Жылдап кыңк этпей келген Рашид Ганнушийдин оозун сөз чыкты, бирок, мункар сөздү сүйлөдү!

247
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Жылдап кыңк этпей келген Рашид Ганнушийдин оозун сөз чыкты, бирок, мункар сөздү сүйлөдү!

«Ал-Жазира нет» хижрий 1442-жылы 6-шаввал, миладий 2021-жылы 18-май күнү жарыялаган кабарда мындай делет: Тунис парламентинин депутаты, Нахза кыймылынын төрагасы Рашид Ганнуший: «Фалестин каршылык кыймылынын каармандыгы жаңы келечек жаратат, жакында иштер өз ордуна түшүшүнө, ушул аркылуу Фалестин маселеси дагы өзүнүн туура жолун таап алышына бүткүл араб дүйнөсү жана Шам региону күбө болот», – деди.

Ганнуший «Ал-Жазиранын» каналына шейшемби күнү берген интервьюсунда: «Азаттыктын жолу – Фалестин каршылык кыймылы, сүйлөшүү эмес, ийгиликтин сыры да мына ушунда», – деди. Ушул көз карашты улай Акса мечити жана Газа сектору башынан өткөргөн акыркы окуялардын артынан нусраттын белгилери ачык-айкын көрүнгөнүн баса белгиледи».

Роя:

Мына, жылдар бою ооз ачпай жаткан Ганнушийдин тили чыкты, бирок, мункарды сүйлөдү. Ал мунун ордуна армияларды жана акимдерди Фалестинге жана анын калкына нусрат берүүгө чакырса болмок. Бирок, ал фитна сөздөрдү сүйлөп жатат. Себеби, ал Фалестин маселесин Фалестин калкына чектеп жатат, негизи, бул жердин азаттыгын жеке адамдарга жана кыймылдарга байлап жаткан кимселердин баары тил бириктирүүчүлөр болуп эсептелет. Алар Фалестинди баскынчылык астында калышын каалашууда, мына ушундай «жалындуу» билдирүүлөрү менен мусулмандардын жана алардын армияларынын Фалестинди азат кылуу мүмкүнчүлүктөрүн жокко чыгарууга урунуп жатышат.

Бул Ганнуший «каарман каршылык кыймылы» деген сөздөрү менен өзүнүн ушунча убакыт Фалестин калкын жардамсыз калтырганын актай албайт. Негизи, кимде-ким Фалестинге нусрат берүү үчүн армияларды аракетке келтирүүгө чакырбаса, ал яхудийлер баскынчылыгынын бекемделишине түздөн-түз же кыйыр түрдө салым кошкон болот, муну «жалындуу» сөздөрү жана ураандары менен жашыра албайт.

 

Роя гезити, №341, 2021-жыл, 2-июнь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here