Ибн Салман Расулуллахтын ﷺ сүннөтүн бекер кылып, Каззафийдин «сүннөтүн» жандантууда

197
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Ибн Салман Расулуллахтын ﷺ сүннөтүн бекер кылып, Каззафийдин «сүннөтүн» жандантууда

Хизб-ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмү Сауд Арабия канзадасы Мухаммад ибн Салман мактанып жаткан «2030-жыл үчүн Саудиянын көз караштары» долбоорун каралады. Хизб-ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмү бул тууралуу жарыялаган билдирүүдө ушуларды баса белгиледи: «Бул капиталисттик экономикалык көз караш кыйроо үстүнө курулган, Ибн Салман бул долбоор аркылуу өз өкүмдарлыгын бекемдөөнү көздөп жатат. Капиталисттик экономикада нефть Умматтын мүлкү болуп эсептелбейт. Бул экономика арам салыктарды салууга о.э. «сауддаштыруу» урааны астында саудиялык болбогондордон баш тартууга негизделген. Албетте, долбоордо Умматты бөлүп жарган Сайкс-Пико келишми улууланган. Бул «2030-жыл үчүн Саудиянын көз караштары» эки Харам Шарифтин өлкөсүн жана Араб чөлүн кафирлердин саякаты үчүн ачып берүүдө, негизи, муну Расулуллах ﷺ арам кылган».

Билдирүүдө дагы мындай делет: «Ибн Салман муътадилдик деген нерсени шылтоолоп, кафирлерге гана ылайык келген мыйзам чыгарып калбастан, мурун жашыруун болуп келген илманийликти коомдо ачыктан-ачык бекемдөө үстүндө иштеп жатат. Мына, жакында ал катъий ачык мутаватир нусус (Куръан тексти) болмоюнча мамлекет тарабынан жаза колдонулбайт деп ачык айтты. Бул, Расулуллах ﷺдын сүннөтүн бекер кылып, Расулуллах ﷺдын сүннөтүн бекер кылган Каззафийдин «сүннөтүн» киргизүүнүн башталышы.

Ибн Салман бул долбоорду ишке ашырууга шарт даярдады. Т.а. кожоюну Американы ыраазы кылуу үчүн уламалардан болгон мусулман даъватчыларга каршы күрөшүп, аларды камакка алды».

Билдирүүнүн соңунда мусулман Хижаз калкына мындай кайрылуу жасалды: «Аллах Таала силердин өлкөңөрдү эки Харам Шариф о.э. рисалалар ичинде бүткүл адамзатка түшүрүлгөн акыркы рисалат себептүү азиз кылды. Демек, аракетке келип, мындай мункарды кайтаргыла о.э. мындай ыплас иштердин алдын алгыла, антпесе, бардык адашуу, бузукулук ар бириңердин үй-бүлөңөргө кирип барат жана анда кеч болот. О.э. Роббиңер ыраазы болуучу маъруфка буйруп, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты кайра тикелөө менен азиздигиңерди жана улуулугуңарды кайра тикелегиле».

 Роя гезити, №341, 2021-жыл, 2-июнь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here