«Дуа казаны кайтарат» деген хадис кандай түшүнүлөт?

446
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Суроо-жооб

«Дуа казаны кайтарат» деген хадис кандай түшүнүлөт?

 Суроо:

«Исламий пикирлөө» китеби биздин табанний кылынган китептерден  саналат. Ушул китепте дуа казаны да, тагдырды да, ошондой эле, Аллахтын илимин да өзгөртпөйт деп келген. Бирок, Куран жана сүннөттө бул түшүнүккө каршы келген насстар бар. Набий ﷺдан:

«لَا يَرُدُّ الْقَضَاءَ إِلَّا الدُّعَاءُ»

«Каза бир гана дуа менен кайтарылат», деген хадис бар. Бул маанидеги көптөгөн хадистерди кездештирүүгө болот. Бул хадис тастыктап тургандай дуа казаны өзгөртөт. Ошондуктан, биздин китепте келген түшүнүк менен бул насстарда келген карама-каршылыктардын ортосунда кандай алака кылынат? Аллах ыраазы болсун.

Жооб:

Сенин сурооңдо көрүнүп тургандай, «Исламий пикирлөө» китеби эмес, «Исламий пикир» китебинде келген нерседен суроо салып жатасың, ошондой эле, суроодо да каталар орун алган. Ал ката «биздин табанний кылынган китептерден саналат» дегениң. Ал китеп табанний кылынган китеп эмес. Ал китеп «Идарий топтом» китебинде «Хизб чыгарган табанний кылынбаган китептер» бабында аты аталган китеп. Белгилүү этибар үчүн амирдин же башка бир мүчөнүн аты аталышынын айырмасы жок, ал китеп халкаларда окутулбайт. Сен суроо салып жаткан нерсе бул китептеги ушул цитата тууралуу болуп жатат: «Бирок, ачык-айкын боло турган нерсе дуа Аллахтын илиминдеги нерсени өзгөртпөйт. Казаны кетирбейт жана тагдырды да өзгөртпөйт. Себеби, жок эч бир нерсе болбойт. Анткени, Аллах боло турган нерсенин баардыгын анык билген зат. Аллахтын казасы шек-күмөнсүз боло турган нерсе. Эгер, дуа казаны кайтара турган болгондо, анда, каза болмок эмес. Кадарды Аллах пайда кылган, аны дуа кетире албайт…». Сен бул жерде айтып өткөн нерсе  хадисте келген:

«إِنَّ الدُّعَاءَ يَرُدُّ الْقَضَاءَ»

«Дуа казаны  кайтарат» деген, дагы бир риваятта:

«لَا يَرُدُّ الْقَدَرَ إِلَّا الدُّعَاءُ»

«Кадар бир гана дуа менен кайтарылат» деген нерсеге каршы келет деп жатасың. Ошондой эле, бул карама-каршылыктардын ортосун кандай байланыштырабыз, деп суроо салдың.

Жообго киришүүдөн мурун кириш сөз катары бул ишке байланышкан кээ бир нерселерге токтолуп өтөмүн:

  • Аллах Таала айтат:

﴿وَقَالَ رَبُّكُمُ ادْعُونِي أَسْتَجِبْ لَكُمْ إِنَّ الَّذِينَ يَسْتَكْبِرُونَ عَنْ عِبَادَتِي سَيَدْخُلُونَ جَهَنَّمَ دَاخِرِينَ﴾

«Роббиңер  айтты: «Мага дуа кылгыла, мен аны кабыл аламын. Мага ибадат кылуудан текеберленгендер тозокко кордологон абалда киришет»»                                            [Гофир 60]

  • Хаким Мустадрак китебиндеги риваятта Абу Хурайра Gдан айтты: Пайгамбар A айтты:

«لَيْسَ شَيْءٌ أَكْرَمَ عَلَى اللَّهِ مِنْ الدُّعَاءِ»

«Аллахка дуадан өткөн урматтуу нерсе жок». Ахмад Муснадында Абу Саид Gдан Пайгамбар A айтты:

