Дания өкмөтү сириялык качкындарды өлүмгө кайтууга мажбурлоодо

190
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Дания өкмөтү сириялык качкындарды өлүмгө кайтууга мажбурлоодо

Дания сириялык качкындарды өз өлкөсүнө кайтарууга даярдык көрүп, алардын жашоо укуктарын бекер кылуу жөнүндө токтом кабыл алды. Бул токтомго Дамаскта «коопсуздук абалы жакшыргандыгын» шылтоолошту. Даниянын миграция министри Маттиас Тесфайенин айтымында, анын мамлекети мурун сириялык качкындарга жашоо үчүн убактылуу уруксат берилгенин айткан. Ошентип, Дания сириялык качкындарды жашоо укугунан ажыраткан биринчи Европа мамлекетине айланды. Данияда жашап жаткан сириялык качкын Акрам Батхиш жашоо укуктары бекер кылынгандыгы жөнүндөгү кабарды угары менен кокусунан жүрөгү кармап каза болду.

Роя:

Бул кабар Сирияда болуп жаткан согуш Ислам жана мусулмандарга каршы эл аралык кресттүүлүк согуш экендигин дагы бир ирет далилдеди. Умматтын Сириядагы козголоңун муунтуу жана Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалык мамлекети тикеленишине жол бербөө күрөшүндө чоң-кичине бүткүл дүйнө мамлекеттери бирикти. Бул кылмышкерлер дүйнөсү бул күрөшкө Иран жана анын хизби, Россия, Түркия, Саудия жана башка эл аралык жана регионалдык бардык каражаттарын жумшашууда, ыплас акчаларын жөнөтүшүүдө. Мына, Дания бүгүн Сирия качкындарын канкор режимге тапшырмакчы, негизи, алар ушул канкордун кыргындарынан, камактарынан, кыйноолорунан жана жарылуучу бочкаларынан качып келишкен эле. Бул адамзатты маскаралап күлгөн көз караштын дал өзү. Бул көз караш бүткүл Европа Союзундагы качкындар саясатын айгинелейт. Европанын либерал маданияты ондогон жылдардан бери гуманизм жана адам укуктары деген нерсени маска кылып келген. Бирок, учурда ал жарылып-бөлүнүп, анын ахлаксыздыгы жана текчилдиги баарына ачыкталып калды.

 

Роя гезити, №335, 2021-жыл, 21-апрель.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here