Өзбекстан терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча улуттук стратегиясын тастыктады

245
0

Өзбекстан терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча улуттук стратегиясын тастыктады

 Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин 1-июлдагы буйругу менен “Өзбекстан республикасынын экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча 2021-2026-жылдарга болжолдонгон Улуттук стратегиясы” күчүнө кирди.

 Стратегиянын артыкчылыктуу багыттары болуп төмөнкүлөр белгиленген:

 – экстремизм жана терроризм идеялары жайылышынын алдын алуу максатында мекенчилдик, салттуу баалуулуктар жана толеранттуулук идеологиясына үгүттөө;

 – жашы жете элек балдар жана жаштар арасында экстремизм, терроризм идеялары жайылышынын алдын алуу;

 – аялдардын укуктарын коргоо о.э. экстремизм жана терроризмге каршы күрөштө аялдардын ролун күчөтүү;

 – узак убакыт чет өлкөдө болгон жарандарды экстремизм жана терроризм идеялары таасиринен коргоо;

 – интернеттен, дүйнөлүк маалымат тармагынан экстремисттик жана террористтик максаттарда пайдаланууга каршы күрөшүү;

 – жарандык коом институттары жана массалык маалымат каражаттарын терроризм жана экстремизмге каршы күрөшкө тартуу;

 – экстремистик жана террордук аракеттерди ишке ашыргандык о.э. аларды каржылоо үчүн укуктук жоопкерчилик чараларын өркүндөтүү;

 – экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү тармагындагы нормативдик-укуктук базаны кеңейтүү;

 – ушул тармактагы эл аралык жана аймактык кызматташтыкты өнүктүрүү.

Өзбекстан экстремизм, терроризмге жана аларды каржылоого каршы күрөшүүдө эл аралык кызматташтыкты бекемдөө маанилүү экендигин эске алып, төмөнкү милдеттерди ишке ашыруу маанилүү деп эсептейт:

– терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүүнүн эл аралык-укуктук негиздерин өркүндөтүүгө көмөктөшүү;

– дипломатиялык өкүлчүлүктөр жана консулдук мекемелердин, тышкы эмгек миграциясы агенттигинин о.э. чет өлкөгө узак убакытка бара жаткан о.э. ал жакта жашап жаткан жарандар менен алектенүүчү башка мекемелердин кадрларынын ыйгарым-укуктарын жана ресурстарын бекемдөө;

– башка мамлекеттер, аймактык, эл аралык уюмдар менен терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүү жаатындагы кызматташтыктын келишимдик -укуктук негиздерин кеңейтүү.

 Комментарий: Кудайсыз коммунисттик түзүм 75-жыл бою катаал саясат жүргүзгөнүнө карабастан, Өзбекстан мусулмандарын Ислам дининен кайтара албады. Коммунисттик түзүмдүн акыркы жылдары бийликке келген, Өзбекстан “эгемендүүлүккө жеткен соң” 25 жыл бою Өзбекстанды зулум жана коркутуу менен башкарган Каримов да Ислам жана мусулмандарга каршы катаал саясатты улантты. Каримовдун доорунда канчалаган Ислам аалымдары жок кылынды, камакка алынды, айрымдары динин жана өмүрүн сактап калуу үчүн чет өлкөгө качып кетүүгө мажбур болушту. А бирок, канкор Каримов аларды чет өлкөдө да тынч койбоду. Атайын кызматтар аркылуу алардын өмүрүнө кол салды. Каримов башкаруусу доорунда Ислам жана мусулмандарга каршы күрөш жаңы баскычка көтөрүлдү. Ал тургай, кудайсыздар түзүмү да унчукпаган аялдардын жоолугу жана эркектердин сакалы менен ак топусуна чейин күрөштү. Кыскасы ар кандай исламий көрүнүш жана баалуулуктарга каршы аёосуз күрөш алып барды. 

 Каримов өлгөндөн кийин бийликке келген Мирзиёевдин демилгеси менен уюштурулган Куръан окуу жарышында Өзбекстан боюнча миңдеген мураттаб карылардын катышуусу Мирзиёевдин о.э. Ислам жана мусулмандарга каршы катаал саясат жүргүзүүдө яхудий Каримовдун кол-буту болгон коопсуздук кызматы менен күч түзүмдөрүн шаштырып койду. Каримовдун 25 жылдык залим саясаты да өзбек мусулмандарын динден кайтара албаганы алардын эсин эки кылды. Ошол себептен да Куръан жарышы бүтөрү менен карыларды окуткан “мыйзамсыз хужраларга” чабуул башталды. Жүздөгөн “мыйзамсыз хужралар” табылып, устаз карылар админстративдик жана кылмыш жоопкерчилигине тартылышты. Ал тургай, Куръан жарышына катышкан мураттаб карылардын үстүнөн кылмыш иши козголуп, кээ бирлери жасалма айыптар менен камакка алынышты.

