Ташиев: мурдагы президенттер да жоопко тартылышы мүмкүн
Кумтөр алтын кенин иштетүүдөгү коррупцияга байланыштуу жүргүзүлүп жаткан сотко чейинки териштирүү алкагында Кыргызстандын мурдагы президенттери да жоопко тартылышы мүмкүн. Бул тууралуу 2-июнда Жалал-Абадда иш сапарында жүргөн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.
“Ал жерде көптөгөн мурдагы премьер-министрлер, спикерлер бар. Депутаттар, мамлекеттик чоң кызматта иштегендер бар. Керек болсо, мүмкүн, биз кээ бир мурда иштеп кеткен президенттерди да жоопко тартабыз. Себеби алардын түздөн-түз тиешеси бар”, – деди Ташиев.
Эске салсак, Кумтөр долбоорун ишке ашыруунун ар кыл этаптарындагы коррупция боюнча кылмыш иши тергелип, мекеме аралык топ шектүүлөрдү аныктоо ишин жүргүзүп жатат. Ошондон бери бир катар мурдагы жана азыркы депутаттар, жетекчилер камакка алынууда. Алардын катарында Экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов, экс-спикер Асылбек Жээнбеков, депутат Төрөбай Зулпукаров менен мурдагы депутаттар Исхак Пирматов жана Талантбек Узакбаев бар. Ошондой эле мурдагы өкмөт башчылар Игорь Чудинов менен Темир Сариев күбө катары көрсөтмө берип чыкты.
Тергөөнүн маалыматына ылайык, Кумтөргө байланыштуу иштер түрдүү багытта жүрүүдө. Алар: Жаратылыш ресурстарына байланыштуу мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана башка бир топ кызмат адамдары, депутаттар коррупция үчүн айыпталып жаткан иш; Жети-Өгүз райондук администрациясы айыл чарба жерлерин бөлүп берүүдө 390 миллион сомдук зыян келтиргени боюнча иш; Салык кызматы менен Социалдык фонд аркылуу мамлекетке түшпөй калган 1,5 миллиард сом боюнча иш; “Кумтөр Голддун” жетекчилеринин экологияга келтирилген зыяны боюнча чечимдерине байланыштуу иштер.
“Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” берүүсүндө бүгүнкү бийликтин Кумтөргө байланыштуу чечкиндүү кадамга барып, улутташтырууга карай багыт алганын колдой турганын билдирди. Ошондой эле акыркы чуулгандуу кармоолорду эл аралык сотко даярдык менен байланыштырды.
14-майда Жогорку Кеңеш өлкөдөгү эң чоң алтын кенди казган “Кумтөр Голд Компаниге” сырттан башкаруу киргизген. 17-майда Бишкектин Октябрь райондук соту “Кумтөр Голд” компаниясын Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 млрд 719 млн 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген. Ал арада “Centerra Gold” компаниясынын президенти жана башкы аткаруучу директору Скотт Перри Кыргызстандын элине кайрылуу кат жолдоду. Анда Перри кыргыз бийлиги менен кенди иштетүүнүн жолдорун ачык талкуулого даяр экенин белгилеген.
31-майда “Кумтөр Голд” жана “Кумтөр Оперейтинг” компаниялары Нью-Йорктун Түштүк округу боюнча сотуна кайрылган.
Белгилей кетсек, Кумтөр – Кыргызстандагы эң чоң алтын кен. Аны АКШнын Канадада катталган “Центерра Голд” компаниясы иштетет. Учурда Кыргызстандын андагы үлүшү 26%ды түзөт.
Комментарий:
Кумтөр иши боюнча камоолор бул кен боюнча түзүлгөн комиссиянын жыйынтыгынан кийин башталды. Комиссиянын жетекчиси Акылбек Жапаров Кыргызстан кенди улутташтырууга барбай турганын жана айрым мыйзам бузуулардын акысына 261 млрд 719 млн 674 миң сом кенемте төлөтүү максат кылынып жатканын билдирди. Ошондой эле Кыргызстан эл аралык сотто утулуп калуусуна да даярдык көрүлөөрүн айтты.
Мындан белгилүү болгондой, Кыргыз бийлигинин Кумтөр маселеси боюнча кылып жаткан иштери көбүрөөк коомчулукта аброй топтоого багытталып, маалыматтык күрөштө алдыга чыгып алууга багытталып жатат. Анткени, алтын кенди улутташтырып же басып алуу дүйнөлүк саясатка сокку болуп, ага биздин бийликтин батынуусу азырынча мүмкүн эмес. Анткени, Кумтөр сыяктуу майлуу жердеги колонизаторлук саясат дүйнөнү төрт бурчундагы 3-дүйнө өлкөлөрүндө жүргүзүлүп жатат. Демек, бийликтин бул багыттагы аракеттери империалисттердин басымдарына кабылып калбоого негизделет. Антпесе эл аралык сотто жана Кыргызстандын мындан аркы тышкы саясаты оор кесепеттерге учурашы талашсыз.
Ал эми ички саясатта, бийлик камоолор аркылуу алдыдагы шаардык жана парламенттик шайлоолордо оппоненттерин сындырууну же соодалашууну көздөп жатат. Мунун аркасынан бюджеттин кемчиликтерин толтуруу да максат кылынат.
Түпкүлүгүндө, кен байлыктар жалпы элдик мүлк болуп, шарият аны жамаат биргеликте пайдалануусун талап кылат. Ага жеке адамдын, же компаниянын, же мамлекеттин ээлик кылышына тыюу салынат.
Демек, алтын кендер элдик мүлк болуп, ага жеке адамдын же мамлекеттин ээлик кылышы таптакыр мүмкүн эмес. Мамлекет анын идара иштерин гана жүргүзөт. Ал эми чет элдик каапыр колонизаторлордун стратегиялык аймактарды иштетүүсү таптакыр мүмкүн эмес. Тескерисинче, Исламда алтын кендерди иштетүү милдети мамлекетке берилсе да, андан түшкөн пайда толугу менен калктын муктаждыгын кандыруу үчүн аларга бөлүп берилет!
Мумтаз Маверанахрий