Жарандык мыйзамда каралган укукту талап кылуу

239
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيم

Суроожооб

Жарандык мыйзамда каралган укукту талап кылуу

Суроо:

Жарандык мыйзамда жумуш берүүчү кол алдындагылардын акы укуктарын сактоого милдеттендирилген. Бирок, кээ бир учурда жумуш берүүчү мыйзамды аткаруудан качат. Кризис жана жумуш берүүчүлөрдүн ач көздүгү себептүү жумушчулардын укуктары бузулат. Азыркы учурда жумушчу акы укугун бир гана жарандык мыйзам аркылуу талап кыла алат. Эгер, жумушчу өзүнүн укугу бузулуп жаткандыгын көрсө, куфр мыйзамы (жарандык мыйзам) негизинде өз укугун талап кылса болобу?

Робхий Абу Муаз.

Жооб:

Ассаламу алайкум рахматулоохи уа баракаатуху.

Сен жумушчу өз укугун мыйзамда каралган негизде талап кылуусу тууралуу өкүмдү сурап жатасың.

Анын жообу төмөнкүдөй: өз укугун талап кылуу же зулумду жоюу абалы шарий негизде жайиз, башкача айтканда, анын укугу бузулгандыгы же зулум тарткандыгы шарий негизде тастыкталган болсо. Тактап айтканда, анын укугу бузулгандыгы же зулум тарткандыгы шарият мыйзамы тарабынан каралган болсо. Шарията каралбаган акы укуктуу талап кылуу шариятка туура келбейт. Эгер, жумушчу шариятта каралбаган, бирок, жарандык мыйзамда каралган укукту талап кылса, аны талап кылуусу жайиз болбойт. Эгер, жумушчу талап кылып жаткан укугу жарандык мыйзамда каралган болуп, ошондой эле, ал шариятка туура келген болсо, аны талап кылуусу мүмкүн.

Мисалы: акыйкат сөздү айтканы үчүн түрмөгө камалып зулум тарткан учурда… Исламда акыйкат сөздү айткан корголот, ал түрмөгө камалуудан корголуп, түрмөдөн чыгарылат. Ошондуктан, мындай абалда зулумду жоё турган, түрмөгө түшүүдөн коргой турган мыйзамдарга кайрылуу жайиз.

Мисалы: буюмун уурдаткан адам. Ислам анын уурдалган малын кайтарып берет. Ошондуктан, ал уурдалган малын кайтарып бере турган мыйзамга кайрылса  жайиз.

Мисалы: бир адам үйүн бөлүп-бөлүп төлөө шарты менен сатса, сатып алган адам акчанын бир бөлүгүн берип, калган бөлүгүн төлөөдөн баш тартса. Ислам сатуучунун акысын сатып алуучудан алып берет. Ошондуктан, мындай учурда да сатуучу сатып алуучудан акчасын кайтарып алып бере турган мыйзамдарга кайрылса болот.

Ошондой эле, жумуш берүүчү менен жумушчу ортосундагы келишимдин негизинде белгилүү бир айлыкка келишип, кийин жумуш берүүчү жумушчунун айлык акысынан кемитсе. Мындай учурда Ислам жумуш берүүчүгө жумушчунун айлыгын толук төлөп берүүнү милдеттендирет. Ошондуктан, жумушчу айлыгын толук алуу үчүн анын укугун коргогон мыйзамга кайрылса болот.

Башкача айтканда, мындай учурларда анын укугу шарий жактан каралган укук болуп саналат. Ошондуктан, ал шарий жактан тастыкталган  укугун коргогон мыйзамдарга кайрылса болот. Ал эми, жарандык мыйзамда каралган укук шариятка туура келбесе, аны талап кылуу жайиз эмес.

Мисалы: ким шарий жактан батыл келишим болуп саналган акционердик коомдун акционери болсо, акционерлер ортосунда пайданы бөлүштүрүү учурунда анын үлүшү ал ала турган үлүштөн аз болгондугун көрсө, анда, ал бул учурда сотко кайрылышы жайиз эмес. Анткени, ал талап кылып жаткан укук жарандык мыйзамда каралган укук жана ал шариятка каршы келет. Анткени, бул компания жана андагы пайда табуу шариятта каралган эмес, ал шарий жактан батыл болуп эсептелет. Мусулман адам мындай компаниялардан чыгып кетүүсү важиб.

Мисалы: пайыздык (сүткордук) негизде пайда табуу үчүн банка акча салган адам. Ал банктан акчасын алган учурда банк ага келишилген негиздеги пайыздык пайда акысын бербей, андан аз кылып берсе, бул учурда ал өз укугун талап кылып сотко кайрылуусу жайиз эмес. Анткени, анын укугу жарандык мыйзамда каралган болсо да, ал шариятка каршы келет, ошондуктан, ал мындай учурда өз укугун талап кылып соттошуусу жайиз эмес. Жарандык мыйзамда ал сүткордук банктардан өз акы укугун талап кылуусу каралган болсо да, ал шариятка туура келебейт, анын  бул укугу шариятта каралган эмес. Башкача айтканда, сүткордук жолу аркылуу пайда табуу шариятта харам. Ошондуктан, сүткордук банктар менен иш алып баруу алакасын токтотуу – ар бир мусулманга важиб.

Корутундулап айтканда, жумушчунун жарандык мыйзамда каралган акы укугу Шариятка каршы келбеген акы укук болсо, бул учурда жумушчу өз акы укугун коргогон мыйзамдарга кайрылса болот. Ал эми, жумушчунун жарандык мыйзамда каралган акы укугу шариятка туура келбестен, каршы келсе, анда, бул учурда жумушчу укугун талап кылып сотко кайрылуусу жайиз эмес. Анткени, бул шариятка тескери келген акы укук.

Жооб түшүнүктүү болду деп ойлоймун. Аллах билүүчү жана өкүмдар.

                                                                                                              29-шаъбан, 1442-х.

3-апрель, 2020-ж.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here