Казино – кумар, кумар болсо – харам

292
0

Басма сөз баянаты

Казино – кумар, кумар болсо харам

21-апрелде парламент Ысык-Көл областынын аймагында кумаркана жайларын ачууга урухсат берген мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. 68 депутат колдоп, 23ү каршы добуш берди. Жаңылыш добуш бергендердин кайра добушка коюу сунушу колдоо тапкан жок. Кийин президент мыйзамга колдоо көрсөткөн билдирүү таратты. Мунун каршысында мусулман адамдын позициясы кандай болушу керек?

Ар бир мусулман адам кайсы бир ишке кадам коёрдо анын шаръий өкүмүн билиши фарз. Ошондуктан, алгач кумар оюндары жаатындагы шарият өкүмүн баяндамакчыбыз.

Кумар Аллах Тааланын төмөнкү аяты менен катьий арам кылынган:

﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِنَّمَا الْخَمْرُ وَالْمَيْسِرُ وَالْأَنْصَابُ وَالْأَزْلَامُ رِجْسٌ مِنْ عَمَلِ الشَّيْطَانِ فَاجْتَنِبُوهُ لَعَلَّكُمْ تُفْلِحُونَ * إِنَّمَا يُرِيدُ الشَّيْطَانُ أَنْ يُوقِعَ بَيْنَكُمُ الْعَدَاوَةَ وَالْبَغْضَاءَ فِي الْخَمْرِ وَالْمَيْسِرِ وَيَصُدَّكُمْ عَنْ ذِكْرِ اللَّهِ وَعَنِ الصَّلَاةِ فَهَلْ أَنْتُمْ مُنْتَهُونَ﴾

«Эй момундар, хомр (мас кылуучу ичимдик ичүү), майсир (кумар ойноо), буттар (т.а. аларга сыйынуу) жана таякчалар (т.а. таякчалар менен төлгө кылуу) шайтандын амалынан болгон арам иштер. Демек, нажат табышыӊар үчүн алардын ар биринен алыс болгула! Ичкилик, кумар себептүү шайтан араӊарга жек көрүү, душмандык салууну о.э. силерди Аллахты зикир кылуудан жана намаз окуудан тосууну гана каалайт! Эми токтоорсуӊар!»                                                                    [5:90-91]

Муну уккан сахабалар (р.а.) “токтодук, токтодук, я Роббим” деп жиберишкен.

«Майсир» сөзүнүн түп мааниси “жеңилдик”, “оңойлук” маанилерин түшүндүрөт. Демек, кумар оңой гана, жеңил жол менен бирөөнүн мүлкүнө ээ болуп алуу. Бардык кумар оюндары майсирге кирет.

Азыр президент баш болуп, айрым депутаттар төш болуп айтып жаткан “пайдалар”  кумарды арамдыктан чыгарып коё албайт. “Жумушчу орун түзүлөт, бюджетке киреше кирет” деген сөздөр эч кандай мааниге ээ эмес.

Жахилият доорунда кеңири таркалган кумар мындай болгон: Бир нече адам союла турган бир малдын баасын белгилеп, сатып алышкан. Андан кийин бир нече жебе жасап, ар бир жебеге белгилүү бир үлүштү билдирүүчү белгини коюшчу. Мисалы, бир жебеге бир үлүш, башка бир жебеге эки үлүш, үчүнчү жебеге болсо эч кандай үлүш жок кылып белги коюшар эле. Кийин жебелерди калтага салышчу. Анан бир адам калтага колун салып, андагы жебелерди эки же үч жолу аралаштырчу. Андан соң бир-бирден алып чыгып берчү. Ар ким кандай жебе чыкканына карай үлүш алчу. Эч кандай үлүш белгиленбеген жебе чыккан адам эч нерсе албас эле, бирок, союлган малдын акчасын төлөчү.

Утуштан кембагалдарга да берилер эле. Ал тургай, айрым кумарда уткан кишилер утуп алган эттеринен өздөрү жешпеген. Баарын кембагалдарга берип жиберишкен жана ушу иштери менен сыймыктанып басып жүрүшкөн. Мындай кылбагандарды айыпташкан дагы. Ошондой болсо-да, кумар харам кылынган.

Исламий мамлекетте кумар менен алектенген адамдар таъзирий жазага тартылат. Анткени муну менен, башкалар бу жазаны көрүп, ошо кылмышты кылуудан тыйылышсын. Мындан сырткары, кимде-ким кумар жолу менен мал тапса, ал анын мүлкү болуп эсептелбейт, ошондуктан, ээсине кайтарылат. Ээси белгисиз болсо, Байтулмалга коюлат.

