بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
﴿يُرِيدُونَ أَنْ يَتَحَاكَمُوا إِلَى الطَّاغُوتِ وَقَدْ أُمِرُوا أَنْ يَكْفُرُوا بِهِ﴾
«Алар шайтанга өкүм сурап барууну каалашат. Акыйкатта болсо, аларга ага ишенбөө буйрулган эле»
Тунис президенти Кайс Саид 2021-жылы 6-апрель күнү Хабиб Буркибанын мүрзөсүн зыярат кылды. Зыярат учурунда ал: «Мен Тунис конституциясын урматтоого Куръан менен ант ичкем», – деди. Андан соң, Кайс Саид Буркибаны мактап, турмуштун бардык тармагында коомду жана аң-сезимди эркиндикке алып чыкканын айтып, мындай деди: «Мен мусулманмын жана Исламым менен сыймыктанамын. Ар бир мусулман Ислам максаттарын ишке ашырууну каалайт. Аллахка ыйман келтирдим деп, кийин оңдолот. Бирок, айрымдар бүтүндөй динсиздикке кайтууну каалап жатышат».
Хизб-ут-Тахрир–Тунис вилаятынын маалымат бөлүмү жарыялаган билдирүүдө мындай делет:
«Исламды жашоодон четтеткен динсиз конституцияны урматтоого ант ичүү Аллахтын дининде күнөө болуп эсептелет. Президент Саид Ислам менен сыймыктанышын айтты, ошол эле учурда, Исламга каршы күрөшкөн мурунку президент Буркибаны мактады. Бул болсо, Ислам менен сыймыктанамын деген сөзүнө бүтүндөй тескери…
Ислам – жашоо үчүн кеңири көлөмдүү түзүм. Ал жеке адамга гана тиешелүү өкүмдөр да эмес, адамдын нафси-каалоосу менен айгинелей турган максаттар да эмес».
Билдирүүдө ушул суроо ортого салынды:
«Ислам өкүмдөрү жашоодо жок болуп, анын шарияты динсиздик мыйзамдарына алмаштырылган болсо, кантип «Аллахка ыйман келтирдим деп, кийин оңдолот» деш мүмкүн?!».
Билдирүүнүн соңунда мындай делет:
«Тунис калкы 2010-жылы «калк режимди кулатууну каалайт» деген ураанды көтөрүп чыккан. Мындан ачык-айкын көрүнүп тургандай, алар өз акыйдасынан келип чыккан жаңы башкарууну каалашууда, кайрыисламий башкаруудан т.а. «элдик республикалык» башкаруудан кутулууну каалашууда. Аллах Таала айтат:
﴿أَلَمْ تَرَ إِلَى الَّذِينَ يَزْعُمُونَ أَنَّهُمْ آمَنُوا بِمَا أُنْـزِلَ إِلَيْكَ وَمَا أُنْـزِلَ مِنْ قَبْلِكَ يُرِيدُونَ أَنْ يَتَحَاكَمُوا إِلَى الطَّاغُوتِ وَقَدْ أُمِرُوا أَنْ يَكْفُرُوا بِهِ وَيُرِيدُ الشَّيْطَانُ أَنْ يُضِلَّهُمْ ضَلالا بَعِيداً﴾
«Өздөрүн сага түшүрүлгөн нерсеге жана сенден мурда түшүрүлгөн нерселерге ыйман келтирген деп эсептеген кимселер шайтанга өкүм сурап барууну каалап жатышканын көрбөдүңбү, акыйкатта болсо аларга ага ишенбөө буйрулган эле. (Себеби) шайтан аларды бүтүндөй жолдон азгырууну каалайт» [4:60]».
Роя гезити, №335, 2021-жыл, 21-апрель.