«مَا مِنْ مُسْلِمٍ يَدْعُو بِدَعْوَةٍ لَيْسَ فِيهَا إِثْمٌ وَلَا قَطِيعَةُ رَحِمٍ إِلَّا أَعْطَاهُ اللَّهُ بِهَا إِحْدَى ثَلَاثٍ إِمَّا أَنْ تُعَجَّل لَهُ دَعْوَتُهُ وَإِمَّا أَنْ يَدَّخِرَهَا لَهُ فِي الْآخِرَةِ وَإِمَّا أَنْ يَصْرِفَ عَنْهُ مِنْ السُّوءِ مِثْلَهَا قَالُوا إِذاً نُكْثِرُ قَالَ اللَّهُ أَكْثَرُ»

«Кайсы бир мусулман туугандык катнашын үзбөй, дуасында күнөө нерсе жок Аллахка дуа кылса, Аллах ага үч нерсенин бирөөсүн берет: анын дуасын кабыл алат, же Акыркетке сактап койот, же дуасынчалык жамандыкты андан кетирет. Айтышты: «Анда дуаны көбөйтөлү». Пайгамбар A айтты: «Аллах көбүрөөк кылуучу». Хаким Мустадрак китебинде ушул эле хадисти Абу Саид Gдан келтирген.

Бул далилдерден көрүнүп тургандай, Аллах момун пендесин Ага көбүрөөк дуа кылуусун жакшы көрөт. Ошондой эле, Ахмаддын Муснадында келгендей, ага дуасына жооп катары үч нерсенин бирөөсү менен жооп кайтарылары да айтылды. Анын дуасына жооп кайтарылары Лавхул Махфузда жазылган. Эч бир нерсе эзелтен жазуусуз калтырылбаган. Тактап айтканда, бардык боло турган нерсенин бардыгы жарала электен мурда эле Лавхул Махфузда жазылынган, анын баяны төмөндө айтылат.

  • Эгер, маселеге тийиштүү катий далил болсо, ал катий өкүмдү берет. Ошондой эле, маселенин өзүнө тийиштүү санады сахих зонний далил келип катий далил менен карама-каршы негизде болсо, эки далилдин ортосун жамдаштырууга аракет кылынат. Анткени, эки далилди жамдаштырып амал кылуу анын бирөөсүн жокко чыгаргандан жогору турат. Эгер, экөөнүн ортосун жамдаштырууга ылаажы табылбаса, анда, катий далилге амал кылынат. Зонний далили дираят жагынан четке кагылат, анткени, анын санады сахих. Эгер, санады зоиф (алсыз) болсо, анда, ал зоиф болгондугу үчүн четке кагылат.
  • Кадар жөнүндөгү далилдер:

Аллах Таала айтат:

﴿وَكَانَ أَمْرُ اللَّهِ قَدَراً مَقْدُوراً﴾

«Аллахтын иши өлчөнүп ченелеген (тагдырланган, кадарланган)»                             [Ахзаб 38]

Бул жердеги قدرا (кадарланган) сөзүнүн мааниси – эзелтен тагдырланган иш. مقدورا (макдуура) сөзүнүн мааниси – анын болушу шек-күмөнсүз иш экендигин билдирет. Башкача айтканда, ал тагдырланган иштин болушу анык, шек-күмөнү жок.

Аллах айтат:

﴿ومَا يَعْزُبُ عَنْ رَبِّكَ مِنْ مِثْقَالِ ذَرَّةٍ فِي الْأَرْضِ وَلا فِي السَّمَاءِ وَلا أَصْغَرَ مِنْ ذَلِكَ وَلا أَكْبَرَ إِلا فِي كِتَابٍ مُبِينٍ﴾

«Асман жана жердеги бир да кыпындай иш, андан кичинеси да, чоңу да Роббиңден сырткары калбайт. (Бардыгы) ачык китепте (жазылган)»                                                          [Юнус 61]

