АКШ күчтөрүнүн Баграм авиабазасынан чыгып кетүүсү – чегинүү жана ийгиликсиздик

184
0

Басма сөз баянаты

АКШ күчтөрүнүн Баграм авиабазасынан чыгып кетүүсү – чегинүү жана ийгиликсиздик

АКШ күчтөрүнүн Баграм авиабазасынан бүтүндөй чыгып кетиши алар Афганистанда жана бүткүл дүйнөдө чегинип жатканын жана ийгиликсиздикке учурап жатканын көрсөтөт

Жыйырма жылдай убакыттан кийин АКШ күчтөрүнүн акыркы тобу Баграм авиабазасынан чыгып кетти. Бул чегинүү АКШ жана НАТОнун Афганистандагы аскерий миссиялары аягына жеткенин түшүндүрөт.

Кезинде он миңдеген АКШ аскерлери жайгашкан жана АКШ кубатынын региондогу символу эсептелген Баграм авиабазасы учурда урандыга айланган комплекске айланып калды.

﴿فَتِلْكَ بُيُوتُهُمْ خَاوِيَةً بِمَا ظَلَمُوا إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَآيَةً لِقَوْمٍ يَعْلَمُونَ﴾

«Мына, алар залим болгондуктары себептүү үйлөрү куулдап ээн калды! Албетте мында биле турган коом үчүн аят-ибрат бар»                                                                     [27:52]

Баграм авиабазасы баскынчы күчтөрдүн негизги штабы эле. Ал жерде күн сайын миңдеген аскерий учактар асманга көтөрүлүп, күнөөсүз афгандарды кыргын кылган. Мындан тышкары, базанын ортосунда эч кандай адамдык баалуулуктар сакталбаган үрөй учурган камак болгон. Майданы чоң болгону, оор аскерий жабдыктар жайгаштырылганы үчүн көпчүлүк адамдар бул жерден америкалык күчтөрдүн чыгып кетиши кыйын деген ойдо эле. Бирок, улуу жана кудуреттүү Аллах Субханаху ва Таала кафирлерди өзүлөрүнүн айла-амалдарынын баткагына салып, алардын мусулман өлкөлөрүндөгү арзууларын Афганистандагы мусулмандар жана мужахиддер үчүн нусрат чындыгына, пикирий, саясий жана аскерий күрөштөрүнүн жеңишине айлантты.

Жыйырма жыл мурун АКШнын баскынчы күчтөрү бул өлкөнү басып алганда көпчүлүк адамдар Америка жана НАТОну «куткаруучу периштелер» деп ойлошкон. Бирок, түпкүлүгүндө Америка гуманитардык жардамдар жана адам укуктарын коргоо сыяктуу жалган ураандарды жамынып алган жырткыч айбан экени ачыкталды. Бүгүн Афганистандан чыгып бара жаткан АКШ күчтөрү калтырган оор мурасты айтып өтүшүбүз зарыл. Алар саясий жана гуманитардык кырсыктарга толуп ташкан о.э. жумушсуздук жана жакырчылыктан башка нерсеге туш болбогон алсыз мамлекетти мурас кылып калтырышты.

АКШ куралдуу күчтөрүнүн Афганистандан шерменде болуп чыгышы алар бул өлкөдө эле эмес, бүткүл дүйнөдө алсыз картон күчтөр экенин ачыкка чыгарганы шексиз. Рошид Халифалык тикеленгенде алар кырсыктуу жар кырында турганы жөнүндөгү чындык да жүзөгө чыгып, АКШ администрациясы албетте жок болот жана башкалар үчүн казган аңына өзү көмүлөт. Мына ошондо бүткүл адамзат мындай текебер мамлекеттердин коркунучунан кутулушат. Бул Аллах Субханаху ва Тааланын колунда. Ал Зат ар кандай залим, кафир кол салуучу күчтү – убакыт-сааты келгенде – жок кылууга шексиз кудуреттүү.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here