Хизб-ут-Тахрир жигиттеринин бири Крымда баскынчы орустар колунда шейит болду!

179
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Хизб-ут-Тахрир жигиттеринин бири Крымда баскынчы орустар колунда шейит болду!

Түркияда чыккан «Түптөн өзгөрүү» журналында айтылышынча, Россия Федералдык кызматынын күчтөрү Крым жарым аралында Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрүнүн бири Наби Рахимовдун үйүнө бастырып киришкен… Кийин «камакка алууга каршылык кылды» деген шылтоо менен аны атып салышкан! Крымдагы адвокаттар Федералдык күчтөр Рахимовдун үйүнө эрте менен саат алтыда бастырып киришкенин жана аны алгач кыйноого алышканын, кийин өлтүрүшкөнүн баса белгилешүүдө. Бирок, орус Федералдык кызматы ушул убакка чейин «камакка алуу убагында каршылык кылды» деген шылтоо менен жасалган кылмышты жашырууга урунууда. Бул баскынчы орус күчтөрү Наби Рахимовду өлтүрүү жана ага эч бир адам ишенбеген айыптарды коюу менен чектелбестен, маркумдун аялы менен эки уулунун депортация кылынышын талап кылды. Россия баскынчылыгы астындагы Симферополь аймагынын соту Рахимовдун үй-бүлөсүн Өзбекстанга депортация кылынышынан мурда убактылуу камакта сактоо борборунда кармоо жөнүндө токтом чыгарды.

 Роя гезити, №340, 2021-жыл, 26-май.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here