﴿عَالِمِ الْغَيْبِ لا يَعْزُبُ عَنْهُ مِثْقَالُ ذَرَّةٍ فِي السَّمَاوَاتِ وَلا فِي الأَرْضِ وَلا أَصْغَرُ مِنْ ذَلِكَ وَلا أَكْبَرُ إِلا فِي كِتَابٍ مُبِين﴾

«Жерден жана өзүңөрдөн (өзүңөргө) жеткен мусибат Биз аны жарата электен мурда китепке (жазып койгонбуз), бул иш Аллахка жеңил»                                                                [Хадид 22]

  • Ошондой эле, кадар (тагдыр) же Лавхул Махфузда жазылгандыгы боюнча хадистер келген:

Абу Хурайра  Gдан: Пайгамбар A мага айтты:

«جَفَّ الْقَلَمُ بِمَا أَنْتَ لاَقٍ»

«Сен тушуга турган иштердин калеми кургаган». (Бухарий риваяты). Башкача айтканда, сен тушуга турган иштер эзелтен эле жазылган… Умар G Пайгамбар Aга Жабрейил uдын келиши жана  Ислам ыймандан сурашы жөнүндөгү хадисте: Жабрейил u айтты: «Мага ыймандан кабар берчи». Пайгамбар A айтты:

«أَنْ تُؤْمِنَ بِاللَّهِ وَمَلائِكَتِهِ وَكُتُبِهِ وَرُسُلِهِ وَالْيَوْمِ الآخِرِ وَتُؤْمِنَ بِالْقَدَرِ خَيْرِهِ وَشَرِّهِ»

«Аллахка, Анын периштелерине, китептерине, элчилерине, Кыямат күнүнө, тагдырдын жаманына жана жакшысына ыйман келтиришиң». (Муслим риваяты). Башкача айтканда, Аллах тагдырдын жаманын жана жакшысын махлуктарды жарата электен мурда тагдырлап койгон… Жаабир G айтты: Пайгамбар A айтты:

«لاَ يُؤْمِنُ عَبْدٌ حَتَّى يُؤْمِنَ بِالْقَدَرِ خَيْرِهِ وَشَرِّهِ حَتَّى يَعْلَمَ أَنَّ مَا أَصَابَهُ لَمْ يَكُنْ لِيُخْطِئَهُ وَأَنَّ مَا أَخْطَأَهُ لَمْ يَكُنْ لِيُصِيبَهُ»

«Пенде тагдырдын жаманына, жакшысына ыйман келтирмейинче, жана ага жете турган мусибат ага сөзсүз жетишин, ага жазылбаган мусибат ага жетпешин билмейинче, ал ыймандуу боло албайт». (Тирмизий риваяты).

Абу Аббас Абдуллах бин Аббас Gдан айтты: Бир күнү Пайгамбар Aдын артында турган элем. Пайгамбар A айтты:

«يا غُلاَمُ، إِنِّي أُعَلِّمُكَ كَلِمَاتٍ، احْفَظْ اللَّهَ يَحْفَظْكَ، احْفَظْ اللَّهَ تَجِدْهُ تُجَاهَكَ، إِذَا سَأَلْتَ فَاسْأَلِ اللَّهَ، وَإِذَا اسْتَعَنْتَ فَاسْتَعِنْ بِاللَّهِ، وَاعْلَمْ أَنَّ الأُمَّةَ لَوْ اجْتَمَعَتْ عَلَى أَنْ يَنْفَعُوكَ بِشَيْءٍ لَمْ يَنْفَعُوكَ إِلاَّ بِشَيْءٍ قَدْ كَتَبَهُ اللَّهُ لَكَ، وَلَوْ اجْتَمَعُوا عَلَى أَنْ يَضُرُّوكَ بِشَيْءٍ لَمْ يَضُرُّوكَ إِلاَّ بِشَيْءٍ قَدْ كَتَبَهُ اللَّهُ عَلَيْكَ، رُفِعَتْ الأَقْلامُ وَجَفَّتْ الصُّحُفُ»

