Исламий банктын акыйкаты

211
0

Исламий банктын акыйкаты

Учурдагы дүйнө капиталисттик (демократиялык) түзүмдө жашап жатышат. Мусулмандар өлкөлөрү да ошол системанын бир бөлүгү болуп калууда. Мусулмандар бул түзүмдү Исламдан эмес деп билишет. Ошондуктан, империалисттер мусулмандарды капитализмге жуурулуштуруу үчүн «демократиялык Ислам», «салттуу Ислам», «умеренный Ислам» деген сыяктуу жаңы-жаңы терминдерди ойлоп табышууда. Андай терминдердин дагы бири – бул «Исламий банк». Өлкөбүздө бул термин акыркы он жылдыкта пайда болду, ал эми, чет өлкөлөрдө «Исламий банктар» эчак эле белгилүү болуп, өткөн кылымдын 60-жылдарынан бери ишмердик кылып келишет.

Ошол 60-жылдары мусулмандардын Исламга талпынуусу күчөп, ошол эле маалда, Жакынкы Чыгыштагы мусулман өлкөлөрү нефтиден үлкөн кирешелерди алышты. Кээ бири мусулмандардын өнүгүүсүн каалап, кээ бири жеке кызыкчылыгын көздөп Батыштагы сүткор банктарга альтернатива болгон «Исламий банктарды» түзүү жөнүндө баш катырып, алгачкы «Исламий банктарды» ачышты. Бул банктарга мусулман, өзгөчө араб өлкөлөрүндөгү акимдер кызыкдар болушкан. Себеби алар бул банктар аркылуу нефтиден түшкөн акчаларды которуу, айырбаштоо иштерин эркин жүргүзүүнү көздөштү. Окурман «жөн эле банк ачып алышпайт» беле деп сурашы мүмкүн. Жок. Ал кезде мусулман өлкөлөрүнүн башында турган акимдер, өзгөчө Саудия жана Фарс булуңундагы режимдер өзүлөрүн Исламий кылып көрсөтүшкөн жана ачык эле сүткор банктарды ачууга батынышпаган. Ошон үчүн алар «Исламий банктарды» колдоого алышып, сарай аалымдарын ишке салып, аларга шаръийлик түсүн беришти. Ушундайча дүйнөгө «Исламий банктар» жайыла баштады.

«Исламий банктардын» реалдуулугун карасак, бул аталыш мусулмандардын маданиятында да, жашоо образында да, шариятында да жок экенин көрөбүз. Батыштын терминологиясы боюнча, «банк» деген сөздүн мааниси сүткордук уюм дегенди бышыктайт. Ошондуктан, эки нерсенин, тагырак айтканда «банк» менен «Исламдын» ортосунда эч кандай өңдөштүк жок, аларды бири-бирине байлоо мүмкүн эмес. Бирок, жогоруда айтылгандай, мусулмандарды капитализмге жуурулуштуруу үчүн «банкка» исламий түс берилип, «Исламий банк» аталып калды.

Исламий банктардын түзүлүш структурасына келсек, алар капиталисттик акционердик компаниялар негизинде түзүлгөн. Белгилүү болгондой, акционердик компаниялар Исламдагы компания (ширкет) түзүү эрежелерине каршы келет. Акционердик компанияларда шарият талап кылган ачык-айкындуулук жок, каалаган адам акцияларды сатып алуу менен акционерге айланат, бул шериктештикке кирген адамдар бири-бирин тааныбайт, башкача айтканда, Ислам шарттаган сунуш жана кабылдоо жок. Ошондой эле, компаниянын ишмердиги, токтомдору, башкаруусу директорлор кеңешинен көз каранды.

Исламий банктын ички операциялары. Исламий түс берилип «мурабаха» деп аталган сатып алуу-сатуу операциясы жөнүндө айта турган болсок, Исламий банк аркылуу сатып алуу жараяны төмөнкүчө болот: сатып алуучу банкка келип белгилүү бир товарды сатып алууну каалап жатканын билдирет, андан соң сатып алуучу менен банктын ортосунда товардын баасы белгиленет жана сатып алуу жөнүндө келишим түзүлөт. Келишим толук түзүлүп бүткөндөн кийин гана банк сатып алуучунун өтүнүчү негизинде товарды сатып алат, башкача айтканда, банк өз менчигинде болбогон товарды соодалап жатат. Шарият боюнча бул жайиз эсептелбейт. Себеби сатып алуучу менен банктын ортосундагы келишим банктын менчигинде болгон реалдуу товар үстүндө түзүлгөн жок. Ошондой эле, сатып алуучу жеке тарап же жеке тараптын өкүлү менен эмес, юридикалык тарап менен келишим түзүүдө. Бул да жайиз эмес. Себеби, жоопкерчилик кимге түшөрү белгисиз.

