Кытай Кыргызстанга шарт койду

293
0

Кытай Кыргызстанга шарт койду

 Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орунбасары Кыялбек Мукашев билдиргендей, бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы чек арадан болгону 30-35 автоунаа өтүп жатат.

 Бул тууралуу ал парламенттин бюджет жана каржы комитетинин 12-июлдагы жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

 “Бүгүнкү күндө чек ара аркылуу суткасына  30-35 автоунаа өтүп жатат. Аны көбөйтүү боюнча сүйлөшүүлөргө коңшу өлкө Кыргызстандын жарандарынын 70 пайызы коронавируска каршы вакцина алсын деген маселени коюп жатат”, – деди Мукашев.

 Комментарий: Дүйнө жүзүн дүрбөлөңгө салган коронавирустан ар бир мамлекет өз кызыкчылыгы жолунда пайдаланып калууга аракет кылууда. Колонизатор мамлекеттер коронавирус пандемиясынан жакыр мамлекеттерге басым өткөрүү, аларды өздөрү каалаган жолго жүргүзүү о.э. вакцина үчүн жаңы базар ачуу жолунда пайдаланып жатышат. Ал мамлекеттер өздөрүнүн вакциналарын өткөрүү үчүн таасири алдындагы мамлекеттерди бир гана аларда чыгарылган вакциналарды алууга мажбурлап жатышат. Мисалы, Франциянын тышкы иштер министрилигиндеги мамлекеттик катчы Клеман Бон Европа Союзун Россия жана Кытайда чыгарылган вакциналарды тааныбастыкка чакырып, Европадагы төрт вакцинадан башкасы менен эмделгендерди Евробиримдиктин аймагына киргизбестикти сунуштады.

 О.э. Кытай менен Россияны Батышта чыгарылган COVID-19га каршы вакциналарды каралап, өз вакциналарын үгүттөөгө каратылган о.э. мамлекет тарабынан каржыланып жаткан “дезинформациялоочу кампанияларды” күчөткөндүктө айыптады. Мындан тышкары, Евробиримдиктеги көпчүлүк мамлекеттер АКШнын вакцинасынан пайдаланууну токтотуп коюшту. Жетекчи мамлекеттер дары-дармек базарын ээлеп алуу жана өздөрү ээлеген базарларга башкаларды киргизбөө үчүн маалыматтык согушту да күчөтүп жиберишти. Ушундай күрөш жана басымдардын натыйжасында Кыргызстан да “AstraZeneca” вакцинасын сатып алууну кийинкиге калтырып, анын ордуна калкты Кытайда өндүрүлгөн “Sinopharm” вакцинасы менен эмдей баштады. Кабарда келишинче, 11-июлда Кытайдын Sinopharm вакцинасынын 1 миллион 250 миң дозасы Кыргызстанга жеткирилди. Өкмөттүн билдиришинче, июль айынын аягында дагы ушунча өлчөмдөгү вакцина келет. Кытай Кыргызстандан калктын 70 пайызын эмдөөнү талап кылган күндө да, дал ошол өзү чыгарган вакцина менен эмдөөнү шарт кылып койгону анык. Убагы келгенде бул мамлекеттер өздөрү чыгарган вакцина менен эмделбеген адамдардын ал мамлекеттерге киришине тыюу салып коюшат.

 Мындан тышкары, колонизатор мамлекеттер пандемия шылтоосунда Ислам жана мусулмандарга каршы күрөшүн ого бетер күчөтүүдө. Мына эки жылдан бери мусулмандар ажылык ибадатын өтөй албай келишет. Кээ бир мамлекеттердеги мусулмандар бүгүнкү күнгө чейин аралыкты сактап намаз окууга мажбурланышууда. Коомдук жайларда да ар түрдүү чектөөлөр бар. Буга адамдар көп чогулган жерде вирус “жугуу” ыктымалы күчөйт деген нерсени себеп кылып көрсөтүп жатышат. А бирок, кечээ эле болуп өткөн футбол боюнча Европа чемпионатында болсо жүз миңдеген күйөрмандар стадиондорго чогулганда колонизатор мамлекеттер дүрбөлөң салган пандемия да “жукпай” турду.

Тыянактап айтканда, коронавирус пандемиясы да кудум “терроризм” жана “экстремизм” сыяктуу эле колонизатор мамлекеттер үчүн алсыз мамлекеттерге басым өткөрүү, адамдардын эркиндигин чектөө, мүлк жана мүмкүнчүлүктөрүнө кол салууга мыйзамдуу жол ачуунун булагы болуп калды.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here