1-май: кимге кандай

242
0

1-май: кимге кандай

Тарыхый маалыматтардан 1-майды майрамдоо байыркы дүйнөдө эле болгонун кезиктиребиз. 3000 жыл мурун байыркы Италия калкы “түшүмдүүлүк кудайы” Майеге сыйынышкан жана жаздын акыркы айынын алгачкы күнүндө ага арналган ырым-жырымдарды өтөп, оюн-зоок уюштурушкан. Ушундан улам да бул ай “май” аталып калган. Герман жана славян элдеринде 1-май Валпургия түнүнө байланыштуу болуп, ал түнү алар “май дарагын” жасалгалашкан жана анын айланасында түн өткөрүшкөн. Кийин Европа калкы Аллахтын динин кабыл алышты, бирок, аны бузушуп христианчылык динин пайда кылышты. Ошондон соң, 1-майды белгилөө христианчылык түсүн алып, “ыйык үчтүк күнү” майрамына айланды.

Алгачкы орто кылымдар дээрлик христианчылык доору болду. Ортоңку орто кылымдарда коммерциялык капитализм христианчылыкты сүрүп баштап, соңку орто кылымдарда өнөржайлашкан капитализм христианчылыкты жеңип чыкты. Христианчылык зулумунан кутулган калк, эми капитализм зулумуна тутулду. Жаңы доордо демократияга жамынган капитализм өкүм сүрүп калды. Өнөржайлашуу жана империализм себептүү жумушсуздук күч алып, адамдар – аялдар жана балдар да – күнүнө 12-15 саат иштөөгө макул боло турган болушту.

1886-жылы 1-майда, АКШда анархисттер 8 сааттык жумушчу күнүн о.э. эмгек акыны көбөйтүүнү талаб кылып, забастовка уюштурушту. Иш-чарага 350 000 жумушчу катышты. Эң көбү Чикагодо чогулуп, 40 миң адам чыкты.

Забастовкадан кийин, Чикагодо McCormick Harvesting Machine Company 1 500 жумушчуну иштен айдады. Буга кыжырданган жумушчулар 2 күндөн кийин дагы чыгышты. Полиция күч колдонуп, 4 адам өлүп, ондогон адамдар жаракаттанышты. Буга каршылык билдирип, 4-майда миңдеген адамдар – алардын катарында аялдар жана балдар да бар – кайрадан митингге жыйналышты. 10 саат бою нөшөрлөгөн жамгыр астында турушту. Эми таркарда, бир провакатор полицияга каршы бомба ыргытты. 8 полиция өлүп, 50сү жарадар болду. Өз кезегинде полиция да аламанга каршы ок жаадырды. Ондогон демонстранттар өлдү. Кийин бийликтин куугунтук иш-чаралары алкагында 8 адам асууга өкүм кылынды. Анын үчөөсүнүкү кийин 15 жыл каторгага алмаштырылды.

Мына ушул демонстрация курмандыктарына арнап, 1889-жылы июлда II Интернационал (социалисттик интернационал)дын Париж конференциясы 1-майды бүткүл дүйнөлүк жумушчулардын тилектештик күнү деп жарыялады. Алардын акыйдасынан келип чыгып, бул күн жумушчулардын акы-укуктарын талап кылуучу демонстрациялар уюштуруу күнү болуп калды.

Падышалык Россия доорунда 1-майда, мурунку мушрик-христианчылык аралашмасынан калыптанган майрам катары, пикниктер уюштурулар эле жана алар маёвка деп аталган. Анткени, анда Россияда капиталисттик түзүм колдонулган. Капитализм демократия чүмбөтүнө жамынганы менен, анын чыныгы жүзү пайдапарастык. Ошондуктан, капиталисттер калкты зулумга каршы чыгуудан алаксытуу үчүн, мына ушундай иш-чаралардын көп болушуна шарт жаратып турат. Мунун каршысында, социалисттер Россияда да ири көлөмдөгү стачкалар уюштуруп турган жана бийлик тарабынан куугунтукка алынышкан. Ошондуктан, алар шаар сыртына маёвкага чыгымыш болуп, 1-майда жашыруун жолугушуулар өткөрүшкөн. Ошондуктан, бул иш-чаралар да “маёвка” аталып калган.

