2010-жылкы июнь каргашасы тууралуу

227
0

2010-жылкы июнь каргашасы тууралуу

Биздин башыбызга күлпөт жаадырып жаткан улуттар аралык же чегара жаңжалдары болгондо, эл аралык жана жергиликтүү саясат ээлери тарабынан абдан көп билдирүүлөр берилет жана ар кандай иш-чаралар алып барылат. Бирок, ошол билдирүүлөр жана иш-чаралар окуянын чыныгы акыйкатын бурмалоодон жана өз кызыкчылыктарына буруудан турат.

Ушул жаатта “Ош окуясына” байланыштуу жашырылган айрым акыйкаттарды кыскача тизмелей кетебиз.

  1. Кандуу калабаны кимдер баштаган?

Адамдар арасына от жагууну россиялык офицерлер жана жалданма башкесерлер ишке ашырган. Окуя учурунда россиялык офицер жана жалданма снайперлер айрым жарандар тарабынан колго алынып, бийлик өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилген. Бирок, кийин алар ың-жыңсыз жоголуп, алар тууралуу эч кандай укуктук иш-чаралар көрүлбөгөн, ал тургай, алар жөнүндө маалыматтар да адамдар эсинен атайлап өчүрүп жиберилген. Бул тууралуу ошондогу Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаровдун айтканы бар. Кандуу кагылышты Россия генералдары уюштургандыгы тууралуу мурунку президент А. Атамбаевдин айтканы да бар.

  1. Комиссиялар жана алардын максаттары эмне эле?

Кагылыш учурунда Женевада БУУнун кезектеги Кеңеши болуп, анда резолюция кабыл алынган. Ушунун алкагында Кыргызстанда окуяны иликтөө боюнча бир нече комиссиялар иш алып барган.

А) Улуттук комиссия. Ошондо президент Р. Отунбаева Улуттук комиссиянын иштеши тууралуу жарлык чыгарган. Комиссиянын чыныгы максаты, окуяны Россия уюштурганын жаап-жашыруу, элди буга “улуттар аралык чыр-чатак” деп ишендирүү болгон о.э. муну менен Россиянын жаңы бийликти колдоп-кубатташына салым кошуу болгон.

Б) Эл аралык комиссия. Эл аралык комиссиянын иши, негизинен, окуяны Россия уюштурганын ачуу менен, Россия колонизаторлугуна сокку уруу болгон. Мындан Кыргызстандагы жаңы бийлик батышчыл болушуна көмөк көрсөтүү көздөлгөн. Ошондуктан, анын иши АКШ, БУУ, ЕС жана башка Батыш уюмдары тарабынан колдоого алынган.

В) Парламенттик комиссия. Окуяны Россия уюштурганын жаап-жашыруу о.э. Батыштын кийлигишүүсүн сүрүп чыгаруу үчүн уюшулган, ошондуктан да, бул комиссия эл аралык комиссиянын жетекчисин “персона нон-грата”га айландырган. Мындан сырткары, ички саясатта жаңы оппозиция катары жаңы бийликти алсыратуу да көздөлгөн, анткени, ошол кездеги парламенттеги көпчүлүк депутаттар жаңы бийликти тааныгысы келген эмес.

  1. “Ош окуясынын” башкы оюнчусу ким болгон?

“Ош окуясынын” башкы оюнчусу Россия болгон. Максаты Өзбекстанды ОДКБ тузагына илинтүү болгон.

  1. Окуяны ишке ашыруучу ким болгон?

Окуяны Кыргызстандын ошондогу жаңы бийлиги б.а. Убактылуу өкмөт ишке ашырып берген. Анткени, Россиянын бул бийликти таанышы жана колдоп-кубатташы ушуга байланыштуу эле.

Ал эми калган окуялар ушул негиздерден келип чыккан деталдар болуп эсептелет.  (Архивден алынды)

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here