүүсү Орто Азиядагы өз колонияларын сактап калышы. АКШ долбоору аркылуу Орто Азия өлкөлөрү анын чеңгелинен чыгууга урунбашы үчүн, ал аймакка кайрадан аскерий жактан кирип алуунун алакетине түшүүдө. Негизи, Россия бийлиги мамлекеттик деңгээлде “Талибан” делегациясын кабыл алып, андан коркунуч жок экенин расмий жарыялады. Бирок, ошого карабастан, жасалма коркунуч жаратып жатат. Жана ушул жасалма вахима аркасынан Тажикстанга ОДКБ алкагында жардам берерин жарыялады. О.э. Өзбекстан аймагында, август айынын башында өзү менен бирге Өзбекстанды аскерий машыгуу өткөрүүгө мажбурлап жатат. Ал өзүнүн аймакка аскерий жактан кирүүсүнө Афганистанда Ирак жана Сириядан келген согушкерлер топтолуп жатканын шылтоо кылып жатат.

Кытай. 27-июлда “Талибан” делегациясын мамлекеттик деңгээлде кабыл алды. «Талибан» кыймылынын расмий өкүлү Мухаммад Наим жолугушуу тууралуу мындай деди: «Ислам Эмирлиги Кытайды Ооганстандын аймагы башка бир өлкөлөрдүн коопсуздугуна каршы колдонулбай турганына ишендирди. Кытай болсо Ооганстандын ички ишине кийлигишпөөгө сөз берип, анын ордуна көйгөйлөрдү чечип, тынчтык орнотууга жардам убада кылды». Бул дегени, эртең “Талибан” бийликке келсе, Американын тилине кирип Кытайдын коопсуздугуна коркунуч туудурбашы керек, ал эми, Кытай аны менен өз алдынча мамлекет катары мамилелерди орното алышы керек – бул сөз мына ушуну түшүндүрөт.

Зор этибар бере турган дагы бир нерсе, жогоруда келтирилген эл аралык саясаттан үзүмдөр “терроризм” деген нерсенин канчалык жалган экенин ачык айгинелеп турат. Мисалы, АКШ “терроризмге каршы күрөшүн” мына ушул Талбандан баштабады беле. Россия болсо Талибанды террористтик уюмдар катарына киргизип, ага тыюу салган. Кытай мурунтан Талибанды уйгур “экстремисттерин” колдогондукта айыптап келген жана былтыр Трамп Талибандан “”террорист” деген аталышты алып таштаганда, Кытай буга катуу чычалаган…

Эми Орто Азия өлкөлөрүндөгү бийликтердин саясаттарына токтололу.

Өзбекстан. Мирзиёев АКШнын “С5+1” долбооруна да, “Чоң Борбор Азия” долбооруна да кызмат кылып жатат. Булардын алкагында Орто Азия президенттеринин жолугушуусу форматында жыл сайын өтүүчү жыйын уюштурду. Регион мамлекеттеринин баары менен алаканы жакшыртууга катуу аракеттенүүдө. Афганистанда тынчтык орнтуу жаатында болсо ортомчу болууну мойнуна алган. Азыркы окуялар тушунда да ал ушул иштерин улантып жатат. Лекин Өзбекстан бийлиги Россиянын каарын келтирбөөнү, ал сызган кызыл сызыктарды мүмкүн болушунча басып өтпөөнү жакшы билет.

– Талибандын күчтүү чабуулдары башталган учурда т.а. 5-майда 100дөн ашык оор жүк унаалар кербени Пакистандан Өзбекстанга келип, 15-майда кайра кайтып барды. Бул Талибан менен ушундай учурда да тил табышуу болгон соң, кийин өкмөткө аралашкан соң алар менен алака орнотуу жөн эле мүмкүн болорун көрсөтүү эле.

– Талибан чегаралаш аймакты ээлегенде, 26-июнда Өзбекстан ал жакта аскерий машыгуу өткөрдү жана муну менен өз алдынча коргонуу мүмкүнчүлүгүн демонстрациялады. Бирок, бул Талибанга каратылган жок. Болгону, чегарабызды Россиянын аскерий жардамысыз эле өзүбүз эптейбиз деген маани эле. Т.а. Талибан шылтоосу менен Россиянын аскерий жактан кирип келишин Өзбекстан каалабайт. Бирок, Россия август айында Өзбекстанды өзү менен бирге, кийин Тажикстан үчөө биргеликте машыгуу өткөрүүгө мажбурлап жатат.

– Өзбекстандын АКШ, Афганистан жана Пакистан менен чогуу Ооганстанда тынчтык орнотуу процессин колдоо үчүн жаңы консультациялык майдан түзүү келишимин түзүшү

– Тажикстан менен болгон келишимдердин токтоп турушу. Эң эле жөнөкөй чегараны ачуу маселеси токтоп турат. Мисалы, азыр Өзбекстан аркылуу Россияга россиянын жарандыгы бар тажикстандыктар гана чыгып жатышат. Мунун бир себеби, Ооганстан маселесинде Тажикстан бийлигинин Россия этегин кармап кеткенине барып такалат.

