Мисир, Саудия, Түркия, Иордания жана Сирия режимдеринин стратегиялык милдеттери – яхудий вужудунун коопсуздугун камсыздоо

193
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Мисир, Саудия, Түркия, Иордания жана Сирия режимдеринин стратегиялык милдеттери – яхудий вужудунун коопсуздугун камсыздоо

Бейруттагы Мисир элчилигинин алдында өткөрүлгөн демонстрацияда Хизб-ут-Тахрир–Ливан вилаятынын маалымат бөлүмүнүн төрагасы доктор Мухаммад Ибрахим сөз сүйлөп, Фалестин калкына нусрат берүү шарт экенине этибарды каратты. Демонстрация аяктаган соң, Хизб-ут-Тахрир–Ливан вилаятынын борбордук алакалар комитетинин мүчөсү мухандис Билал Зайдан Мисир элчилигинин аскерий атташесине кат тапшырды. Катта мындай делген: «Мисир, Саудия, Иордания, Түркия жана Сириянын о.э. Фалестинге кошуна башка режимдердин стратегиялык милдети яхудий вужудунун коопсуздугун камсыздоо, Исламга жана ага даъват кылып жаткандарга каршы күрөшүү болуп келген, дагы эле ошондой болуп калууда. Мына, Мисир режими яхудий вужудун коргоо үчүн Газаны качандан бери блокадада кармап турат?! Ал Газага жана Фалестинге нусрат-жардам бербеген, бербейт дагы. О.э. Уммат маселелерине таптакыр кайгырбайт. Фалестин калкы Батышка арзан сатылган акимдердин жана жетекчилердин көңүл айтышына муктаж эмес. Тескерисинче, Уммат армиясындагы, өзгөчө, изгилик сыфатына ээ кошуун эсептелген Кинана армиясындагы калыс перзенттерине муктаж. Бул изгилик сыфатына Сайкс-Пико чегараларына ыраазы болбой, шерменде мусулман режимдерине жана малай акимдерге итаат кылуу кишендерин талкалап, яхудийлерди жок кылуу үчүн аракетке келген армия гана ылайык. Негизи, мындай жетекчилерге итаат кылып, Фалестин калкын жардамсыз таштап коюу эч качан жаиз эмес. Аллах Таалага күнөөкөрдүк кылып жаткан, Умматты бөлүп, бытыранды кылып, душмандын кызыкчылыгына жана пайдасына аракет кылып жаткан кимселерге итаат кылынбайт. Мусулмандар Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык астында биригишмейинче Фалестинди азат кылуу мүмкүн эмес».

 

Роя гезити, №340, 2021-жыл, 26-май.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here