Махмуд Хаббаш алсыз Фалестин мамлекетине аракет кылып, Умматтын ойгонуп жатканынан кооптонууда

182
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Махмуд Хаббаш алсыз Фалестин мамлекетине аракет кылып, Умматтын ойгонуп жатканынан кооптонууда

Фалестин казылар казысы Махмуд Хаббаш «акылы жайында болбогон баскынчы мамлекеттин мубарек Акса мечитин, Куддустагы диний жана исламий ыйык жайларды тебелеп-тепсөө менен Куддус шаарындагы абалды диндер ортосундагы согушка айлантып жатканынан» этият болууга чакырды. Эгер, дүйнө аралашып, баскынчыларды тыйып койбосо, абал диндер ортосундагы согушка багытталып жатканынан, бул абал баарына кымбатка түшөрүнөн, согуш Фалестинди эле эмес, бүткүл дүйнөнү камтышынан эскертти.

Хаббаштын мындай билдирүүсүнө карата Хизб-ут-Тахрир–мубарек Фалестиндин маалымат бөлүмүнүн мүчөсү устаз Халид Саид Хизбдин Борбордук маалымат бөлүмүнүн радиосуна мындай деди: «Осло тарабынан жасалган режимдин казылар казысы Махмуд Хаббаш Фалестиндеги күрөштү бурмалап көрсөтүүгө урунуп жатат. Ал дүйнөнү Исламдан жана Умматтын ойгонуп жатканынан коркутуп, өзүн дүйнөнүн тынчтыгын сактоочу кылып көрсөтмөкчү. Негизи, яхудийлерге каршы күрөш акыйдага жана баскынчылыкка байланыштуу күрөш деген чындыкты ал башкаларга караганда жакшыраак билет. Ырас, Аллах Тааланын Китеби жана Расулу ﷺдын хадиси о.э. Исра сүрөсү адамдардын оозунда айтылып жаткан соң, бул чындыкты жалгандар менен жашырып болбойт». Хаббаш Ислам колдонулмайынча жана мусулман армиялары аракетке келтирилип, Аллах жолунда жихад кылынмайынча Фалестин маселеси таптакыр чечилбешин да билет».

Түшүндүрмөнүн соңунда устаз Халид мындай дейт: «Бүгүн Уммат улуу нусрат күнүн көрүүгө, Ислам мамлекети тикеленип, Аллахтын өкүмдөрү колдонулушуна жана Халифалыкта жашоого ынтызар болуп турат. Халифалык мамлекети мусулмандардын бытырандылыгына чекит коюп, саптарын бириктирип, Акса мечитин азат кылат. Ал эми, Хаббаш колонизатор эл аралык күчтөргө жалбарып, ушул колонизаторлор уруксат берген гана көлөмдөгү мүмкүнчүлүккө ээ болгон күчсүз Фалестин мамлекетин тикелеп берүүнү суранып жатат жана да Исламдан, Умматтын ойгонуп жатканынан коркутуу аркылуу ошол мамлекеттерден акча алууга урунуп жатат».

 

Роя гезити, №341, 2021-жыл, 2-июнь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here