Жапаров менен Путин чек ара маселесин талкуулады

182
0

Жапаров менен Путин чек ара маселесин талкуулады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-майда, Сочи шаарында Россиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту. Жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалы жана келечектеги багыттары, интеграциялык бирикмелердин алкагында өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу пландары талкууланды.

Путин өз сөзүндө кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды өтө тынчсыздануу менен байкап тургандыгын баса белгиледи.

«Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы курч маселелерди чечүү үчүн бизден көз каранды болгон нерселердин бардыгын жасайбыз. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы көйгөйлөрдү чечүүдө эки тараптын кызыкчылыгына тең жооп бере турган узак мөөнөттүү жолду табышыбыз керек”, – деди Путин.

Өз кезегинде Жапаров Владимир Путинге кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга көңүл бөлүп, кам санагандыгы жана Кыргызстан элине көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

          Белгилүү болгондой, 28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 34 кыргызстандык набыт болуп, 178 киши жараат алган. Ал эми, тажик тарап 16 киши каза болуп, 90у жараат алганын билдирген.

Бул окуялардын жүрүшүндө провакациялык аракеттер Орусия тараптын кураторлугу астында болгону ачылып калды. Маселен, тажик тараптын күч түзүмдөрү алдын ала даярдыкта болуп, чек арадагы калкты көчүрүшкөн. Бул аракеттерден Кыргыз бийлигинин чек араларды 100% тактоо иштерине сокку болгону, Орусия Тажик тараптын сабында турганы көрүнүп турду. Орусиянын мындай позициясына Кыргызстандын Өзбекстан менен жакын алакасы жана ГЭС, темир жол долбоорлорун Орусиясыз баштоо аракеттери себеп болду.

Путиндин жогорудагы сөзүнөн дагы бир жолу тастыкталгандай, Борбор Азиядагы чек ара маселелери Орусиянын кызыкчылыгына ылайык чыгарылып, анын каалоосуна ылайык токтотулуп турат. Муну менен ал Батыштын кирип келүүсүн алдын алып, өзүнүн аймактагы таасирин сактап калууну каалайт. Ал эми Жапаровдун сөзүнөн бийлик мындан ары этияттык менен кадам таштоо үчүн «тообо» келтиргени көрүнүп турат. Антпесе, Орусия аюу чеңгел саясатын жүргүзөөрүн жакшы билет. А бирок, Жапаров ыңгайлуу учур келгенде Батыш менен кызматташууга кадам ташташы да күтүлөт.

Өкүнүчтүүсү, Кыргызстандын саясий чөйрөсү өлкөнүн өнүгүүсү Орусия же Батыш аркылуу гана болот деп эсептегендиктен, 3 жолу бийлик алмашса да эч кандай өзгөрүү болбой келет. Түпкүлүгүндө, мусулмандардын өнүгүүсү өз Исламын бекем кармаган мамлекетти тикелөө менен гана болот. Мына ушул мамлекет жасалма чек араларды ачып таштап, бүткүл мусулмандардын акы-укугун коргоп берет. Алардын мал-мүлкүн тоноп, акы-укугун тебелеп жаткан колонизаторлорду кууп чыгат!

Мумтаз Маверанахрий 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here