Экинчи маселе, бул мыйзам долбоорунун мубарак Рамазан айында каралышы. Бул нерсе бийликтин кафир кожоюндарына корлорчо моюн сунуп, Исламга каршы күрөшүүнүн жаңы баскычына киришкенин айгинелеп турат. Бул мусулмандарды провокация кылуудан башка нерсе эмес. Ошондуктан, биз бийлик ээлерине эскертебиз:

Эй бийлик ээлери, силер мындай арам амалдарыңар жана арамза ниеттериңер менен кафир кожоюндарыңарды эч качан ыраазы кыла албайсыңар, кызматына жарабай калган күнү силерди түкүрүп таштайт. Ал эми, Аллахтын каарына каларыңар анык.

Алла Таала айтат:

)وَلَنْ تَرْضَى عَنْكَ الْيَهُودُ وَلَا النَّصَارَى حَتَّى تَتَّبِعَ مِلَّتَهُمْ(

 – «Жөөт жана насронийлер алардын динине кирмейинче, эч качан сага ыраазы болушпайт». [2:120]

Ушул орунда мусулман бир туугандарга да кайрыла кетмекчибиз. Эй мусулмандар, силердин ар бириңер – пикирий жана саясий күрөш алкагында – мындай арам амалга бар мүмкүнчүлүгүңөр менен каршы турушуңар важиб.

Расул алайхис салату вассалам мындай деди:

«إِنَّ اللهَ عَزَّ وَجَلَّ لا يُعَذِّبُ الْعَامَّةَ بِعَمَلِ الْخَاصَّةِ حَتَّى يَرَوْا الْمُنْكَرَ بَيْنَ ظَهْرَانَيْهِمْ وَهُمْ قَادِرُونَ عَلَى أَنْ يُنْكِرُوهُ فَلا يُنْكِرُوهُ فَإِذَا فَعَلُوا ذَلِكَ عَذَّبَ اللَّهُ الْخَاصَّةَ وَالْعَامَّةَ»

«Албетте, Аллах Азза ва Жалла жеке адамдын амалы себептүү элди азаптабайт. Качан алар өз араларында мункарды көрүп туруп, аны четке кагууга кудуреттүү болуп туруп четке кагышпаса, мына ошондо Аллах жеке адамды да, элди да азаптайт».

Эй мусулмандар, депутаттардын айрымдары намаз окуган, орозо туткан абалында ушул мыйзамга добуш беришти. “Светтик”мамлекетти, андагы кафирлер тыгыштырган “салттуу исламды” бетке кармап ушундай кылышты. А силер чыныгы Исламыңарда жүздөнүүнүн убагы келбедиби? Мына бийликтегилер ахыретин дүнүйөгө алмаштырып жатканын көрүүдөсүңөр. Арамга жол ачуу менен ачык күнөө кылууга батынышууда. Эми качанга чейин аларды “кудай” кылып жүрөсүңөр?

Адий ибн Хотим G айтат: «Мен Набий r алдына келгенимде ал киши «Бароат» сүрөсүндөгү мына бул аятты окуду

(#ÿrä‹sƒªB$#} öNèdu‘$t6ômr& öNßguZ»t6÷dâ‘ur $\/$t/ö‘r& `ÏiB Âcrߊ {«!$#

– «Алар Алланы коюп өздөрүнүн даанышмандарын жана рохибдерин кудайлар деп билишти».              [9:31]

Жана ал зат мындай деди:

«أَمَّا إِنَّهُمْ لَمْ يَكُونُوا يَعْبُدُونَهُمْ، وَلَكِنَّهُمْ كَانُوا إِذَا أَحَلُّوا لَهُمْ شَيْئاً اِسْتَحَلُّوهُ، وَإِذَا حَرَّمُوا عَلَيْهِمْ شَيْئاً حَرَّمُوهُ»

«Адамдар аларга ибадат кылышпаган, бирок, алар эмнени адал дешкен болсо ошол нерсени адал эсептешкен. Эмнени арам дешкен болсо, ушул нерсени арам эсептешкен».

Эй мусулмандар, өкүнүчтүүсү, бүгүнкү күнүбүздө буга окшогон мункарлардын санагына жете албайбыз. Алардын баарын жоюу үчүн, Ислам мамлекетин тикелөө аркылуу Исламий жашоону кайра алып келишибиз керек. Ислам Мамлекети болсо, фикрий-саясий күрөш алып баруу менен тикеленет. Ошондуктан, бул күрөшкө келип кошулгула!

Хизб ут-Тахрир – Кыргызстан маалымат бөлүмү

  1. 04. 2021

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here