Оң рулдуу унаалардын тетиктерин ташып келүүгө тыюу салынат

189
0

Оң рулдуу унаалардын тетиктерин ташып келүүгө тыюу салынат

Санариптик өнүктүрүү министрлиги оң рулдуу автоунааларды кураштырган, жаңылаган тетиктерди сырттан алып келүүгө тыюу салууну сунуштады.

Министрликтин маалыматына ылайык, буга чейин рулу оң тарабында жайгашкан автоунааларды өлкөгө киргизүүгө тыюу салынганда, номердик түйүндөрдү жана агрегаттарды ташып келүүгө чектөө киргизилбеген. Мыйзамдагы бул жагдайдан улам оң рулдуу автоунааларды кураштырган тетиктер өлкөгө тоскоолдуксуз алып келинүүдө. Мындан улам руль оң тарабында жайгашкан транспорт каражаттарына жаңы кузовдорду орнотууга, мурда жарактан чыккан транспорт каражаттарын каттоого тыюу салуу демилгеси көтөрүлдү.

          Белгилүү болгондой, 2020-жылдын 1-январынан тарта Евразия Экономикалык Биримдигинен (ЕАЭБ) сырткаркы мамлекеттерден ташып келинген автоунаалардан алынчу бажы алымы көбөйгөн. Мисалы, 2009-жылы чыккан 2,5 көлөмдөгү «Toyota Camry» автоунаасынын бажы төлөмү мурда 1250 доллар болсо, 1-январдан баштап ушундай эле машиненин бажы төлөмү 13 600 долларга чыкты.

Кыргызстан ЕАЭБге 2015-жылы мүчө болуп кирген. Негизи, Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө болушу мамлекетке эч кандай пайда алып келбестиги ошол кезде эле анык болчу. Кыргызстан экономикасынын негизи болгон реэкспорт (Кытайдан товар алып башка өлкөлөргө сатуу) дээрлик токтоп калды, Дордой жана Кара-Суу базарлары чоң зыянга учурады. Мамлекет ишенген негизги тармак – тигүүчүлүк тармагы өндүргөн товарларын ЕАЭБдеги базарларга алып чыгууда проблемаларга дуушар болду. Казакстан менен Россия “фитосанитария талаптарына жооп бербейт” деген шылтоо менен Кыргызстандын айыл чарба продукцияларына чектөөлөрдү байма-бай киргизип келет.

Ал эми, Кыргызстанга кирип келе жаткан Россия жана Казакстандын товарларына эч кандай чектөө болбоду. Адатта экономикасын сактап калгысы келген өлкө ири ишканаларын ички базарда тышкы атаандаштардан коргоо үчүн импорттук товарларды алып кирүүгө ар тараптуу тоскоолдуктарды пайда кылат. Мындай кызыкчылык, уюмдагы Орусия үчүн гана иштеп жатат. Муну аталган өлкөлөрдүн соода байланышы да так көрсөтүп турат. Маселен, уюмга мүчө өлкөлөрдүн баары дээрлик жыл сайын тескери сальдо менен чыгууда, тагыраагы, экспорт импортко караганда аз. Бир гана Орусияда экспорттун көлөмү өсүп жатат.

Мындан ачык көрүнүп тургандай, Орусия ЕАЭБди түзүүдөн максаты өзүнүн өтпөй калган товарларын сатуу үчүн жаңы базар ачуу болгон. Муну менен бирге, алардын Орусияга карата экономикалык көз карандылыгын да күчөтүп алууда. Анткени, Орус бийлиги эч качан Кыргызстандын же ЕАЭБдеги башка бир мамлекеттин өнүгүп кетишин каалабайт. Биздин акимдер болсо бул уюмдун эч кандай пайдасы жоктугун билип туруп да, өз бийликтерин сактап калуу үчүн өлкөнү уюмга алып киришти жана калкыбыз анын залалын тартып келүүдө. Эми буларга кошумча оң рулдуу унаалардын тетиктерин киргизүүгө тыюу салуу менен автоунааларды Орусиядан гана ташууга шарт жаратылганы жатат. Бул өз кезегинде өлкөнүн Орусияга көз карандылыгын арттырып, салык жана башка пайдалардын ага гана түшүп турушуна алып келет. Демек, бул мыйзам ишке кирсе бир гана Россиянын саясий жана экономикалык кызыкчылыктарын камсыздайт. Саясий тарабы – Өзбекстан, Тажикстан, Кытай сыяктуу мамлекеттерге ушул мыйзам аркылуу экономикалык басым өткөрүүгө аракет кылат. Экономикалык тараптан, алгач Россиядагы чирип бара жаткан эски унаалардан кутулууну, андан соң башка жакка өтпөй калган унааларды бизге өткөрүүнү көздөйт.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here