Садыр Жапаров Владимир Путин менен жолугушту

296
0

Садыр Жапаров Владимир Путин менен жолугушту

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 24-майда Россиянын Сочи шаарында Россиянын президенти Владимр Путин менен жолугушту.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлагандай, иш сапардын алкагында президент Садыр Жапаров  Россиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.Анда эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, Кыргызстан менен Россия ортосундагы байланыштарды кеңейтүүнүн келечегин талкуулоо пландаштырылган.

 “Регионалдык коопсуздукту, анын ичинде ЖККУ, КМШ жана ШКУнун алкагындагы коопсуздукту камсыз кылуу кызыкчылыгында өз ара аракеттенүүгө, ошондой эле евразиялык экономикалык интеграцияны тереңдетүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулат.”, – деп айтылат кабарда.

Мындан тышкары, тараптар коронавирус пандемиясына каршы көрүлүп жаткан чараларды, Кыргызстанга Россия вакциналарын жеткирүүнү талкуулоо пландаштырылган.

 Комментарий: Садыр Жапаров да президенттикке шайланган соң, мурдагы президенттер сыяктуу эле, алгачкы расмий сапарын Москвадан баштаган. Адаттагыдай эле ал сапардан Россия гана пайда көрдү. Ошол сапардан кийин “Жерүй” алтын кени Россияга “кошколдоп” тапшырылды. А бирок, Жапаров сапардын алдында убада кылган газдын баасын арзандатуу маселеси жана башка маанилүү маселелер чечилбей кала берди. Бгүнкү күнгө чейин кыргыз калкы 1000 кубометр газ үчүн 220 доллардан төлөп келет. Ал тургай, былтыр пандемия себептүү дүйнөлүк базарда газдын баасы түшүп кеткен кеткен убакта да Кыргызстанда газ арзандаган жок. “Газпром” убада кылган газдаштыруу иштери да карапайым калктын эсебинен ишке ашырылууда. Үйүнө газ түшүрмөкчү болгон адам газ түтүгүнөн баштап дубалга кагыла турган мыкка чейин алып берүүдө. Мындан тышкары, Жапаров Путин менен жолугуп келгенден кийин мектептерде окуучу кыздардын жоолугу кайрадан козголду.

 Бул жолку жолугушууда Путин Жапаровго кыргыз-тажик чек арасындагы проблемаларды чечүүдө жардам берүү үчүн бардык аракеттерди көрө турганын билдирди. Россия чек ара маселесинде кандай жардам бергенине кечээ жакында эле күбө болдук. Россия башчылыгындагы ЖККУ, ШКУ же ЕАЭБ менен мамилени күчөтүү кулдук кылууну ого бетер бекемдөөгө гана кызмат кылат. Ушундай болгон соң, Жапаровдун кезектеги сапарынан да элибизге пайдалуу өзгөрүүнү күтүү орунсуз.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here