Булар Өзбекстандын “Чоң Борбор Азия” долбоору менен баратканына далалат кылат.

Тажикстан. Өзбекстандан айырмаланып, Тажикстан Афганистан маселесинде Россия вахимасын ээрчип кетти. Буга Эмомалинин өз үй-бүлөсүнүн бийлигин сактап калууга болгон аракети себеп болууда. Маалым болгондой, Тажикстандагы жарандык согушта Эмомали Россияга малайлык кылган. Анын оппозициясында негизинен исламий туйгулуу жамааттар жана топтор болгон. Тынчтык келишүүсүнөн кийин, Эмомали аларды катуу куугунтукка алган. Алардын айрымдары Афганистанга чыгып кетишкен, азыр алар Талибандын сабында. Ушундан улам Афганистан маселесинде Тажикстан ар дайым Россия этегине жабышып келет. Эми бул топтор Тажикстанда “жарылайын деп турган бочканы” кайрадан жардырып жибербешинен коркуп, Эмомали чегараны Россия колдоосу менен бекем жаап алышы керек болуп жатат. Буга чейин, 27-апрелде Россия менен Тажикстан ортосунда аскерий келишим да түзүлгөн эле. 19-майдагы ОДКБ жыйынында да Афганистан маселеси эң башкы маселе катары каралган.

– Тажикстан президентинин Пакистанга сапарында Афганистан маселеси каралганы жана кандайдыр бир келишимдерге жетишилбегени

 – Тажикстан Афганистан менен чегарасында аскерий даярдыктарын күчөтүп, машыгууларды өткөрүшү

– ОДКБ жана ШОС алкагында Россиядан жардам сурашы

– Россия менен биргеликте ири аскерий машыгууларды өткөрүшү

булардын баары Тажикстандын Россия этегине коргологонуна далалат кылат.

Мурун, айрыкча, Сооронбай Жээнбеков доорунда, 2019-жылы Путин Кыргызстанга мамлекеттик визит жасагандан кийин, Кыргызстан Орусиянын Орто Азия колонизаторлугундагы таяныч чекити болуп калган эле. Бирок, жаңы бийликтин Өзбекстан менен ири келишимдерге жетишүүсү Россиянын каарын келтирди жана Тажикстанды Кыргызстанга тукурду. Ошентип, Тажикстан чегарада Кыргызстан үстүнөн үстөмдүк саясатына жетишти. Азыр Росиянын колонизаторлук таяныч чекити Тажикстан болуп калды. Бирок, чегара окуясынан кийин Кыргызстандын чегараны жаап коюшу Тажикстанды оор абалга кептеди. Эми аны жоюу үчүн – Россиянын колдоосуна таянуу менен – Тажикстан утур-утуру Кыргызстанга карата провокациялык иш-аракеттерди кылып келет. Мисалы,

– талаштуу аймакка контейнер орнотуу

– Кыргызстан чегарачысынын атып өлтүрүлүшү

– Москвада кыргыз-тажик улут өкулдөрү ортосунда жаңжал чыгышы жана кармалгандын өтө көпчүлүгү Кыргызстан жарандары болушу

– Мунун аркасынан кыргызстандыктардын депортацияланышы

– Кыргызстан жарандарынын Тажикстанда кармалышы

– Памир кыргыздарынын артка кайтарылышы

Тажикстандын Россиянын колонизаторлук таяныч нуктасына айланганына далалат кылат. Бирок, бул Россия үчүн проблема болот. Себеби, Кыргызстан чегараны жапкан, Өзбекстан ачпай жатат, Афганистан жак Талибдердин колунда… Муну менен Тажикстан Россия багышы керек болгон бир анклав болуп калууда. Эгер бакпаса, демилгени Кытай колго алат да, анын таасири күчөп кетет.

Кыргызстан. Кыргызстан Афганистан менен чектешпесе да, бул маселеде Орусияны ээрчишке мажбур. УКМК жетекчиси 8-июлда маалымат жыйынын өткөрүп, анда бул маселеге да токтолду. Ташиев: “АКШнын аскерлери Ооганстандан чыга баштагандан тартып Борбор Азиядагы, анын ичинде Кыргызстандагы террордук уюмдар жандана баштады. Биздин байкообуз боюнча Сирияга кеткендер да кайтып жатышат”, – деди. Ал муну менен Россия бийлиги айтып жаткан шылтоону эле кайталады. Кеп Талибан тууралуу жүрүп жатса, ал Сириядан кайткандар тууралуу айтты. Бул кеп Кыргызстан бийлиги Россиянын “терроризм” жомогуна изме-из ээрчий тургандыгына даяр экендигине ишарат болуп саналат. О.э. ал дагы Кыргызстан ОДКБга мүчө экендигин эскертип, каалайбызбы-каалабайбызбы Россия чечимине кошуларын айтты жана: “Эгер ЖККУ бул жагдайды жөнгө салбаса, ар кандай террористтик кыймылдар баш көтөрүшү мүмкүн. Бизге дагы зыяны тиет деп боолгоп атабыз”, – деди.