1917-жылкы февраль революциясынан кийин 1-майда, биринчи жолу жумушчулар “Жоголсун капиталист министрлер”, “Империалисттик согуштар токтотулсун” деген лозунгдар менен ачык чыгышты.

Октябрь революциясынан кийин, 1-май РСФСРде расмий майрам болуп калды.

“Өнүккөн социализм” доорунда, коммунисттик акыйдадан келип чыккан тарыйкатка ылайык, СССР боюнча, бүткүл дүйнө жумушчуларын капиталисттерге каршы революцияга үндөөчү демонстрациялар өтөр эле. Союз фикрий төмөндүккө кулаганда, анын калкы 1-майдын идеологиялык маанисин деле түшүнбөй калышты. Ошондуктан, бул күндү көңүл ачуу күндөрүнө айландырышты. 1990-жылкы 1-май социалисттик маанидеги акыркы демонстрация болуп калды.

Союз кулап, Россия капиталисттик системага өткөндөн кийин, бул күн “Жаз жана эмгек майрамы” деп аталды. Ал кайрадан адамдарды капиталисттердин зулумунан алаксытуучу бир иш-чара болуп калды. Башка союздук республикаларда да ушундай болду. Алардын ичинен 1-май Кыргызстанда “Эмгек күнү” деп аталып, ар жылы майрамдала турган болду.

Жогорудагылардан маалым болгондой, 1-май мушриктик жана христианчылык тамырын жоготуп, учурда социалисттик жана капиталисттик көз караштардан келип чыгып майрамдалып жүрөт. Ал эми Кыргызстан калкы мусулман болушуна карабастан, 1-май бийлик тарабынан майрам кылып белгиленип, адамдар муну майрамдап жүрүшөт. Анткени, бир кездерде мусулмандар да фикрий төмөндүккө кетип, фикрий байлыгын жоготуп алышкан. Азыр дагы деле бул баткактан чыга албай келишет. Ал тургай, учурда көпчүлүк адамдар туура фикрлей албай калган. Нафистерине жаккан нерселерине алданып жүрүшөт. Лекин, ошол нафистери күткөн нерселер да болбойт. Мисалы, 1-майды эмнеге майрамдайсың деп сурасаң, “жөн эле көңүл ачыш үчүн” деп жооп берет. А чынында көңүлү деле ачылбайт, анткени, турмушу кыжалат кылып турат. Майрамга акчаны каяктан табат, бүгүн майрамдап койсо, эртең эмне болот?.. Үстүнөн капитализм эзип турат. Аялдар 16 сааттап тигүү цехтеринде иштешет. Миллион адам эмгек миграциясына кеткен. Балдар араба түртүп жүрөт. Бирок, карызга болсо да акча таап, майрамдап жүрүшөт…

Муну империалисттер жана алардын малайлары абдан жакшы түшүнүшөт. Ошондуктан, майрамдатып-тайраңдатып коё берет. Себеби, адамдар канчалык жакыр болсо, ошончолук алардын бутуна жыгылышат, адамдар канчалык фикрий төмөн болсо, ошончолук көз каранды болушат. Туура идеологияны таба алышпайт.

Биз мусулман болгондон кийин, бул 1-май маселесине да мусулманча карашыбыз керек. Биз Ислам акыйдасын кабыл алганбыз. Ал акыйда Аллах айткандай, Пайгамбар көрсөткөндөй жаша дейт. Демек, биз Куран жана Сунаттан сахих ижтихад аркылуу истинбат кылынган шаръий өкүмдөргө амал кылышыбыз важиб. Шарият жайиз деген майрамды майрамдап, башкасын ташташыбыз лазым. Ошондуктан, Исламыбызды үйрөнүп, өз фикрий байлыгыбызды табалы. Социалисттерге сокурларча ээрчибей, капиталисттерге аңкоолорчо алдана бербей, шариятыбызды карманалы. Ал эми, “акы-укуктарды талаб кылуу” маселесине келсек, шариятыбыз акы-укуктарыбыздын баарын баяндап берген жана аларды талаб кылуунун тарыйкатын да көрсөтүп койгон. Ошондуктан, булардын баары шарият талабындай болууга тийиш.

(Архивден алынды)

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here