Кыргыз-тажик чек арасында абал кайрадан чыңалууда

243
0

Кыргыз-тажик чек арасында абал кайрадан чыңалууда

Кыргызстан менен Тажикстан чек арасындагы абал чыңалууда, Тажикстан тарапта техника жана аскерлер топтолуп жатканы байкалууда. Бул тууралуу УКМКнын чек ара кызматы билдирди.

Кабарларда келишинче, 4-июнда таңга маал тажик аскерлери Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак деген жердеги тактала элек жерге контейнер орното баштаган жана Кыргызстандын аймагына 1000 метр ичкери кирип келген.

 Кыргызстандын чек ара кызматы: “Кыргыз-тажик чек арасында абал чыңалып турат. Ал жерде тажик аскерлери, автомашиналар жана жеңил брондолгон техника топтоло баштаганы байкалууда”, – деп кабарлады.

 Комментарий: Дагы кайрадан чек ара жаңжалы, дагы кайрадан эки мусулман өлкө ортосунда келишпестик, дагы кайрадан расмий бийликтер бири-бирин айыптап, нааразылык ноталарын тапшыруусу, дагы кайрадан чек ара аймактарында жашаган мусулмандар бири-биринен кооптонуп, качан куралдуу кагылыш башталышын күтүп жашашы…  Мындай абал качанкыга чейин уланат?

 Кыргыз өкмөтү тажик тарапты тактала элек аймакта контейнер орнотуп алгандыкта айыптап жаткан болсо, тажик тарап аскерлери макулдашылган аймакта турганын билдирүүдө. Бул окуяда көңүл бурууга арзый турган маанилүү нерсе, тажик тарап Унжу-Булак аймагында контейнер орнотушунун алдында Россиянын таасирдүү “Аргументы и факты” басылмасы кыргыз-тажик чек арасында дагы бир куралдуу жаңжалдан качуу кыйын экендигин жазып чыкты. Басылма “3 миллион качкын күткүлө”, “кыргыз-тажик согушу Россияга кандай коркунуч жаратат?” деген аталышта көлөмдүү макала жарыялады. Макалада кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал “Өрүк кыргыны”, “Сөгүштүк, таркап кеттик”, “Орустарга жашаганы кетебиз” деген үч бөлүктө чагылдырылган. Макалада чек арада дагы кайрадан кагышуу болору баса белгиленген.

…“ Мурдагы мамилени эми калыбына келтире албайт. Кыргыздар тажиктердин үйүнө жакын басып барышпайт, кошуналары менен сүйлөшпөйт. Мага бардык жерде чоң согуштун алдындагы ок дары жыттанды. “АиФке” аталган өлкөлөрдүн бириндеги орусиялык дипломатиялык булагыбыз билдиргендей, эки тараптан тең акырындык менен оор техникалар тартылууда, мындан улам оор аскердик аракеттерден кача албагандай туюлду. Кыргыз өлкөсү бул окуяга намыстанып калды жана “жооп берүүгө” чаңкап турат, ал эми Тажикстандын бийлиги “кичинекей жеңиштик согуш” менен өздөрүнүн абалын жакшыртууга каршы эмес”, – деп жазылган макалада…

Апрелдин аягындагы кыргыз-тажик чек ара жаңжалы Россиянын уруксаты жана көзөмөлү астында болгону жашыруун сыр болбой калды.

 Россия үчүн Борбор Азияда таасирин сактап калуунун бирден-бир жолу – бул аскерий кубаттан пайдалануу. Ал өзүн региондогу “тынчтыктын кепилдиги” катары көрсөтүүгө олуттуу аракет кылууда. Ал эми “тынчтыктын кепилдиги” болушу үчүн региондо тынымсыз жаңжалдар жана келишпестиктер болуп турушу керек. Россия андай абалды Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жасалма жол менен пайда кылып келет. Региондогу малай жетекчилер болсо анын айтканы менен болуп, диндеш эки калк ортосунда душмандык пайда болушуна салым кошууда. Ортобузда ушул колонизатор мамлекеттер тарабынан белгиленген жасалма чек аралар жана акимдер турган кезде, эч качан бул көйгөйлөрдөн кутула албайбыз. Алар каалаган убакта бул маселеден өз кызыкчылыгы жолунда пайдаланышып, жаңжал жана көйгөйлөрдү пайда кыла беришет. Биз болсо бири-бирибизге душмандыктан кутула албай, негизги душманга каршы күчүбүздү бириктирүүнүн ордуна бири-бирибиз менен жаңжалдашып жүрө беребиз.

 Биз мусулмандар колонизатор кафир мамлекеттерден жана алардын колундагы куурчак акимдерден т.а. өз калкынын кызыкчылыгы менен келечегин кожоюндарынын планы үчүн курмандыкка чалууга даяр болгон акимдерден кутулмакчы болсок, анда өз акыйдабыздан келип чыккан түзүмдү жашоого колдоно турган Ислам мамлекетин тикелешибиз керек. Ислам мамлекети гана колонизатор кафирлер ортобузга тартып берген жасалма чек араларды жок кыла алат. Ислам мамлекети гана бизди исламий боордоштук негизинде бириктирип, бири-бирибизден кооптонуп жашообузга чек коёт.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here