Ошондой эле сатып алуучунун (банктан алган товар үчүн) карыздан кутулуу шарты да шарият боюнча туура эмес. Себеби келишимде көрсөтүлгөн сумма толук төлөнмөйүнчө сатылган товар банктын күрөөсүндө болот, бул жагдай товардын менчик ээсин (сатып алуучуну) бул товар боюнча ар кандай операция жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнөн кур жалак калтырат. Андан тышкары, сатып алуучу карызды өз маалында төлөй албай калса, төлөнчү сумма көбөйтүлөт же банк товарды конфискация кылат. Бул да шарият боюнча жайиз эмес.

Белгиленген баанын суммасын көбөйтүү жайиз эмес жана карызды төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу керек.

Ушул айтылгандардын негизинде, Исламий банктардагы сатып алуу-сатуу операциялары Исламдагы мурабаха келишиминин шарттарына туура келбейт.

Ибн Баз ] («Фатава» жыйнагы, №6 суроо): «Сиздин оюңуз боюнча сатып алуу-сатуу келишиминдеги эки тараптын укугун коргогон, арийне, коом укугун, түзүмүн жана коопсуздугун коргогон эрежелер кайсылар?», – деген суроо тууралуу «аль-Жазира» гезитинин редакциясына жазган жооп катында мындай деген: «Сатып алуу-сатуу келишиминдеги эки тарап харам келишим түзүп албастыгы үчүн бул операцияда шарият талап кылган нерсени билүүсү зарыл. Андан кийин, алар товарды сатып алышып, аны сатып алуучуга сунушташат. Алардын айрымдары – сатылган жана сатып алынган товарды сатуучунун дүкөнүнөн алып чыкпай (көчүрбөй) жатып эле – сатып алышып, сатышат. Башкача айтканда, алар товарды иш жүзүндө өз менчигине өткөрүп алганга чейин эле сатып жиберишет. Бул эки жагдай Набий Aдан ырасталган нерсе боюнча жайиз эмес. Пайгамбарыбыз A айтты: «Хаким ибн Хаззам! Өзүңдө жок нерсени сатпа». (Ахмад, Тирмизий, Ибн Мажа)… Бул жана ушул мааниде келген башка хадистерден акыйкатты издөөчүгө ушул нерсе айкын болот: мусулман өз менчигинде болбогон нерсени сатышы, андан кийин барып аны сатып алышы жайиз эмес. Тескерисинче, аны толук өзүнүн менчигине өткөрүп алганга чейин аны сатууну кечиктирип турушу керек».

Мындан тышкары, Исламий банктар «музараба» деген аталышта операцияларды жүргүзөт: банк жеке адамдар же компаниялар менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашырат. Бул долбоорлор да көптөгөн суроолорду жаратат. Себеби Исламий банктар киреше жана чыгаша жаатында койгон шарттар шариятта көрсөтүлгөн шарттарга карама-каршы келет. Мисалы эки тарап шарият боюнча биргелешип иштешмекчи болсо, бири каражат бөлсө, экинчиси мээнет кылат. Түшкөн киреше ортодо бөлүнөт, ал эми иш оңунан чыкпай калса, капитал ээси каражатына күйөт, мээнет кылган мээнетине күйөт. Бирок Исламий банктардын музараба операцияларында – долбоорлор оңунан чыкпай калса – банк эч кандай зыян көрбөйт, зыянды (финансылык болсун, мээнет болсун) жалаң гана экинчи тарап көрөт. Келишимде көрсөтүлгөн шарттар банкты ар кандай зыяндан коргойт. Шариятыбыз компанияларды түзүүнүн эрежелерин так, даана белгилеген. Бул эрежелерди Исламий банктардан табуу кыйын.

Исламий банктардын тышкы т.а. банктар, компаниялар жана биржалар сыяктуу башка мекемелер менен болгон операцияларына келсек, аларга байкоо салган киши Исламий банк менен сүткор банктардын ортосунда айырманы дээрлик көрбөйт. Бул Исламий банктар өз акчаларын борбордук банктарга коёт жана ушул банктар аркылуу бир нече инвестициялык операцияларды жасайт. Андан тышкары, ар мамлекеттин борбордук банктары өлкөдөгө банк системасын жөнгө салып турат жана өзүнүн эрежелерин колдонот. Маселен, Малайзиянын Борбордук банкы банкроттук учурунда кепилдик катары өлкөдөгү Исламий банктарды жылдык 6% пайыз менен белгилүү бир суммага депозиттик эсеп ачуу милдеттендирген.