 Өзбекстан мусулмандарына каршы ушунча жылдык ырайымсыз күрөш аларды динден баш тартууга мажбурлай албай жатышы, мусулмандар өмүрү, малы-жаны, ден-соолугу, азаттыгы жана бейпилдигин коркунучка кептеп болсо да Исламды кудум чокту кармагандай кармап келе жатышы, Мирзиёевди бир кезде өзү жокко чыгарган “кара тизмени” кайрадан киргизүүгө мажбурлады.

 Мирзиёев 2019-жылдын 4-сентябрында 4437м саны менен расмийлештирилген жашыруун буйрукка кол коюп, атайын кызматтар менен күч түзүмдөрүнө мамлекетте атайын тизме түзүү тууралуу тапшырма берди.

 Ал тизмеге төмөнкүлөр киргизилди:

  1. Чет өлкөдөгү согуштар уланып жаткан аймактарда экстремисттик топтордун курамында жүргөн адамдардын тизмеси;
  2. Профессионалдык спортчулар арасынан түрдүү диний фанатизмге¸ сакал коюуга¸ хижаб кийүүгө жана татуировка сыяктуу нерселерге ыктоосу бар адамдардын тизмеси;
  3. Чет өлкөгө диний билим алуу максатында чыгып кеткен жаш балдар¸ чет элдеги диний билим берүү мекемелерин бүтүрүп келген адамдар тизмеси;
  4. Диний фанатизмге ыктоосу бар аялдардын тизмеси;
  5. Чет өлкөдө иштөөнү каалаган кыз-келиндер тизмеси;
  6. Чет өлкөдөн мамлекетке алынып келип жаткан диний мазмундагы символ жана белгилүү буюмдар тизмеси;
  7. Юстиция мекемелеринин каттоосунан өтпөгөн жана максаттуу падаланылбай жаткан мечиттер тизмеси;

 8.Террордук жана экстремисттик уюмдардын идеяларына үгүттөп жаткан веб-сайттар¸ профилдер жана социалдык тармактагы каналдар тизмеси.

 Мирзиёев да, кудум Каримов сыяктуу эле, Ислам динине жана идеологиясына каршы күрөштө анык жеңилет. Ошол себептен Мирзиёев да элди коркууда кармап, баш көтөртпөй туруу үчүн “терроризм” жана “экстремизм” коркунучунан пайдаланууда. О.э. күздө боло турган президенттик шайлоодон кийинки репрессияга шарт түзүп жатат.

 Каримов “улуттук идеология жараталы” деп жүрүп өлүп кетти. Мекенчилдик, улутчулдук эч качан адамзатты бириктирүүгө, ал тургай бир жерде жашап жаткан түрдүү улут өкүлдөрүн бириктирүүгө жарабайт. Мекенчилдик идеологиясын ала турган болсок, бул идеология бир мекендеги элдерди согуш абалында гана бириктире алышы мүмкүн. Адам жашоосунун көп бөлүгү согушсуз, тынч өткөнү себептүү тынчтыкта бул идеологиянын эч кандай мааниси жок. Андан тышкары, бир мекендин өнүгүшү үчүн башка мекенде жашап жаткандар эч качан аракет кылышпайт. Мисалы, Өзбекстан калкы “Өзбекстан келечеги улуу мамлекет” деп канчалык жар салбасын, Кыргызстан же Тажикстан жарандары үчүн мунун эч кандай мааниси болбойт. Ал жакта жашап жаткандар Өзбекстандын келечеги үчүн козголуп да коюшпайт. Улуттук идеология болсо, ал тургай мекенчилдик идеологиясынан да төмөн болуп, бир мекенде жашап жаткан түрдүү улут өкүлдөрүн бириктирүүгө да жарабайт. Себеби, эч бир улут өзүнүн үстүнөн башка бир улут өкүмдар болушун каалабайт. Тескерисинче, бул идеология бир мекенде жашап жаткан түрдүү улуттар ортосунда жаңжалдар келип чыгышына себепкер болушу мүмкүн.

 Мирзиёевдин Ислам дини жана идеологиясы каршысында жеңилгени Ислам динин идеология катары көтөрүп чыгып жаткан Хизб ут-Тахрир исламий саясий партиясына ачык эле жалаа жабууга өтүп алышынан көрүнүп турат. Ал тургай, Ислам жана мусулмандарга каршы диний душман болгон, мусулмандарга каршы ырайымсыздык менен күрөшкөн яхудий Каримов башкаруусу доорунда да Хизб ут-Тахрир террорчу уюм деп аталган эмес. Мирзиёев болсо Россияны ээрчип Хизб ут-Тахрирге террорчу уюм деген тамганы басууга аракет кылууда.

 Тыянактап айтканда, малай акимдер мекенчилдик, салттуу баалуулуктар жана толеранттуулук сыяктуу ураандарды өз бийлигин бекемдөө, бийлигинин өмүрүн узартуу үчүн гана көтөрүп жатышат. Адамдарды улутуна, расасына, жашаган жерине карабастан жетектөөгө жана бириктирүүгө кудуреттүү болгон жападан-жалгыз идеология – бул Ислам идеологиясы. Ушул идеология гана мусулмандардын, керек болсо бүтүндөй адамзаттын кадыржамдыгы, жыргалчылыгы жана өнүгүүсүнө кепил боло алат.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here