“Талибан” Борбор Азия республикаларынын чек араларын бузбастыкка убада берди
Москвада болуп өткөн сүйлөшүүлөрдө “Талибан” кыймылы Борбор Азия мамлекеттеринин чек араларын бузбастык о.э. Афганистандагы дипломатиялык миссияларга коркунуч туудурбастык тууралуу убада берди.
Россиянын тышкы иштер министрлигинде өткөрүлгөн сүйлөшүүгө “Талибан” кыймылынын Катардагы офисинен Шахабиддин Делавар башында турган делегация о.э. Россия президентинин Афганистан боюнча атайын өкүлү Замир Кабулов катышты.
Сүйлөшүүлөрдө Россия тарап Афганистан түндүгүндөгү туруксуз абалга тынчсыздануусун о.э. жаңжалды Афганистан аймагынан тышкары чыгарбаш керектигин билдирди.
“Талибандын өкүлдөрү Борбор Азия мамлекеттерине коркунуч туудурбастыгын о.э. Афганистандагы чет өлкөлөрдүн дипломатиялык жана консулдук миссиялары коопсуздугун кепилдей турганын билдиришти”, – деп айтылат кабарда.
О.э. “Талибандын” өкүлдөрү мамлекеттеги бардык этникалык топтордун кызыкчылыгын эсепке алып, сүйлөшүүлөр жолу менен Афганистанда бекем тынчтык орнотуу, адам укуктарын сыйлоо исламий нормалар жана афган каада-салттары алкагында аялдардын укуктарын коргоо тууралуу убада берди.
Комментарий: СССР Афганистанда жеңилип, 1989-жылы чыгып кетүүгө мажбур болду. СССрдин аскерлери чыгып кеткенден кийин жергиликтүү бийлик менен “Талибан” кыймылы ортосунда уланган жарандык согушта “Талибан” кыймылы үстөмдүк кылды. 1997-жылга келип “Талибан” өлкөнү дээрлик толук бойдон көзөмөлүнө алды. Ошондон кийин АКШ 2001-жылдагы 11-сентябрь окуясын шылтоолоп Афганистанга бастырып киргенге чейин өлкөнү аталган кыймыл башкарып турду. “Талибан” Афганистанды 4 жылдан ашык убакыт көзөмөлдөп турган учурда бир жолу да кошуна өлкөлөргө коркунуч туудурбады.
Себеби, “Талибандын” негизги максаты – Афганистанды ар кандай баскынчы күчтөрдөн азат кылуу. А бирок, Россия “Талибан” коркунучун көбүртүп көрсөтүү менен Борбор Азияда таасирин бекемдеп алган болсо, жергиликтүү тогуттар ушул шылтоо менен режимдерин күчөтүп алышты. АКШ аскерлери Афганистандан чыгып кеткенден кийин аталган кыймыл өлкөнү толук көзөмөлгө алган күндө да эч кандай абалда кошуна өлкөлөргө кол салууга аракет кылбайт. Себеби, “Талибан” жергиликтүү кыймыл болуп, дүйнөлүк аракетти максат кылып белгилеген эмес. Мындан тышкары, булар бийликке келе турган болсо легитимдүүлүгүн камсыздоо үчүн о.э. башка мамлекеттер анын бийлигин таанышы үчүн көбүрөөк дипломатиялык мамилелерге көңүл бурат. Башка мамлекеттер, айрыкча, дүйнөлүк саясатка таасир өткөрүүчү мамлекеттер кыймылдын бийлигин таануу үчүн ага ар түрдүү шарттарды коюшат. “Адам укуктары”, “аялдардын укуктары”, “этникалык азчылыктардын укуктары” жана башка укуктарды камсыздоо сыяктуу талаптарды коюу менен “Талибан”ды өздөрү каалаган жолго салууга аракет кылышат. Эгер “Талибан” саясий жактан сергек болбосо, аскерий жактан жеңишке жеткени менен саясий жактан жеңилип калышы мүмкүн.
Абдурахман Адилов