«Эй бала, мен сага бир сөздөрдү үйрөтөм. Аллахты эске тут, Аллах сени сактайт. Аллахты жадыңда сакта, Аны алдыңдан табасың. Эгер сурасаң, Аллахтан сура. Эгер таянсаң, Аллахка таян. Билгин, эгер сага бир жамаат адам биригип келип, сага пайда беребиз дешсе, сага Аллах жазган гана пайданы бере алышат. Эгер, сага биригип келишип, бир зыян жеткиребиз дешсе, сага Аллах жазган гана зыянды жеткире алышат. Калемдер көтөрүлгөн, барактар кургаган». (Тирмизий риваяты).

  • Эми, бир риваятта дуа казаны кайтарат деп келген, бир риваятта кадарды кайтарат деп келген эки хадиске келебиз:
  • Хаким Мустадрак китебинде эки шейхтин шартында сахих хадис риваят кылган: Ибн Аббас G Савбаан Gдан Пайгамбар A айтты:

«إِنَّ الدُّعَاءَ يَرُدُّ الْقَضَاءَ»

«Дуа казаны кайтарат». Дагы бир риваятта Хаким Абдуллах бин Аби Жаъдан Савбаан Gдан айтты: Пайгамбар A айтты:

«لَا يَرُدُّ الْقَدَرَ إِلَّا الدُّعَاءُ»

«Кадар бир гана дуа менен кайтарылат». Хаким айтат: «Бул хадистин иснады сахих. Эки шейх муну риваят кылбаган».

  • Кадар тууралуу келген, айрыкча, катий далалат кылган аяттар каралып чыкса, бул далилдерден асман-жердеги бардык нерселер тагдырлап жазып коюлгандыгы ачык-айкын түшүнүлөт. Бул барлыкта болгон жана боло турган нерселердин бардыгын Аллах жарата электен мурда эзелтен эле жазып тагдырлап койгон. Ошондой эле, Аллах тагдырлап жазып койгон нерсе шек-күмөнсүз болот, андан качып кутулуу мүмкүн эмес. Башкача айтканда, тагдырды эч бир нерсе кайтара албайт.

Жогоруда айтылып өткөн эки хадистен «дуа кадарды кайтарат» же «каза дуа менен кайтарылат» деген хадистерден бир эле маани түшүнүлөт. Ошондуктан, бул жерде кадар тууралуу келген катий далилдер менен бул хадистердин ортосунда карама-каршылык билдирген маани жаралып калат. Ошон үчүн, жогоруда айтылып өткөндөй, биринчи кезекте бул хадистер менен катий далилдердин ортосун жамдаштырууга аракет кылынат. Эгер, жамдаштыруу мүмкүн болбосо, хадис дираят жагынан четке кагылат…

  • Ушуга негизделип, бул маселени Аллахтын тафики менен төмөнкү негизде карап чыгабыз:

а)

«لَا يَرُدُّ الْقَدَرَ إِلَّا الدُّعَاءُ»

«Кадар бир гана дуа менен кайтарылат» деген хадистин негизги мааниси Лавхул Махфуздагы нерсени кайтарат дегенди түшүндүрөт. Эгер, мындай мааниде болсо, хадис дираят жагынан четке кагылат. Анткени, Лавхул Махфуздагы жазылып тагдырланган нерсе шек-күмөнсүз анык болот, андан качып кутулуу да мүмкүн эмес жана аны эч ким, эч нерсе кайтара албайт. Ал карама-каршы да келбейт. Башкача айтканда, Лавхул Махфуздагы нерсе өчпөйт. Ушуга негизделип, эгер, хадис менен катий далилдердин ортосун жамдаштыруу мүмкүн эмес болсо, хадис дираят жагынан четке кагылат. Катий далилге амал кылынат, анткени, кадарланган нерсе сөзсүз түрдө болот аны эч ким, эч нерсе кайтара албайт. Бирок, хадисти дираят жагынан четке кагуудан мурда катий далил менен зонний далилдин ортосун жамдаштырууга болгон аракетти жумшоо важиб. Анткени, эки далилге тең амал кылуу анын бирин жокко чыгаруудан жакшы.

