Шаръий коида

181
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Шаръий коида

Коида – бул негиз деген маанини түшүндүрөт. Эгер бардык тармакка негиз боло турган болсо ал – акыйда – деп аталат. Бул коида – акыйда – акылдын жемиши болушу да мүмкүн, мисалы: “динди турмуштан ажыратуу керек” деген сыяктуу, бул демократтардын акыйдасы. Демократтар ушул негизден туруп пикирлеп, ар бир нерсеге ушундан келип чыгып баа беришет. Бул алардын жашоо негизи болуп эсептелет. Же шаръий болушу да мүмкүн, мисалы: “Аллах Таала айткандай жашашыбыз керек” дегендей, бул Ислам акыйдасы. Мусулмандар жашоосунун негизи ушул болушу керек, ар бир ишке, нерсеге Куръан жана хадистен же сахих ижтихаддан келип чыгып жандашуусу керек. Ошондо акыйданы өз ордуна койгон болобуз. Антпесек, жашообузда бул акыйданын эч кандай салмагы болбойт, Акыретте да шерменде болобуз, Аллах Таала айтат:

كَبُرَ مَقْتًا عِندَ اللَّهِ أَن تَقُولُوا مَا لَا تَفْعَلُونَ ()يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آَمَنُوا لِمَ تَقُولُونَ مَا لَا تَفْعَلُونَ

“Эй, ыйман келтиргендер! Силер эмнеге өзүңөр кылбай турган нерсени (кылабыз деп) айтасыңар?! Силердин өзүңөр кылбай турган ишти (кылабыз деп) айтууңар Аллах алдында өтө жаман көрүлгөн иш” (61:2-3)

Амалдар үчүн да коида – негиз бар, ал амалий коида деп аталат. Амалий коида – пикирди амалга байлоо жана экөөсү бир максат үчүн болушу. Ар бир амалдын максаты болушу зарыл деп айтуудан көздөлгөн максат, пикир жүргүзүү жана амал кылуунун белгилүү бир гоя үчүн болушу. Мусулмандар жашоосундагы бардык иштердин негизи ушул. Усулий коидалар да бар, алар Куръан хадистерди түшүнүүдө негиз болот, мисалы: “эътибар себептин хостугунда эмес, хытабдын умумийлигинде” т.а. нусустардагы өкүмдөр хос себеп менен түшүрүлгөн. Бирок, хытаб умумий болсо, бул өкүмдүн түшүрүлүүсүнө этибар берилбейт. Тескерисинче, нусустардагы өкүмдөргө этибар берилет. Же фикхий коида болушу мүмкүн, мисалы: “шек-күмөндүү болсо хаддарды колдонууну токтоткула” деген сыяктуу. Бул коида жазаларды колдонууда негиз болот. Фикхий коида мубах өкүмдөр үчүн болушу мүмкүн, мисалы: “нерселердеги аслдык мубах” деген сыяктуу же фарздарда болушу мүмкүн, мисалы: “важиб эмне менен ишке ашса, ал да важиб” дегендей. Башка өкүмдөрдө же умумий болушу да мүмкүн, мисалы: “Истисхаб” т.а. башка өкүм келмейинче мурунку өкүм өз күчүндө турат” дегендей.

 Абу Усман Мухаммад

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here