Тынч жарандарды бутага алуудан козголоңчуларды кылмыштуу чечимге моюн сундуруу көздөлгөн

292
0

Басма сөз баянаты

Тынч жарандарды бутага алуудан козголоңчуларды кылмыштуу чечимге моюн сундуруу көздөлгөн

Шейшемби күнү эрте менен Россия разведка учактарынын коргоосу астында Сирия режиминин күчтөрү Хама жана Идлиб айылдарын дагы бомбалай баштады… Флайфил жана Бенин региондоруна, Завия тоосундагы Кансафра, Барра жана Фатира о.э. түндүк-батыштагы Хама айылындагы Габда жайгашкан Калидин жана Анкавийге бомбалар жаадырылды.

Ал-Жазиранын Сириядагы кабарчысы 2021-жылы 3-июлда ачыктаган кабарда Сириянын түндүк-батышында жайгашкан Идлиб менен чектешкен Завия тоосунда эл жашаган турак-жайлар Сирия режими жана Россия күчтөрү тарабынан бомбаланып, натыйжада 9 катардагы жаран (алардын арасында 6 жаш бала жана бүтүндөй бир үй-бүлө) өлтүрүлгөнү жана 5 жарандык коргоо өкүлдөрү жараланганы айтылат.

Сирия режими жана анын союздаштары Россия менен Иран аларды ээрчүүнү четке каккандарга каршы кыргын жана кылмыштарын эч качан токтотушпайт. Ал тургай, бул кыргындар наристелерди, карыларды жана аялдарды жалмап кетсе да. Күнөөсүз тынч элди кайра-кайра бутага алуу алардын инсанийлигине кирбейт. Режимге жана анын кожоюнуна кызмат кылган келишимдер жана долбоорлорду ишке ашыруу о.э. Сирия калкынын козголоңу эсебинен саясий упайларды алуу ар дайым тынч калк бутага алынат. Бул келишимдер жана долбоорлорду ишке ашыруу – Американын саясий чечимин кабыл кылуу дегени. АКШнын бул чечими режим менен жарашууга, канкорду коргоп, анын кучагына кайтууга о.э. ырайымсыз кылмыштары үчүн аны жоопко тартпоого негизделген.

Шам козголоңчуларына каршы жасалып жаткан бул тынымсыз кылмыштар – Америка жетектеген «эл аралык коомчулук» өзүнүн малайларына шайтаний ролдорду бөлүштүрүп жатканын тастыктайт. Бул ролдор кылмышкер Асад режиминин сакталып калышын мыйзамдаштырат о.э. аны бекемдеп, турмуштук маанилүү каражаттар менен камсыздайт. Максат – Сирия калкын үмүтсүздүк жана түшкүндүк абалына салуу же душмандар тарабынан сунушталып жаткан колонизаторлук чечимин кабыл алууга мажбурлоо.

Бул кыргындар – эгер Ислам Умматы өз салтанатын баскынчылардан кайтарып албаса – Умматты ар тараптан кооп-коркунуч курчап алып жатканын көрсөтүүдө. Ошондуктан, бүткүл Ислам өлкөлөрү күнөөсүз адамдар жана козголоңчулар туш болгон мындай зулумду токтотуу үчүн коңгуроо кагышы зарыл. Козголоңчулар козголоңду «Аллах үчүн» деп башташты жана бейпил жашоо үчүн чоң курмандыктарды беришти.

Тынчтык-амандыкта жашоо үчүн чоң төлөм төлөгөн Ислам Умматы билип койсун! Жеңиш жана азиздик – кафир Батыштын өкүмдарлыгынан азат болууда, Роббинин шариятына кайтууда о.э. Аллахты ыраазы кылуу үчүн бардык турмуштук иштерде шариятты өкүмдар кылууда. Муну менен абал жана саясий оюн өзгөрөт о.э. Ислам бүткүл адамзатты оңдоо үчүн лидерликке кайтат.

 

Хизб-ут-Тахрирдин Борбордук маалымат

бөлүмүнүн аялдар жааты

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here