б)   Усулда сөздүн негизги маанисинен тосо турган карина жаралса, анда, сөздүн өтмө (каймана) маанисин колдонууга аракет кылынат. Бул жерде хадистеги сөздүн негизги маанисин колдонууга тоскоолдук жаратып жаткан нерсе – жогоруда айтылып өткөн катий далилдер. Ошондуктан, тилдик мааниге карата каймана маанини колдонуунун бул жерде мүмкүндүгү бар. Хадистеги каза жана кадар сөздөрүнүн каймана маанисинен тийгизген таасир (кесепет) түшүнүлөт. Башкача айтканда, себебди айтуу менен мусабабды максат кылуу. Мисалы, «Жамгырдан жер көгөрдү» деп айтканың сыяктуу. Себебден (жамгырдан) мусабабды максат кылдың (жер көгөрдү.) Бул жерде да «кадар» дегендеги өтмө маани андан келип чыккан натыйжа кесепет көздөлгөн. Бул учурда хадистеги маани кадарды же казаны кайтаруу эмес. Балким, анын кесепетин кайтаруу түшүнүлөт. Мисалы, момун адамга каза тагдырланган иш түшсө, ооруп калса, же баласын жоготсо, же соодада зыянга учурап калса ж.б.у.с. иштерде бул жерде дуа бул нерселердин кесептин кайтарат. Али Gдан риваят кылынды: Пайгамбар A мага витрде кунут дуасындагы сөздөрдү айтышымды үйрөттү:

«اللَّهُمَّ اهْدِنِي فِيمَنْ هَدَيْتَ… وَقِنِي شَرَّ مَا قَضَيْتَ…»

«Аллахым, Өзүң хидаяттагандардын арасында мени да хидаятта… Өзүң тагдырлаган нерсеңдин жамандыгынан сакта…». Эгер, момун адам Аллах ага тагдырлаган нерсенин жамандыгынан сактоону Аллахтан сурап көптөн көп дуа кылса, Аллах ага тагдырланган иштин кесепетин жеңилдетип, ага сабыр кылууга жардам берет. Ага тагдырланган нерсенин жетишине карабастан, андан кийинки жашоосунун жакшы уланып кетишине өбөлгө берет. Башкача айтканда, тагдырланган нерседен жеңил желпи өтүшүнө Аллах жардам берип, кудум анын дуасы казаны кайтаргандай эле түр жаралып калат. Канчалаган адамдар тагдыр сыноосуна кабылып сабыры сынып кеткендери бар. Канчалаган адамдар тагдыр сыноосуна кабылып, тили Аллахты эстөө жана бул тагдыр сыносунан жамандыгынан Аллахтан коргоо тилеп дуа кылуу менен нымдалып, тагдыр сыноосунан жеңил өтүп кеткендер бар. Кудум анын дуасы казаны кайтаргандай түр жаратып анын кесепетин кайтарат.

Хадистен ушул маани түшүнүлөт. Башкача айтканда, каза бул анык боло турган шек күмөнү жок иш. Бирок, момун ыклас жана чын жүрөктөн дуа кылуусу анын кесепетин кайтарат. Тактап айтканда, аны жеңилдетип, ага сабыр кылууга, аны көтөрүп кетүүсүнө Аллах жардам берет жана андан ары жашоосу жакшы уланып кетишине өбөлгө берет. Ушунун баары Аллахтын Лавхул Махфузунда жазылган, Аллах Өзү аны эзелтен билген жана тагдырлаган. Башкача айтканда, Лавхул Махфузда бул пенде ушундай мусибатка же жакшылыкка тушугат деп эзелтен тагдырланган. Бул пенде анын жамандыгынан Аллахтан коргоо тилеп, Ага дуа кылат  Аллах ага жардам берип, ага сабыр кылуусун жеңилдетип, андан жеңил өтүшүнө жардам берет деп да жазылган. Дуа кылуусу казанын кесепетин кайтарып кудум казаны кайтаргандай түр жаралат.