Кыргызстандын азыркы бийлик төбөлдөрү Бакиевдин соратниктери болуп саналат. Ал эми Бакиев Орусия өкүмзордугунан кутулуунун жолун издеп, АКШ жана Кытай менен кеңири масштабдуу алакалар орнотууга аракет кылган. Бирок, Россия аны куудуруп салган. Азыркы бийлик да Бакиевдин “көп векторлуу” саясатынын тарапкерлери. Бирок, Россия коркунучун да билишет. Орусиядан Кыргызстан өз аракети менен гана кутула албашына көздөрү жетет. Ошондуктан, Өзбекстан аркылуу аракеттерди жасамакчы болду эле, бирок, Россия Кыргызстан-Тажикстан чегара окуясы аркылуу муну токтотуп койду. Бирок, бул окуядан кийин, бул бийлик Орусияга таарынып, анын Орусиядан кутулуу каалоосу дагы да күчөдү. Ошондуктан, Түркия менен алакаларды өркүндөтүүгө киришти. (Түркияны пайдалануу – Американын регионго кирүү ыкмаларынын бири). О.э. мүмкүнчүлүк туулары менен Өзбекстан менен түзүлгөн келишимдерди ишке ашырууга кызыкдар. Бирок, Кыргызстан бийлиги толугу менен АКШга ооп кете албайт. Себеби, Россиянын Кыргызстандагы күчтүү  таасири буга жол бербейт. О.э. мындан сырткары, бийликтин өзү да толугу менен ооп кетүүгө кызыкдар эмес. Себеби, АКШ булардын бийлик коопсуздугун кепилдеп бербейт. Буларды кулатып, ордуна АКШ билимине сугарылган жана ага берилген кадрларды алып келүү аракетинде болот. Ошондуктан, азыркы бийлик Кытай менен мамилени өнүктүрүүгө өтө кызыкдар. Себеби, Кытай азырынча ички саясатка киришпейт, бийликтин экономикалык аракеттерине өз кызыкчылыктары жолунда колдоо көрсөтө Ктоскоолдук кылат. Ошондуктан, Афганистан маселесинде деле Кыргызстан Өзбекстанга ээрчип, Россияны алсыратууга катышууну каалайт. Бирок, Кыргызстан өтө көп чынжырлар менен Россияга көз каранды болгондуктан, аргасыздан ага ээрчий тургандыгын жарыялап олтурат.

Түркмөнстан. Түркмөнстан экономикасынын негизги табийгый газ. Ал Аллах берген бул ниъматты арзан да болсо сатып, ошону менен жан багат. Россия анын газын арзан алып, Европага кымбатка сатат. Кытай да бул жаатта үлкөн келишим түзгөн. О.э. бул жаатта Американын ТАПИ (Түркмөнстан-Афганистан-Пакистан-Индия) долбоору бар. Түркмөнстан ТАПИнин ишке ашуусуна кызыкдар. Бирок, буга Россия тоскоолдук кылып келет. Ошондуктан, Афганистан маселеси жаатында Түркмөнстан Борбор Азияга интеграцияланууну каалайт.

– Түркмөнстандын Россияга кайрылбастан, чегарада өз алдынча аскерий машыгуулар өткөрүшү

– Талибан делегациясын кабыл алышы

– Былтыр Кыргызстанда өтпөй калган Орто Азия мамлекеттеринин президенттеринин кеңешүү жыйыны быйыл Түркмөнстанда өтө турган болушу

ушуларга далалат кылат.

Казакстан. Бул өлкө Афганистандан алысыракта, ал эми Россияга жанаша жайгашкан. Анын Россияга байланган көз карандылык байламталары да абдан көп. Ошондуктан, ал Борбор Азия интеграциясынын тарапкери болсо да, бул жаатта Өзбекстанчалык активдүү боло албайт.

Афганистанга байланыштуу Орто Азия өлкөлөрүндө өнүккөн айрым окуялардын далалаттары ушулар болду. Мүмкүнчүлүгүбузгө ылайык айрым урунттуу учурларга гана кайрылдык.

Сөзүбүздүн акырында баса белгилей кетсек, Борбор Азия өлкөлөрүнүн бардыгы исламий өлкөлөр. Болгону, алар колонизатор кафирлер тарабынан басып алынып, баскынчылар кызыкчылыктарына ылайык, араларына жасалма чегаралар тартылган. Ошондуктан, бул өлкөлөрдүн мусулмандары колонизаторлор саясаттарынын курмандыктары болуп келишүүдө. Негизи, Бул исламий өлкөлөр шариятта баладуль-Ислам деп аталат жана алардын Даруль-Ислам курамында болушу важиб. Б.а. Ислам менен башкарылган Ислам мамлекети саясында болушу важиб. Эгер андай болбой жатса – Аллах ва Росулу буйруган тарыйкатта – ага аракет кылуу важиб.

Туркистон

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here