Исламий банктар эч бир этият чараларын көрбөй биржаларда бардык түрдөгү алып-сатуу операцияларын жүргүзөт. Белгилүү болгондой, фондулук биржаларда бүт соода виртуалдуу болот, заматта товарлардын – иш жүзүндө менчикке өтпөй жатып эле – ээси 2-3 жолу алмашып кетет. Исламий банктар инвестиция максатында бул фондулук биржаларда каражаттарын жаткырат, акцияларды сатып, акцияларды сатат. Ошондуктан бул банктардын максаты (өзүлөрү айткандай) адамдарды сүткордуктан жана шарият боюнча жайиз болбогон операциялардан куткаруу эмес, алардын максаты – пайда көрүү деп айтууга болот.

Исламий банктын атасы саналган, жана Исламий банкка 40 жыл өмүрүн берген доктор Ахмад Абдул Азиз ан-Нажар айтат: «Исламий банктар өз каражаттарын араб өлкөлөрүнүн ичиндеги жана тышындагы сүткор банктарга инвестиция кылышты, себеби бул (Исламий) банктардын каражаттарын туруктуу сүткордук кирешени кепилдеген сүткор банктардан табуу мүмкүн». («Ал-Кофила» журналы).

Бул Исламий банктардын негизги операциялары болду, башка операциялары Ислам атын жамынган болсо да, Исламдан алыс.

Бүгүн биз капитализмде жашап жатабыз. Капитализмде эң башкы максат – бул материалдык пайда табуу. Ошон үчүн адамдар кандай болбосун пайда табуу үчүн бул банктарга «Исламийлик» сыпатты берүүгө аракет кылышууда. Албетте алар бул жолдо мусулман аалымдарынан пайдаланышууда. Аалымдар болсо, илимсиздиктен улам же дуняны деп аларга каалаган фатваларды чыгарып беришүүдө. «Исламий банктардын тобокелдик-менеджменти» деген китепте Дубайдагы бир инвестициялык банктын кызматкери мындай дейт: «Биз сүткор банктардын ошол эле операцияларын кайра түзүү үстүндө иштейбиз, кийин «халал сертификатын» алуу үчүн шейх менен байланышабыз. Эгер фатва берүүчү макул болбосо, башкасын издейбиз жана мурункудан көбүрөөк акча сунуштайбыз. Ошентип «сертификат» алмайын уланта беребиз».

Исламий банктар сүткордукту айланып өтүү үчүн ар кандай эрежелерди, «шарий мыйзамдарды» ойлоп табышты. Тышынан караганда бул банктар Исламий болуп көрүнгөн менен, а бирок ичи накта капиталисттик. Сүткор банктар менен Исламий банктардын дээрлик айырмасы жок. Шейх Албаний айтат: «… Исламий ураандарды көтөрүп чыккан банктар менен башка банктардын ортосунда айырма жок. Исламий банк менен Британия же Америка банкы ортосунда эч кандай айырма жок. Анткени, система бир. Бирок, өкүнүчтүүсү, өзүн исламий деп жарыялаган банк Британиядагы же Америкадагы башка банктардан кооптуураак болушу мүмкүн. Себеби, бул банктар Исламдын жамынып алышкан. Алар Куран жана Сүннөт эскерткен яхудийлердин ишин кылышууда».

Пакистандын Карачи шаарындагы Исламий фикхий коому: «Исламий банктар азыркы көрүнүшүндө шариятка тескери жана харам болуп эсептелет. Бул банктар башка исламий эмес банктардан айырмаланбайт. Ошондуктан, алар менен ишмердик кылуу шаръий түрдө жайиз эмес».

Негизи, башында бул Исламий банктарды түзгөндөр бул банктар мусулман элин өнүктүрөт, кризистен чыгарат деп айтышкан. Бирок жылдар өтүп Исламий банктар бул үмүттү актабады. А түгүл, өнүгүү биякта турсун, тескерисинче, мусулман өлкөлөрүндөгү капитал ушул банктар аркылуу Батышка чыгып кетип жатат, Батыштын экономикасын кубаттоодо.

Эгер жакшылап назар салсак, «Исламий» дегендин бири да мусулман Умматына эч бир өнүгүү алып келбегенин көрөбүз. «Исламий демократия», «Исламий биржа», «Исламий банк»… дагы эмнени Исламий кылалы… Бул «Исламий» аталыштардын баары жөн гана маска болуп берүүдө, алардын артында капитализм турат. Ошондуктан капитализмдин ар кандай көрүнүштөрүнө «Исламий» түс бергенди, Исламды капитализмге (демократияга) ылайыкташтырууну токтотушубуз керек. Эгер чыныгы ойгонууну, өнүгүүнү кааласак, Куран жана Сүннөткө кайрылып, анын негизинде мусулман коомун түзүү үчүн күрөшүүбүз зарыл.

Харун Абдулхак

Архивден алынды

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here