Менин басымдуу көз карашымда хадис ушундай мааниде түшүнүлөт, Аллах билүүчү жана өкүмдар.

  • Буга кошумча билип койо турган дагы кошумча маанилүү нерсе бар:

а)   Менин «Тайсиирул вусуул илал усуул» аттуу китебимде минтип келет:

Дуанын кабыл болушу кадардагы, же Лавхул Махфуздагы, же Аллахтын илиминдеги нерсени өзгөртүү дегенди түшүндүрбөйт. Башкача айтканда, Аллах пендесинин дуа кылаарын билген эмес деген маани келип чыкпайт. Балким, Аллах эзелтен махлуктарды жарата электен мурда билген. Кадар бул Аллахтын илими, тактап айтканда, барлыктагы бардык нерсе жаратыла электен мурда Лавхул Махфузда жазылган. Аллах баланча пендесинин дуа кылаарын да жана анын дуасы кабыл болушун да Лавхул Махфузга жазып койгон. Дуа Аллахтын илиминде же Лавхул Махфуздагы жазылган нерседе жаңы бир нерсени пайда кылбайт. Ошондой эле, дуанын кабыл болушунда да жаңыча бир нерсе пайда болбойт. Балким, бардык нерсени, гайыбды билүүчү зат Аллах эзелтен пендеси эмне айтарын, эмне кыларын билген. Бардыгы эзелтен жаратыла электен илгери жазылган. Пендесинин кандай дуа кыларын да Аллах кандай болсо, ошондой кылып жазып койгон. Ошондой эле, анын дуасына Аллах  кандай кааласа, ошондой кабыл болоору да эзелтен жазылган. Дуа жана анын кабыл болушу Аллахтын илиминен тышкары эмес. Балким, дуа да, кабыл болушу да, бардыгы Лавхул Махфузда үтүр, чекитине чейин жазылган. Аллах гайыбды да, гайыб эмести да билүүчү зат.

﴿لَا يَعْزُبُ عَنْهُ مِثْقَالُ ذَرَّةٍ فِي السَّمَاوَاتِ وَلَا فِي الْأَرْضِ

«Аллахтан асман жана  жердеги заррачалык (кыпындай) да нерсе тышкары эмес»      [Сабаъ 3]

б)   Мухамад Хусейн Багавий (хижрий 516-жылы көз жумган) өзүнүн «Сүннөт шархы» китебинде мындай дейт: Бизге Абдул Ваахид бин Ахмад Малхидий айтты, Абдуллах бин Аби Жад Савбаан Gдан айтты: Пайгамбар A айтты:

«لا يَرُدُّ الْقَدَرَ إِلا الدُّعَاءُ»

«Кадар бир гана дуа менен кайтарылат». Айттым: «Абу Хатим Сижистаний айткан: «Пенденин ар дайым дуа кылуусу ага келген казаны жеңилдетет, кудум аны кайтарганы сыяктуу…».

в)   Хасан Нуриддин Мулла Харвий Кориге (хижрий 1014-жылы көз жумган) таандык «Мишкаати масабих» китебинин шархы болгон «Миркати мафаатиих» китебинде келген:

««لا يَرُدُّ الْقَدَرَ إِلا الدُّعَاءُ «Каза бир гана дуа менен кайтарылат» деген сөздө каза бул анык боло турган кайтарымсыз тагдырланган иш… же казаны кайтаруу дегендеги негизги маани – анын жеңилдетүү көздөлгөн, кудум ал болбой калган сыяктуу…».

Ушул жетиштүү деп ойлоймун, бүткүл ааламдардын Роббисине  мактоолор болсун.

                                                                                                      16робиул-аввал, 1441-х.

                                                                                                              13ноябрь, 2019м.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here